
Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын
ТОКТОМУ
11-сентябрь, 2025-жыл. № 54 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамы жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамы менен таанышып жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптары так жана үзгүлтүксүз аткарылышы колго алынсын.
- Салтанаттуу иш-чаралар, коомдук тамактануу жана көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү мыйзамда белгиленген 22:00дөн кийинки тынчтык режимин бузбоо менен уюштурулушу көзөмөлгө алынсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “мыйзамдуулук адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков
Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын
ТОКТОМУ
11-сентябрь, 2025-жыл. № 55 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Большевик айылынын тургуну А.Сурановдун арызын кароо жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Большевик айылынын тургуну А.Сурановдун жеке турак жай салууга берилген 0,06 га жер тилкесинин 0,03 га аянтына азык-түлүк сатуучу дүкөн куруп калкты тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы идентификациялык коду 5060110020748 сандуу Султанов Жаныбай көчөсүнүн № 29 дарегинде жайгашкан Суранов Адилет Акматалиевичке жеке турак жай салуу үчүн берилген 0,06 га жер тилкесинин 0,03 га аянтына, азык-түлүк сатуучу дүкөн куруу жана жердин багытын калкты тейлөөгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү Өзгөн райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З.Кадырбеков

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын
ТОКТОМУ
11-сентябрь, 2025-жыл. № 56 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Какыр айылынын тургуну Аскаров Сайитмаматтын арызын кароо жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Какыр айылынын тургуну С.Аскаровдун жеке турак жай салууга берилген 0,08 га жер тилкесинин 0,08 га аянтына чакан иш кана куруп калкты тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылындагы идентификациялык коду 5060110030359 сандуу М.Кадыралиев көчөсүнүн № 40 дарегинде жайгашкан Аскаров Сайитмамат Адилбековичге жеке турак жай салуу үчүн берилген 0,08 га жер тилкесинин 0,08 га аянтына, чакан иш кана куруу жана жердин багытын калкты тейлөөгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү Өзгөн райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З.Кадырбеков

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын
ТОКТОМУ
11-сентябрь, 2025-жыл. № 56а Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл аймагына караштуу бала бакчаларга кошумча кошулган балдардын тамак-ашы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча атайын каражатка ата-энелер төлөмүнөн түшкөн 200,0 (эки жүз миң) сомго план алууга макулдук берилсин.
2. Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бала бакча бөлүмүнүн 2218 беренесине 200,0 (эки жүз миң) сом жумшалсын.
3.Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З.Кадырбеков
