
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 9 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2025-жылга иш планынын бекитүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши 2025-жылга карата айылдык кеңештин иш планнын бекитүү боюнча кеңири талкуулоонун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айылдык кенешинин 2025-жылга пландаштырылган иш планы бекитилсин.
( Тиркеме тиркелет 16 барак)
- Кара-Шоро айылдык кенешинин иш планында пландаштырылган маселелерди айылдык кеңештин сессияларына алып чыгуу. Айылдык кенештин тиешелүү туруктуу комиссияларынын төрагаларына жана айылдык кенештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрага: З. Кадырбеков
Кара-Шоро айылдык кеңешинин
2025- жылдын, 16-январындагы
№ 9 токтому менен бекитилди.
Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2025-жылга карата Иш планы
| № | Айылдык кеңештин сессиясында каралчу маселенин аталышы
|
Сессия өтчү күн | Каралчу маселелер тууралуу кыскача маалымат | Жооптуу адам, аткаруучу (адис, мекеменин, уюмдун жетекчиси) | Бул маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы | Жарандардын ЖӨБгө катышуусунун формасы («ЖӨБ жөнүндө» КР Мыйзамынын 19, 61, 63-беренелери) | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча АК кабыл алган чечим (тескеме, токтом);
|
| I квартал | |||||||
| 1. | Инвестицияларды жана гранттарды тартуу
|
Январь
|
Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жаатында эл аралык долбоордук уюмдар, донорлор, демөөрчүлөр менен жүргүзүлгөн иштер боюнча АӨ башчысынын (бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдарды, демилгелүү топтордун, жамааттардын – макулдашуу боюнча) маалыматын угуу. Зарыл болгон учурда мониторинг жана баалоо тобунун ишинин жыйынтыктарын угуу. | АӨ башчысы, бейөкмөт уюмдардын, коомдук уюмдардын жетекчилери (макулдашуу боюнча) жана башка кызыкдар адамдар. | Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Жарандардын, жарандык коомдун, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун, донорлордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Маселени карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат.
Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому (кабыл алынган учурда) жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. |
| 2. | Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
Февраль | 2024-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу. Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасын угуу.
Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда): – Жайыт пайдалануу үчүн акыны орнотуу тартиби жөнүндө жобо; – 2025-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планы; – Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын көлөмү; – жайыт жерлерин башка максаттарда пайдалануу үчүн акынын көлөмү. |
Жайыт комитетинин төрагасы, АӨ башчысы (же башчынын орун басары | Айыл чарбалыгы, айыл чарбасына кирбеген жерлердин пайдаланышы, жакынкы алыскы жайыттар боюнча
туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын, жайыт пайдалануучулардын жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу. |
| 3. | 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу
АӨ башчынын отчету |
Февраль | Айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу.
АӨ башчынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
|
АӨ башчысы | Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссия (айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясы боюнча аныкталган комиссия сессияда туруктуу комиссиянын корутундусу тууралуу баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт) | Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | 2024-жыл үчүн АӨ башчынын отчетун кабыл алуу. Айылдык кеңештин тескемесин кабыл алуу. |
| 4. | АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
|
Февраль | Келечекке пландын аткарылышы, АЖМФ жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу АӨ башчынын отчетун угуу.
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. АЖМФ жерлерин экономикалык жагымдуу жерлердин аймагынан түз берүү менен АА аймагында жашаган социалдык багыттагы субъекттердин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмесин карап чыгуу жана бекитүү (зарыл болгон учурда). АЖМФ жерлери боюнча Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү (зарыл болгон учурда). Жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилген АЖМФ жер участокторунун ижара акысын жана көлөмүн орнотуу. АЖМФ жерлерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасынан жерлерди жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткарууга багытталган каражаттын көлөмүн бекитүү (зарыл болгон учурда). |
АӨ башчысы, АЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын төрагасы | Айыл чарбалыгы, айыл чарбасына кирбеген жерлердин пайдаланышы, жакынкы алыскы жайыттар боюнча
туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу. |
| 5. | Муниципалдык менчикти башкаруу
|
Февраль | Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу.
Күчүнө кириши үчүн айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ал ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат. Муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча АӨ башчысын угуу. Бул маселе боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Төмөнкү долбоорлорду кароо жана бекитүү (зарыл болгон учурда): – Муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программасын; – Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; – Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программаларын; – Электрондук форматтагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону; – Муниципалдык менчикти камсыздандыруу жана тизмеден чыгарып салуу тартиби жөнүндө жобону ж.б. Муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдаланган башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү (зарыл болгон учурда). |
АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары) | Мыйдамдуулук, жаратылышты коргоо, закондуулукту сактоо, адам укугун коргоо жана үй-бүлөөлүк маселелер боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын, бизнес коомчулугунун, МжБ топторунун, демилгечи топтордун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга, АК ачык сессияларына катышуусу | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу жана аны ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу. |
| 6. | Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу | Февраль
|
Туруктуу комиссиянын төрагасын угуу, АӨ иш-чаралар пландары жөнүндө АӨ башчысынын орун басарынын (муниципалдык ишкананын жетекчисинин) маалыматын угуу:
– жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча, – жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча; – көчө жарыктарынын абалы жөнүндө, – жергиликтүү бюджеттин каражаттары, жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, жарык орнотууга багытталган гранттар, инвестициялар, демөөрчүлүк жана башка каражаттар боюнча. Ишембилик өткөрүү, сугат жерлерин тазалоо, калктуу конуштарга көчөттөрдү отургузуу ж.б. графиктери менен таанышуу. |
АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары (МИ жетекчиси) | Айыл чарбалыгы, айыл чарбасына кирбеген жерлердин пайдаланышы, жакынкы алыскы жайыттар боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары. | Айылдык кеңеш токтом кабыл алат |
| 7. | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу
|
Март | Тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча маалыматты угуу
– АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын, ТКЧ боюнча АӨ адисинин, МИ жетекчисинин), айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусу. Жергиликтүү бюджетте каражат болсо, каржылоо маселесин карап чыгуу. Таштандыны жыйноо, ташып кетүү үчүн тарифти карап чыгып, бекитүү. |
АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары, ТКЧ боюнча АӨ адиси, МИ жетекчиси), айыл башчы.
|
Социалдык маселелер боюнча (мектеп, ФАП, почта, таза суу, дүкөндөр, тейлөө органдары) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт) | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга айылдык кеңештин сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңештин токтомун кабыл алуу, жарыялоо жана аны ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу
|
| II квартал | |||||||
| 8. | Коомдук тартипти сактоонун абалы
|
Апрель | Коомдук тартипти коргоо жана мыйзам бузууларды болтурбоо маселелери боюнча 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:
– АӨ башчысын (АӨ башчысынын орун басарын), – Ички иштер бөлүмүнүн өкүлүн (участкалык милициянын- макулдашуу боюнча), – аксакалдар сотунун төрагасын, – укук бузуулар боюнча ЖӨБО комиссиясынын төрагасын; – бойго жете электердин иши боюнча комиссиянын төрагасын (макулдашуу боюнча), – Коомдук профилактикалык борбордун төрагасы (ОПЦ), – билим берүү мекемелеринин (мектептер, лицейлер, ПТУ, ЖОЖдор) жетекчилерин (макулдашуу боюнча); – Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасын, ААнын аймагында тартип бузууларды болтурбоо тууралуу программалардын долбоорлорун карап чыгуу жана бекитүү. |
АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары)
ИИБ жетекчиси (участкалык милиция), тартип бузуулар боюнча комиссиянын төрагасы, айыл башчы, аксакалдар сотунун төрагасы, бойго жете электердин иши боюнча комиссиянын төрагасы, элдик кошуундун төрагасы ж.б. |
Мыйдамдуулук, жаратылышты коргоо, закондуулукту сактоо, адам укугун коргоо жана үй-бүлөөлүк маселелер боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу. | Маалыматты уккандан кийин айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат, коомдук тартипти коргоого жана укук бузууларды болтурбоого багытталган тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча сунуштар берилет.
|
| 9. | Калктуу конуштарды ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) | Апрель | 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча элди ичүүчү жана сугат суу, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу маселелери боюнча маалыматты угуу:
– АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары), – калкты ичүүчү менен камсыз кылуу, калктуу конуштун ички ирригациясын, канализация системасынын жана тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишкананын жетекчисин; – айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы. Калктын сунуштарын эсепке алуу менен ичүүчү сууга, суугат сууга жана сууну тазалоо тарифти карап чыгуу жана бекитүү. Муниципалдык менчикте турган жана муниципалдык ишканага башкарууга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу менен жабдуу системасын жыл сайын оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат караштыруу. |
АӨ башчы (же АӨ башчысынын орун басары), муниципалдык ишкананын жетекчиси | Социалдык маселелер боюнча (мектеп, ФАП, почта, таза суу, дүкөндөр, тейлөө органдары) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
| 10. | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу
|
Апрель | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча маалыматты угуу:
– АӨ башчысынын (же АӨ башчысынын орун басарынын), – билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин (макулдашуу боюнча); – айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасынын. Жергиликтүү бюджетте каражат болсо каржылоо маселесин карап чыгуу. Спорттун улуттук жана башка түрлөрүн, ошондой эле ААнын аймагында массалык спортту ишке ашыруу жана өнүктүрүү программаларын карап чыгуу жана бекитүү. Массалык жана спорттун башка түрлөрү боюнча иш-чараларды өткөрүү графигин карап чыгуу. |
АӨ башчы (же АӨ башчысынын орун басары), айыл башчы, билим берүү мекемелеринин жетекчилери (макулдашуу боюнча). | Социалдык маселелер боюнча (мектеп, ФАП, почта, таза суу, дүкөндөр, тейлөө органдары) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | Айылдык кеңеш токтом (же тескеме) кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат (ЧУА кабыл алынган учурда) жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат.
|
| 11. | 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу
|
Май | Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен, 2025-жылга аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасын кароо жана бекитүү | АӨ башчысы, АӨ башчысынын орун басары, ФЭБ башчысы ж.б. | Социалдык маселелер боюнча (мектеп, ФАП, почта, таза суу, дүкөндөр, тейлөө органдары) туруктуу комиссия өзүнүн бардык корутундуларын жалпылаштырат жана айылдык кеңештин сессиясында бирдиктүү корутунду катары баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт) | Жарандардын, БӨУ, коомдук уюмдарынын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | 2025-жылга АСЭӨ жана калкты социалдык жактан коргоонун Программасын бекитүү жөнүндө АК токтому кабыл алынат, жарыяланат, күчүнө кирет, ЧУА реестрине кошулат. |
| 12. | Айылдык кеңештин депутаттары өз округундагы шайлоочуларга отчет беришет, шайлоочулардын суроо талаптарын аткарышат | Май | Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чаралардын Планын жана графигин карап, бекитүү.
АӨ башчысына ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине шайлоочулар менен жолугушууну графикке жана Иш-чаралар планына ылайык уюштуруу, жолугушууларды өткөрүү үчүн жайларды бөлүп берүү, шайлоочуларга жолугушуу өтчү убактысы жана орду жөнүндө кабар берүү, ошондой эле депутатка шайлоо округунда отчет берүүгө көмөкчү болгон башка чараларды көрүү. Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуу. Шайлоочулардан түшкөн сунуштар, даттануулар жана арыздар боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу.
|
АӨ башчысы, этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы | Мыйдамдуулук, жаратылышты коргоо, закондуулукту сактоо, адам укугун коргоо жана үй-бүлөөлүк маселелер боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетун тапшыруу боюнча иш-чараларына, АК сессияларына катышуусу. | Шайлоочулардан түшкөн сунуштарды, даттанууларды жана арыздарды эске алуу менен айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
|
| 13. | Коомдук транспорттун ишин жөнгө салуунун жүрүшү тууралуу | Июнь | АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын, зарыл болсо МИ жетекчисинин, бизнес коомчулуктун, башка кызыкдар тараптардын), калктуу конуштун ичинде же калктуу конуштардын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалык жактардын маалыматын угуу.
Жергиликтүү бюджетте финансы каражаты болгон учурда муниципалдык транспорттук ишкананы түзүү жана анын ишин уюштуруу маселесин караштыруу. Окуучуларды мектепке ташуу маселесин кароо, бул маселени демөөрчүлөрдүн, инвестициялардын, гранттардын жана башка каражаттардын жардамы менен чечүү. |
АӨ башчысы (транспорттук уюмдардын жетекчилери, коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташыган юридикалыкфизикалык жактар – макулдашуу боюнча). | Мыйдамдуулук, жаратылышты коргоо, закондуулукту сактоо, адам укугун коргоо жана үй-бүлөөлүк маселелер боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу.
|
АК токтом (тескеме) кабыл алат.
Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат.
|
|
III квартал |
|||||||
| 14. | 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу
АӨ башчынын отчету
|
Июль | АӨ башчысынын айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, өнүгүү программасынын жана планынын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы) аткарылышы тууралуу биринчи жыл үчүн АӨ башчынын отчетун угуу. Биринчи жыл үчүн АӨ башчысынын отчету тууралуу туруктуу комиссиянын корутундусун угуу. Айылдык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясынын корутундусун, АК депутаттарынын пикирлерин жана сунуштарын эсепке алуу менен АӨ башчысынын отчетун бекитүү же башка чечим кабыл алуу.
|
АӨ башчысы | Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча жана Социалдык маселелер боюнча (мектеп, ФАП, почта, таза суу, дүкөндөр, тейлөө органдары) туруктуу комиссиялар сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу. | 2025-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн АӨ отчетун кабыл алуу, АК токтомун (тескемесин кабыл алуу), жарыялоо, күчүнө киргизүү, ЧУА мамлекеттик реестрине кошуу.
|
| 15. | Күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу | Июль | Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери боюнча маалымат угуу:
– АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары), – тийиштүү мекемелердин жетекчилери; – АК туруктуу комиссиясынын төрагасы. Жылытуучу материалдарды сатып алуу жана муну каржылоо маселесин кароо жана талкуулоо.
|
АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары), мекемелердин жетекчилери | Социалдык маселелер боюнча (мектеп, ФАП, почта, таза суу, дүкөндөр, тейлөө органдары) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу. | АК токтом (тескеме) кабыл алат.
Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын Мамлекеттик реестрине кошулат.
|
| 16. | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, музейлеринин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагын көзөмөлдөө | Июль | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, музейлеринин иши, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды (эстеликтерди) коргоо жана пайдалануу жагын көзөмөлдөө боюнча маалыматты угуу:
– АӨ башчысын (АӨ башчысынын орун басарын, китепканачыларын, маданий кызматкерлерин, музей кызматкерлерин), – АК туруктуу комиссиясынын төрагасын. Бул жааттагы ишти жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштамаларды жана сунуштарды карап чыгуу, талкуулоо жана кабыл алуу. |
АӨ башчысы (же АӨ башчысынын орун басары) | Социалдык маселелер боюнча (мектеп, ФАП, почта, таза суу, дүкөндөр, тейлөө органдары) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга, курултайларга АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
|
| 17. | Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу
|
Июль | АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарынын), жаштар комитетинин, төмөнкү маселелер боюнча комиссиясынын маалыматын угуу:
– элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, – бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу, – балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, – ААнын аймагында балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу; – балдар укугун бузуу учурларын аныктоо жана укугу бузулган балдарга юридикалык жардам берүү. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Социалдык маселелер боюнча комиссиянын Жобосун карап чыгуу жана бекитүү. |
АӨ башчысы (АӨ башчысынын орун басары, соц.жана жаштар маселелери боюнча адис), социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы, жаштар комитетинин төрагасы
|
Социалдык маселелер боюнча (мектеп, ФАП, почта, таза суу, дүкөндөр, тейлөө органдары) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары
|
Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу.
|
| 18. | Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу
|
Август
|
Коомдук бюджеттик угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин долбоорун төмөнкүлөрдөн угуу:
– АӨ башчысынан (АӨ ФЭБ башчысынан), – АК туруктуу комиссиясынын төрагасынан, – башка кызыкдар адамдардан Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар планы), жергиликтүү жамааттын сунуштары менен пикирлерин эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча пикирлерин жана сунуштарын берет. Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча бюджеттин долбоорун жактырат же толук иштеп чыгууга жөнөтөт.
|
АӨ башчысы, ФЭБ башчысы
|
Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. |
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, АК сессияларына катышуусу. |
АК жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому жарыяланат жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошулат.
|
|
IV квартал
|
|||||||
| 19. | Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдери, жер казынасы маселелерин кароо | Октябрь | Жер пайдалануу, шаар куруу жана архитектура ченемдерин сактоо, жер казынасы маселелери боюнча төмөнкүлөрдүн маалыматын угуу:
– АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын), – архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрүнүн (макулдашуу боюнча). АК туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Төмөнкүлөр каралат жана бекитилет (зарыл болгон учурда): – Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо – Муниципалдык менчиктеги жер участокторун менчикке же ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы; – Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын жобосу; – Жеке турак үй үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча комиссиянын курамы. Калктуу конуштардын башкы планын түзүү, муниципалдык жерлерге күбөлөндүрүүчү документтерди (мамлекеттик күбөлүктөрдү) аныктоо жана алуу маселелерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо жана талкуулоо |
АӨ башчысы (башчынын орун басары), АӨгө караштуу жер комиссияларынын төрагалары, архитектура жана мамкаттоонун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
|
Айыл чарбалыгы, айыл чарбасына кирбеген жерлердин пайдаланышы, жакынкы алыскы жайыттар боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, чогулуштарга АК сессияларына катышуусу.
|
Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу.
|
| 20. | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу
|
Октябрь | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча АӨ даярдаган иш-чаралар Планын карап чыгуу жана бекитүү.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу иш-чаралар планын аткарылышы боюнча АӨ башчысынын (башчынын орун басарынын) маалыматын угуу.
|
АӨ башчысы (башчынын орун басары) | Айыл чарбалыгы, айыл чарбасына кирбеген жерлердин пайдаланышы, жакынкы алыскы жайыттар боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук угууларга, чогулуштарга, жыйындарга, курултайларга, АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу.
|
| 21. | Мамлекеттик буйрутманын жана ведомстволук окутуунун алкагында саясий муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызматкерлердин (АӨ башчы, АК төрагасы, депутаттар) квалификацияларын жогорулатуу тууралуу |
Октябрь |
КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 28-бересинин талаптарын аткаруунун алкагында төмөнкүлөрдү кароо жана бекитүү:
– АӨ тарабынан даярдалган саясий муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызматкерлерди (АӨ башчы, АК төрагасы, депутаттар) кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу боюнча окутуу Планын; – саясий муниципалдык кызматтардагы муниципалдык кызматкерлердин (АӨ башчы, АК төрагасы, депутаттар) ведомстволук окутуу Планын. АӨ башчысынын (АӨ башчысынын орун басарын) жогорудагы Пландарды аткаруусун угуу. Жергиликтүү бюджеттен окутуу Пландарына каражат бөлүү маселелерин кароо. |
АӨ башчысы (башчынын орун басары), билим берүү жана соц. маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы | Социалдык маселелер боюнча (мектеп, ФАП, почта, таза суу, дүкөндөр, тейлөө органдары) туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу.
|
| 22. | Мыйзамдын жана/же ЧУА негизинде мамлекеттик органдардан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды АӨнүн аткаруусу
|
Октябрь | Мыйзамдын жана/же ЧУА негизинде мамлекеттик органдар өткөрүп берген ыйгарым укуктарды кандай аткаргандыгы тууралуу АӨ башчысынын маалыматын угуу.
АКтын туруктуу комиссиясынын корутундусун угуу. Зарыл болгон учурда, ыйгарым укуктарды материалдык-финансылык, методикалык жактан камсыз кылуунун шарттарын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү жөнүндө шарттарын карап чыгуу, мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды жана сунуштамаларды берүү.
|
АӨ башчысы (башчынын орун басары) | Мыйдамдуулук, жаратылышты коргоо, закондуулукту сактоо, адам укугун коргоо жана үй-бүлөөлүк маселелер боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын АК сессияларына катышуусу. | Тийиштүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды берип, айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу.
|
| 23. | АКтын депутаттарынын, АӨ адистеринин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо
|
Ноябрь |
АКтын жигердүү, көрүнүктүү депутаттарына, АӨнүн адистерине, ААнын жашоочуларына айылдык аймактын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн жылдын жыйынтыгы боюнча муниципалдык сыйлыктарды тапшыруу, аларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү маселелери боюнча АӨнүн башчысын (АӨнүн башчысынын орун басарын), АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасын угуу. | АӨнүн башчысы (АӨнүн башчысынын орун басары), АК төрагасы (АК төрагасынын орун басарлары), туруктуу комиссиянын төрагалары. | Мыйдамдуулук, жаратылышты коргоо, закондуулукту сактоо, адам укугун коргоо жана үй-бүлөөлүк маселелер боюнча туруктуу комиссия өзүнүн корутундусу боюнча сессияда баяндама жасайт.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу, МжБнын жыйынтыктары. |
Сыйлоо тууралуу айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу. Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу. |
| 24. | Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин такталган долбоорун бекитүү. | Декабрь | Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун угуу:
– АӨ башчысын (АӨнүн ФЭБ башчысын), – АКтын туруктуу комиссиясынын төрагасы, – башка кызыкдар адамдардын өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбооруна өзүнүн, жергиликтүү жамааттын пикирлерин жана сунуштарын киргизет.
|
АӨ башчысы, ФЭБ жетекчиси
|
Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссия сессияда өзүнүн корутундусу боюнча баяндама жасайт жана бул маселе боюнча чечим кабыл алынгандан кийин айылдык кеңештин токтомунун (тескемесинин) аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. | Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын коомдук бюджеттик угууларга, айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
|
Такталган жергиликтүү бюджеттин долбоорун жактыруу тууралуу айылдык кеңештин токтомун (тескемесин) кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу.
|
| 25. | Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кийинки жылга иш планын бекитишет
|
Декабрь | 2025-жылга иш планынын аткарылышы жана иштин жыйынтыгы боюнча туруктуу комиссиялардын төрагаларынын отчетторун угуу.
Айылдык кеңештин токтомдорунун, тескемелеринин аткарылышына анализ жасоо, аткарылган тапшырмаларды көзөмөлдөн алып салуу. АКтын төрагасынын орун басарынан АКтын туруктуу комиссияларынын иши жана жылдын аягында өз милдеттерин талаптагыдай аткаруусу жөнүндө маалыматын угуу. 2026-жылга айылдык кеңештин иш планын талкуулоо жана бекитүү. 2026-жылга иш пландарынын долбоорлору боюнча АК туруктуу комиссияларынын төрагаларын угуу жана аларды бекитүү. |
АК төрагасынын орун басары,
АК туруктуу комиссиясынын төрагалары, АКтын жооптуу катчысы |
АКтын төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, АКтын жооптуу туруктуу комиссиясы аталган маселе боюнча АК сессиясында баяндама жасашат.
|
Жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын айылдык кеңештин сессияларына катышуусу.
|
Туруктуу комиссиялардын отчетторун бекитүү жөнүндө АКтын токтомун (тескемесин), 2026-жылга АКтын иш Планын, 2026-жылга туруктуу комиссиялардын иш пландарын кабыл алуу.
Айылдык кеңештин токтомун жарыялоо жана ЧУАнын мамлекеттик реестрине кошуу.
|

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 10 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын Регламентин бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин типтүү Регламентин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кара-Шоро айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айылдык кеңешинин Регламенти жактырылсын жана бекитилсин. (тиркеме тиркелет 24 барак)
2. Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кенешинин “Мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: З. Кадырбеков
Кара-Шоро айылдык кеңешинин
2025-жылдын,16-январындагы
№ 10 токтому менен бекитилген.
Кара-Шоро айылдык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
- Кара-Шоро айылдык кеңеши
- Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
- Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
- Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
- Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
- Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
- Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
- Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
- Туруктуу комиссиялардын жыйындары
- Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
- Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
- Депутаттык топтор
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
- Айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
- Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
- Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
- Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
- Сессиянын күн тартиби
- Айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
- Депутаттык этика
- Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
- Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
- Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
- Айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
- Айылдык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
- Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
- Жарыш сөз (талкуулоо)
- Айылдык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу
- Добуш берүү жана анын түрлөрү
- Эсептөө комиссиясынын иши
- Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
- Айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
- Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
- Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
- Айылдык кеңештин айыл аймактын тургундарынын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо
- Айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети
- Айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы
- Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
- Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
- Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
Кара-Шоро айылдык кеңешинин бул Регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
- Кара-Шоро айылдык кеңеши
1.1. Кара-Шоро айылдык кеңеши – айыл аймакта жашаган жарандар тарабынан жалпыга бирдей тең, түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу
5 жылдык мөөнөткө шайланган, 21 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялдык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.2. Кара-Шоро айылдык кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш), Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде айыл аймагынын калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди чечет жана ал чечимдердин аткарылышына көзөмөл кылат.
1.3. Айылдык кеңештин сессиялары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар айылдык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.5. Айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартибин, жол-жобосун жана анын ишин уюштурууну аныктайт.
1.6. Айылдык кеңештин өзүнө таандык мөөрү жана символикалары бар бланктары, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
- Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер каралат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга жана ижарага берүүгө макулдук берүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.
е) айыл өкмөтүнүн иши жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу;
6) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
8) кеңештин регламентин бекитүү;
9) айылдык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
10) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
11) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
12) ичүүчү сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү;
13) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;
14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
17) айыл аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
18) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
19) айыл аймагынын тургундарынын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча программаларын планын бекитүү;
20) айыл аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
21) айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
22) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
23) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
24) айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында айыл өкмөтү менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
25) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
26) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды айыл өкмөтүнө тапшыруу;
27) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
28) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
- Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
3.1. Айылдык кеңештин төрагасы сессияда депутаттардын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү депутаттык топко таандык.
3.3. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
3.4. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
3.5. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 5 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 3 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 2 мүнөткө чейин сөз берилет.
3.6. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталганга чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн талапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
3.7. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча маалыматты (Ф.А.А) жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
3.8. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, төраганы шайлоо боюнча кворум түзүлдү деп эсептелет.
Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер төрага болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
– бир талапкер катталса, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштарын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
– эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
– экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында ушул пунктта каралбаган башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо, эгерде:
– кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
– эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
- Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
4.1. Айылдык кеңештин төрагасы:
– айылдык кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
– айылдык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
-айылдык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
– айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт;
– айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
– айылдык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
-айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
– айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт;
– депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
– айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
– мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе айылдык кеңештин атынан чыгат;
– айылдык кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
– айылдык кеңештин, анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
– мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет;
– ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.2. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме (буйрук) чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал айылдык кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
- Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
5.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары/басарлары айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын берген сунушу боюнча айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын/басарларын шайлоодо добуш берүү ачык же жабык болоорун ошол сессияда депутаттар чечет.
Айылдык кеңештин төрагасынын 1 орун басары болот.
5.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
5.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
-айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-айылдык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда төраганын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле төраганын тапшыруусу боюнча сессияларды алып барат;
- Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
6.1. Айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот. Мындай учурда төрага жана анын орун басары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселесин жазуу жүзүндө кеңешке кайрылат. Мындай учурда ачык добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен өтүнүч кабыл алынат.
6.2. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен айылдык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Айылдык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе эң кем дегенде депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилет.
6.3. Айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен, ал эми төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бул учурда добуш берүүнүн ачык же жашыруун болушун ушул Регламентте белгиленген тартипте аныкталат.
- Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
7.1. Айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, айыл аймагында жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт. Зарыл болгон учурда айылдык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Айылдык кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, сессияда каралышы мүмкүн эмес.
7.2. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө токтом кабыл алуу менен түзүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
7.3. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайлана албайт.
7.4. Туруктуу комиссиянын сандык курамы: 3 депутаттан кем болбоого жана 5 депутаттан көп болбоого тийиш.
7.5. Айылдык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссияга мүчө боло алат жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7.6. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлашат.
7.7. Комиссиянын төрагасы жана орун басары өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
7.8. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө айылдык кеңешке отчет беришет.
7.9. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, айылдык кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
- Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды кеңештин кароосуна киргизет;
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
2) айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;
3) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
4) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында айылдык кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү айылдык кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.
8.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча айыл өкмөтүнүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.
8.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
- Туруктуу комиссиялардын жыйындары
9.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
9.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
9.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
9.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
9.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселелер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
9.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, айылдык кеңештин төрагасынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
9.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, айыл өкмөт башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
9.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет.
9.10. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) кеңештин аппаратына жүктөлөт.
9.11. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялардын кошмо жыйыны уюштурулушу мүмкүн.
- Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
10.1. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
1) комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат;
2) комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы аркылуу маалымдайт;
3) комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, айылдык кеңештин төрагасы менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;
4) туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
5) комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;
6) комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
7) жыл сайын айылдык кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.
- Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
11.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
2) комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
3) комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
4) комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
5) өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
6) комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
11.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
2) өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө;
3) айылдык кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;
4) ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
- Депутаттык топтор
12.1. Депутаттык топтор-айылдык кеңештин үчтөн кем эмес депутаттарынын бирикмеси.
12.2. Депутаттык топ анын түзүлгөнү, аталышы, курамынын тизмеси, лидеринин фамилиясы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
12.3.Депутаттык топ ушул Регламенттин негизинде ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат.
12.4. Депутаттык топ алар боюнча саясий көз карашын аныктоо үчүн айылдык кеңеш карай турган маселелерди алдын ала кароого укуктуу.
12.5. Депутаттык топтун иши төмөнкү учурларда токтотулат:
– айылдык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
– айылдык кеңеш өзүн өзү таратканда.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
- Айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
13.1. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрагасы тарабынан (эгерде мыйзамда башкача жазылбаса) шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыялангандан кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.
Биринчи сессияны даярдоону айылдык кеңештин аппараты (жоопту катчы) жүргүзөт.
13.2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы (мындан ары — катчы) биринчи сессияга 3 күн калганга чейин депутатка төмөнкү маалыматтарды жиберет:
– жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты;
– жоопту катчынын байланыш телефондорун;
– сессия өтүүчү жайды жана убактысын.
13.3. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү айылдык кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат, кеңештин төрагасы шайланганча сессияны алып барат.
13.4. Айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болот.
13.5. Төрагалык кылуучу айылдык кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн аймактык шайлоо комиссиянын төрагасына сөз берет.
13.6.Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы айылдык кеңештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү мандатын ырастоочу күбөлүк жана төш белгини тапшырат.
13.7. Айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мандат тапшырылган күндөн тартып башталат.
13.8. Жаңы чакырылыштагы айылдык кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелерди биринчи кезекте кароого тийиш:
– төраганы жана анын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;
– төраганы жана анын орун басарын / орун басарларын шайлоо;
– айылдык кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелердин катарына башка да маселелер киргизилиши мүмкүн.
13.9. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирети сессиянын күн тартибинде аныкталат.
- Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
14.1. Айылдык кеңеш, анын туруктуу комиссиялары иш планын бир жылга түзөт. Айылдык кеңештин иш планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.
14.2. Айылдык кеңештин иш планы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары/орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, жооптуу катчысы менен бирдикте айылдык кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша айыл аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
14.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы айылдык кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, жооптуу катчысы, айылдык кеңештин төрагасы менен бирдикте түзүлөт.
14.4. Иш планга бир жыл аралыгында айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиялардын жыйындарында карала турган маселелер киргизилет.
14.5. Айылдык кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары айыл аймагындагы маалымат такталарына документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу айыл аймагынын тургундарына маалымдалуусу шарт.
- Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
15.1. Айылдык кеңештин сессиясы карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоо жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алына турган, ишинин эң негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп саналат.
15.2. Айылдык кеңештин сессиясы дептуттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү (кворум) болот.
15.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 30 мүнөттүн кийин кворум болбосо, төрага 10 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде тыныгуудан кийин да кворум камсыз кылынбаса, анда сессия кворум жоктугуна байланыштуу башка убакытка жылдырылат.
15.4. Айылдык кеңештин сессиясын төрага чакырат:
– өзүнүн демилгеси боюнча;
– дептуттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин (жазуу жүзүндөгү) демилгеси боюнча;
– айыл өкмөт башчысынын сунушу боюнча;
– жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин сунушу боюнча.
15.5. Айылдык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу сессиялардан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
15.6. Айылдык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга ушул Регламентте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
15.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналса, айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
15.8. Айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессияга чейин 5 календардык күндөн кечиктирилбестен, депутаттарга, айыл аймагынын тургундарына жеткиликтүү, көрүнүктүү жерлерге илинүүгө тийиш.
15.9. Айылдык кеңештин сессиясына катышуучу депутаттардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же кеңештин төрагасында) сакталат.
15.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык тиешелүү документ менен тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер сессияга депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат кеңештин төрагасына сессияга катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
15.11. Сессияларга бир жыл аралыгында төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутатка карата, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
- Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
16.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же айыл өкмөт башчысынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин жана депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча кезексиз сессия чакырууга укуктуу.
16.2. Кезексиз сессияны чакыруу боюнча кеңештин төрагасынын сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгын негиздеген маалымдама депутаттарга жөнөтүлөт.
16.3. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып сессияга чейин 5 календардык күн мурун чакырылат. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессияга чейин 3 календарлык күн мурун таркатылат.
16.4. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда айылдык кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана айыл аймак тургундарын маалымдоонун мөөнөтүн сактабастан кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
- Сессиянын күн тартиби
17.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору айылдык кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, айыл өкмөт башчысынын сунуштарынын негизинде сессия күнүнө чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
17.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
17.3. Өткөрүлө турган жайы жана убактысын белгилөө менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат такталарына жайгаштырылат.
17.4. Эгерде айылдык кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү маалымат булактарына жарыя кылынат.
17.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору төрага тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
17.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
17.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда туруктуу комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
- Айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
18.1. Айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
-кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
-кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
-жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга суроолорду берүүгө;
-кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын сессияда отчетун угуу, ошондой эле башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
-өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
18.2. Айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессияга толук катышууга;
-регламентти, сессиянын күн тартибин жана төраганын укук ченемдүү талаптарын сактоого;
-колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөгө;
-жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
-чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, жалган маалыматтарды пайдаланбоого;
-сессия учурунда сыртка чыгууда төрагадан уруксат алууга.
18.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутаттын мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.
18.4. Айылдык кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
- Депутаттык этика
19.1. Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттүү.
19.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашы үчүн аракет кылууга тийиш.
19.3. Айылдык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйындарында кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө төраганын эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн четтөөгө тийиш.
19.4. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда регламент боюнча тиешелүү туруктуу комиссия тарабынан талкууланып, корутундусу кеңештин кароосуна сунуш кылынууга тийиш.
19.5. Сессияларда, жыйындарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоолорду айтпоого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.
- Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
20.1. Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен сессияны өткөрүүгө жолтоо болсо, төраганын эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же сессиянын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланган маселеден башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:
-эскертүү;
-сессиянын аягына чейинки мөөнөткө сөз бербөө.
20.2. Эскертүүгө карабай кайрадан тартип бузуулар болсо, ага карата жыйын залынан чыгарылат жана мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү этика боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна берилет.
20.3. Депутатка жана сессияга катышкандарга карата колдонулган чаралар сессиянын протоколунда белгиленүүгө тиийиш.
- Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынадепутат эмес адамдардын катышуу тартиби
21.1. Айыл өкмөт башчысы, ошондой эле айыл аймакта иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар сессияларга жана туруктуу комиссиялардын жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.
21.2. Жогоруда аталган адамдар сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.
21.3. Айылдык кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары
(аты-жөнү, жашаган жери, кызматы) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагага берилет.
21.4. Сессияга жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана Регламентти бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырылат.
21.5. Сессияга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде катышуучулардын саны көп болуп, сессия, жыйындар залына батпаса аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир айылдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
- Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
22.1. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук (тескеме) түрүндө жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, айрым маселелер боюнча кенештин чечимдери жалпы депутаттардын үчтөн эки добушу менен кабыл алынат. Кабыл алынган токтом, буйруктарга (тескемелерге) – кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда төраганын орун басары кол коет.
22.2. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары – токтом түрүндө, ал эми башка актылары – буйрук (тескеме) түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
1) Айылдык кеңештин токтомдору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
2) Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
22.3. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
22.4. Айылдык кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн айылдык кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алууга укуктуу.
22.5. Айылдык кеңештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
22.6. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган айылдык кеңештин токтомдору айыл аймакта жашаган бардык жарандар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан баардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
22.7. Айылдык кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат такталарында жайгаштыруу аркылуу жана «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
- Айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
23.1. Айылдык кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
– тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары жооптуу катчы менен бирге даярдалган жана айылдык кеңештин төрагасы менен макулдашылган токтомдун долбоору;
– токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);
– салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
– тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;
– экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.
23.2. Айылдык кеңештин токтому мамлекеттик тилде ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде да киргизилет жана кабыл алынат. Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана айылдык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу айылдык кеңештин чечими болсо, токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
23.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.
- Айылдык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
24.1. Айылдык кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында айылдык кеңештин депутаттары тарабынан күн тартибине кошумча киргизилип, бекитилген маселелер каралат.
24.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнүндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
24.3. Айылдык кеңештин депутаты сессияда каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын берүүгө укуктуу.
24.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
24.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
24.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар келип түшсө, төрага депутаттардын бардык сунуштарын түшкөн ирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш менен депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
24.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору айылдык кеңештин кезектеги сессиясына 3 айдан кийин гана киргизилиши мүмкүн.
24.8. Айылдык кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы толук эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, айылдык кеңештин кийинки сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укуктуу.
24.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагага расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуу токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.
- Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
25.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:
-баяндама – 5 мүнөткө чейин;
-баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн – 3 мүнөткө чейин;
-күн тартибин талкуулоо үчүн – 3 мүнөткө чейин;
-талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн – 2 мүнөткө чейин;
-шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн – 5 мүнөткө чейин;
-талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн -2 мүнөткө
чейин;
-добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн – 2 мүнөткө чейин;
-жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн – 2 мүнөткө чейин;
-сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн – 3 мүнөткө чейин;
-кайталап сөз сүйлөө үчүн – 2 мүнөткө чейин;
25.2. Депутаттардын макулдугу менен төрага чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын __ мүнөткө чейин узартууга укугу бар.
25.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүнө жол берүү добуш менен чечилет.
25.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.
25.5. Депутат жыйында төрага тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
25.6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагага жазуу түрүндө же оозеки түрүндө берилет.
25.7. Айыл өкмөт башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
25.8. Төрага тарабынан сессиянын ишине 10 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу жарыяланышы мүмкүн.
25.9. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калган учурда төрага 10 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрага сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакытка же күнгө которууга укуктуу.
- Жарыш сөз (талкуулоо)
26.1. Төраганын уруксаты жок сессияда эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.
26.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрага ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда төрага чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укугу бар.
26.3. Төрага жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
26.4. Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутат төрагага сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.
- Айылдык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу
27.1. Айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү. Айылдык кеңеш чечимди айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
27.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда айылдык кенеш айрым маселелер боюнча жалпы депутаттардын санынын үчтөн экисинин добушу менен чечим кабыл алат.
27.3. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо (процедуралык) маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.
- Добуш берүү жана анын түрлөрү
28.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
-айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны — 21;
-сессияга катышкандардын саны – каттоодон өткөн депутаттардын саны.
28.2. Айылдык кеңеш сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат:
-ачык добуш берүү – депутаттардын кол көтөрүүсү аркылуу;
-жашыруун добуш берүү – депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген үкөккө салуу аркылуу жүргүзүлөт.
28.3. Айылдык кеңештин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө, онлайн добуш берүүсүнө жол берилбейт.
28.4. Айылдык кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн “макул” же “каршы” добуш бере алат. Бир маселе боюнча депутат бир гана добушка ээ.
28.5. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.
28.6. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
- Эсептөө комиссиясынын иши
29.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн депутаттар эсептөө комиссиясын түзүшөт. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү депутаттардан турат жана так санда болуусу шарт.
29.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын
төрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт. Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
29.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер айылдык кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны айылдык кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде “макул”, “каршы”, деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.
29.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүү үчүн шарттарды түзөт.
29.5. Добуш берер алдында эсептөө комиссиясы айылдык кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчү үкөктү бекитет.
29.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.
29.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.
29.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.
29.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.
29.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
- Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
30.1. Айылдык кеңештин жоопту катчысы баяндамачы менен бирдикте айылдык кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.
30.2. Айылдык кеңештин төрагасы кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
30.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган токтомдун мазмуундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
30.4. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
– айыл аймакта кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен айылдык кеңеш аныктаган басылмаларда же атайын көрүнүктүү жерлерде (такталарда, стенддерде);
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында.
30.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик тилде ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
30.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
30.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердикти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
30.8. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен айылдык кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу жооптуу катчы ишке ашырат:
– актынын түрүн көрсөтүү;
– ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
– кабыл алынган жери жана датасы;
– каттоо номери.
30.9. Расмий жарыяланган күнү айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын 7 жумушчу күндүн ичинде Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
30.10. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн айыл аймактын маалымат илинүүчү такталарына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.
- Айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
31.1. Айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт, ага катар номери берилет.
31.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жол-жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн кеңештин жооптуу катчысы тарабынан жүргүзүлөт. (Жооптуу катчы каралбаган айылдык кеңеште протоколду айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жүргүзөт).
31.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:
а) айылдык кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду, айылдык кеңештин чакырылган жылы, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси өзүнчө тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;
б) негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.
31.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.
31.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, ага айылдык кеңештин төрагасы жана жооптуу катчы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчы тарабынан кол коюлат.
31.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы айылдык кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн берет, алар көчүрүп алууларды жүргүзөт.
31.7. Айылдык кеңештин сессияларында жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар айылдык кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.
31.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары жооптуу катчыда сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда сессиялардын, жыйындардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.
31.9. Айылдык кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.
- Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө
32.1. Айылдык кеңештин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.
32.2. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, айылдык кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:
– аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;
– аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;
– ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;
– башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;
– токтомду жокко чыгаруу;
– токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
– кошумча токтомду кабыл алуу.
32.3. Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Айылдык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контрол жүктөлгөн кызмат адамына же органга айылдык кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
- Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
33.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындыгын, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү айыл өкмөт башчысына тапшырууга укуктуу.
33.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.
33.3. Айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы айыл өкмөтүнөн, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
33.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
33.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана айыл өкмөтүнүн отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен айылдык кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.
33.6. Айылдык кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтунүн отчету каралат.
33.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу айылдык кеңештин токтому жергиликтүү ЖМК гезити аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат тактайларына жайгаштырылат.
- Айылдык кеңештин айыл аймактагы тургундардын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо
34.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү жамаатын уставына ылайык жарандар элдик ченем чыгаруу демилгесине ээ.
34.2. Жергиликтүү жамаат тарабынан айылдык кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.
34.3. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусунда айылдык кеңештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.
34.4. Жергиликтүү жамаат тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган айылдык кеңештин чечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.
- Айылдык кеңештин мамлекеттик органдар менен өз ара аракети
35.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик органдары менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.
35.2. Мамлекеттик органдары айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
35.3. Айылдык кеңеш мамлекеттик органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
35.4. Айыл аймактын кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун айылдык жана райондук бөлүмдөрүнүн, айыл өкмөтүнүн жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү чакырылат.
35.5. Айыл аймакты өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча айылдык кеңеш консультацияларды өткөрөт жана айыл өкмөтү менен өз чечимдерин жазуу түрүндө макулдашууларды жүргүзөт.
- Айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы
36.1. Айылдык кеңеш айыл аймакты өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин даярдоодо жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрөт, сунуштарын жана пикирлерин эске алат, зарыл болгон учурда аларды жумушчу топторго тартат.
36.2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча көтөргөн демилгелерин, кайрылууларын кылдаттык менен алардын өзүн, башка кызыкдар болгон тараптарды катыштырып талкуулайт, жакшы сунуштар боюнча маселе даярдап сессиянын кароосуна киргизет.
36.3. Сессиянын токтомдорунун долбоорун коомдук экспертизадан өткөрүү зарыл болгон учурларда жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн бул ишке тартат.
- Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
37.1. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.
37.2. Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтү жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.
37.3. Айылдык кеңеш, анын Аппараты, айылдык кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:
– шайлоочуларды кабыл алуу;
– арыздарды, кайрылууларды, сунуштарды кароо;
– шайлоочулар менен жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;
– шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, айыл өкмөткө депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.
37.4. Аппараттын тиешелүү кызматкерлери, жооптуу катчы жыл сайын айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу айылдык кеңештин сессияларында депутаттар тарабынан каралат.
- Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
38.1. Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу, маалыматтардын жарандарга жеткиликтүүлүгү айылдык кеңештин ишине коюлган талап болуп эсептелет.
38.2. Айылдык кеңештин ишин чагылдыруу сессияларды жана жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу берүү жолу менен, ошондой эле айылдык кеңештин сайты аркылуу камсыз кылынат.
38.3. Айылдык кеңештин сессияларын, туруктуу комиссиялардын жыйындарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
39.1. Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан айылдык кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы камсыз кылат.
39.2. Жооптуу катчы айылдык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана депутаттарга жардам көрсөтөт. Сессияларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
39.3. Жоопту катчы айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
– айылдык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);
– айылдык кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, төраганын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
– сессияларга материалдарды, анын ичинде токтом долбоорлорун жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
– айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга жана бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;
– сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарын маалымдайт;
– сессиялардын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарды каттоону жүргүзөт;
– чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына каттону жүргүзөт;
– иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
– айылдык кеңештин токтомдорун долбоорун даярдоого көмөк көрсөтөт жана жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, айылдык кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
– расмий жарыялангандан кийин айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
– айылдык кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салу
уну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
– туруктуу, убактылуу комиссияларга уюштуруучулук жагынан көмөк көрсөтөт;
– башка ченемдик укуктук актыларга, ушул Регламентке ылайык жана төраганын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
– мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актылардын аткарылышын камсыздайт
- Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
40.1. Айылдык кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен сессияда кабыл алынат.
40.2. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттар, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана сессияда каралат.
40.3. Регламенттин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Регламенттин жоболорун түшүндүрүү айылдык кеңештин сессиясында берилет.
40.4. Бул Регламентте тескелбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 11 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2025-жылга пландаштырылган бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2025-жылга пландаштырылган бюджетин бекитүү сунуштарынын негизинде Кара-Шоро айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 2025- жылга Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 36296,7 (отуз алты миллион эки жүз токсон алты миң жети жүз) сомго бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн 2026- 2027- жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2026- жыл үчүн 37588,6 (отуз жети миллион беш жүз сексен сегиз миң алты жүз) сом, 2027- жыл үчүн 39218,2 (отуз тогуз миллион эки жүз он сегиз миң эки жүз) сом жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
- 2025- жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенттиги тарабынан
төлөнүүчү киреше салыгы -айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 90 (токсон) пайыз өлчөмүндө;
б) сатуулардан түшкөн салык- айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 25 (жыйырма беш) пайыз өлчөмүндө;
в) ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 (жүз) пайыз өлчөмүндө;
г) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендери (алтын, мунай зат, газ) кошпогондо -кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын бюджетине 50 (элүү) пайыз өлчөмүндө;
д) жер казынасын пайдаланууга укук берүү үчүн жыйым-айыл аймагынын бюджетине 7 (жети) пайыз өлчөмүндө;
е) жергиликтүү маанидеги инфра түзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү кендери иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20 (жыйырма) пайыз өлчөмүндө;
- Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
- Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2024-2026- жылдарга теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын 1 (бир) пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнө 2025-2027- жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) жумшалсын. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 362,9 (үч жүз алтымыш эки миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2025-жылдын 1-январына карата 30,0 (отуз миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
- Кара-Шоро айыл аймагы, табигый кырсыктар коркунучу бар жерде табийгат кырсыктардын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
- Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б) үчүн акча каражаты каралсын.
- Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
- Айыл өкмөттүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдин негизинде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
- Айыл аймагында балдар бакчасында тарбияланган балдардын тамак-ашына, балдар бакчасынын коммуналдык кызматтарына (көмүр), курулуштарды ремонттоо жана айыл чарба буюмдарына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.
- Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 12 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2024-жылда пайдаланылбай калган
бюджетинин калдыгы жөнүндө.
Кара-Шоро айылдык Кеңеши 2024-жылда пайдаланылбай калган калдыкты Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 44-беренесине ылайык 2025-жылда бюджетти бекитүүдө ар бир мектептин көйгөйлүү маселелерине, коммуналдык кызматтарына, отун алууга, региондорду өнүктүрүү фонддору биргелешкен долбоорлорду, социалдык инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорду каржылоону максаттуу пайдалануусун талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Айыл өкмөтүнүн ишинин негизги багыты бюджетти көтөрүү, донор уюмдар, өнүктүрүү фондтору жана инвесторлор (АРИС, ЮСАИД, ПРООН ж.б) менен тыгыз кызматташып, долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы уюштуруу иштеринде болсун.
- Кара-Шоро айыл өкмөтүндө 2024-жылдан пайдаланылбай калган бюджеттен 8765,0 (сегиз миллион жети жүз алтымыш беш миң) сом жана атайын каражаттан калган калдык 121,6 мин (бир жүз жыйырма бир миң алты жүз) сом акча каражаттарын төмөндөгүдөй жумшалуусуна макулдук берилсин.
-аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесине 226,1 (эки жүз жыйырма алты миң бир жүз) сом
-аппарат бөлүмүнүн 2121 беренесине 39,1 (отуз тогуз миң бир жүз) сом
-аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине 731,5 (жети жүз отуз бир миң беш жүз) сом
-турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 2909,0 (эки миллион
тогуз жүз тогуз миң) сом
-турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3112 беренесине 4414,3 (төрт миллион
төрт жүз он төрт миң үч жүз) сом
– айыл чарба бөлүмүнүн 2215 беренесине 150,0 (бир жүз элүү миң) сом.
-орто мектеп бөлүмүнүн 3111 беренесине 295,0 (эки жүз токсон беш миң) сом
-бала бакча бөлүмүнүн атайын каражатынын 2218 беренесине 121,6 (бир жүз
жыйырма бир миң алты жүз) сом.
- Айылдардын инфраструктурасын жана социалдык маселелерин жакшыртууга карата максаттуу пайдаланылуусуна айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 13 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
2025-2027-жылдарга карата Кара-Шоро айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүдө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кара-Шоро айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 2025-2027-жылдарга карата Кара-Шоро айыл аймагынын социалдык-экономикалык
өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Программада камтылган иш-чарлардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-
Шоро айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кара-Шоро айылдык кеңешинин
“Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков
Кара-Шоро айылдык кеңешинин
2025-жылдын,16-январындагы
№ 13 токтому менен бекитилген
Кара-Шоро айыл аймагынын 2025-2027 – жылдарга
социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы.
| 1-БӨЛҮМ. АЙМАКТЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ | ||||||||||||||||||||||||
| Географиялык абал | Кара-Шоро айыл аймагы Ош облусунун чыгыш тарабындагы Өзгөн районунда айыл жергесинде жайгашкан. Аймак чыгыштан Кара-Кулжа району менен, түндүк чыгыш тарабынан Салам-Алик айыл аймагы менен, батыш жагынан Мырза-Аке айыл аймагы менен чектешет. Айыл аймактын борбору – Ак-Жар айылы. Облустук борбордон алыстыгы 92 км. Борбордон алыстыгы 696 км. Айыл аймагы АТРдин негизинде 2024 – жылы март айында мурдагы Көлдүк жана Ак-Жар айыл өкмөттөрү бириктирилип уюштурулган. |
|||||||||||||||||||||||
| Жалпы аянты (Га) | 15105,85 га | |||||||||||||||||||||||
| Ландшафт жана жаратылыш шарттары | Негизинен тоолуу аймак, деңиз деңгээлинен 1200 – 2005 метр бийиктикте жайгашкан. Кыш мезгили 4,5 -5 айга созулат жана катуу кар менен коштолот, минималдуу төмөнкү температура -25 оС жетиши мүмкүн. Жай мезгилинде температура 38 оС чейин жетиши мүмкүн. Жайында орточо температура 30 оС, кышында 15оС | |||||||||||||||||||||||
| АА калкы (адам), 13843
аялдардын саны: 6927 (50,1) анын ичинде (айылдарда): |
||||||||||||||||||||||||
| Ак-Жар айылы (АА борбору) | 2180 | |||||||||||||||||||||||
| Большевик айылы | 3560 | |||||||||||||||||||||||
| Какыр айылы | 1809 | |||||||||||||||||||||||
| Семиз-Көл айылы | 1181 | |||||||||||||||||||||||
| Шамал-Терек айылы | 3666 | |||||||||||||||||||||||
| Чалк-Өйдө айылы | 1447 | |||||||||||||||||||||||
| СЭӨПнын максаты | Кара-Шоро айыл аймагынын 2025-2027-жылга чейин айылдык аймактын калкынын жашоо шарты, социалдык жана экологиялык жактан жакшыртылган, экономикасы мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана туризмди уюштуруп, айыл чарба багытында инновациялык ыкмаларды колдонгон, чакан жана жеке ишкерлерге, орто бизнес ишканаларды ачууга шарттарды түзүп, экологиялык жактан таза айыл чарба өндүрүшүн жогорку деңгээлде өнүктүрүп, тиричилик инфраструктурасын жолго салуу. СЭӨПда каралган тапшырмалардын натыйжасында социалдык жана коммуналдык инфраструктура жакшыртылат, калктын бардык катмарынын, анын ичинде балдардын, жалгыз бой энелердин, улгайган адамдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосу үчүн бардык шарттары менен ыңгайлуу, жагымдуу жана коопсуз айыл аймакка айланып, калкы таза суу жана баардык керектүү коммуникациялар менен камсыз болуп, билим берүү, маданият, спорт, саламаттык сактоо, санитария, көрктөндүрүү, жашылдандыруу тармактарында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты оңолуп ички жолдор жана көпүрөлөр калыбына келтирилип, көчөлөргө түнкү жарык орнотулган кооз, санитардык жактан таза айыл аймакка айланат. Кайра иштетүү өнөр жайларын ачуу менен айыл өкмөтүнүн бюджетин 3 жыл ичинде дотациядан чыгаруу. | |||||||||||||||||||||||
| 2-БӨЛҮМ. КАЛК | ||||||||||||||||||||||||
| 2.1. (таблица) Калк жана эмгек ресурстары | ||||||||||||||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
| 2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | ||||||||||||||||||
| Жыл башындагы туруктуу калктын саны (адам) | 13919 | 14240 | 14010 | 13843 | 14078 | 14317 | 14560 | |||||||||||||||||
| Өсүш темпи % | 1,2 | 2,3 | -1,6 | -1,19 | 1,7 | 1,7 | 1,7 | |||||||||||||||||
| анын ичинде аялдар | 6926 | 7428 | 6972 | 6927 | 7044 | 7163 | 7284 | |||||||||||||||||
| Жыл башындагы эмгекке жарамдуу курактагы туруктуу калктын саны, (адам) | 8179 | 8345 | 8515 | 8689 | 8775 | 8862 | 8951 | |||||||||||||||||
| Өсүш темпи (%) | 2,02 | 2,03 | 2,0 | 0,98 | 1% | 0,99% | 1% | |||||||||||||||||
| анын ичинде аялдар | 3762 | 3838 | 3916 | 3996 | 4036 | 4076 | 4117 | |||||||||||||||||
| Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча иштеген калктын саны (адам): | 2589 | 2633 | 2654 | 2685 | 2807 | 2935 | 3094 | |||||||||||||||||
| Айыл чарба | 2111 | 2114 | 2116 | 2116 | 2156 | 2210 | 2281 | |||||||||||||||||
| Өнөр жай: | 87 | 98 | 107 | 121 | 135 | 156 | 184 | |||||||||||||||||
| Кайра иштетүүчү | 12 | 12 | 12 | 12 | 13 | 14 | 16 | |||||||||||||||||
| Электр энергиясы | 16 | 16 | 16 | 16 | 18 | 19 | 21 | |||||||||||||||||
| Курулуш | 134 | 146 | 148 | 150 | 160 | 168 | 181 | |||||||||||||||||
| Соода | 75 | 78 | 80 | 83 | 85 | 87 | 91 | |||||||||||||||||
| Транспорт жана байланыш | 69 | 76 | 80 | 82 | 86 | 91 | 100 | |||||||||||||||||
| Башка кызматтар | 85 | 93 | 98 | 105 | 154 | 190 | 220 | |||||||||||||||||
| Калдыктарды кайра иштетүү | – | – | – | – | – | – | – | |||||||||||||||||
| Жумушсуздардын саны (адам): | 1464 | 1645 | 1319 | 933 | 890 | 870 | 832 | |||||||||||||||||
| Өсүш темпи | 8,4 | 12,4 | -19,8 | -29,3 | -4,6 | -2,2 | -4,4 | |||||||||||||||||
| анын ичинде аялдар | 560 | 730 | 470 | 387 | 367 | 358 | 342 | |||||||||||||||||
| Жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде турган калктын саны (адам) | 89 | 76 | 66 | 60 | 52 | 41 | 37 | |||||||||||||||||
| Өсүш темпи (%) | -16 | -14 | -13 | -9 | -13 | -21 | -9,7 | |||||||||||||||||
| Миграцияланган эмгекке жарамдуу калктын саны (эл аралык миграция боюнча кеткендер, адам) | 900 | 890 | 920 | 940 | 931 | 925 | 916 | |||||||||||||||||
| Өсүш темпи (%) | 0,8 | -1,1 | 3,4 | 2,2 | -0,95 | -0,6 | -0,9 | |||||||||||||||||
| 2.2. Эмгекке жарамдуу калктын өсүшүн, иш менен камсыз кылуу жана эмгек миграциясы маселелерин талдоо | ||||||||||||||||||||||||
| Айыл аймактын калкынын саны 2024-жылы 13843 адамды түзгөн. Ал эми 2023- жылы 14010 адам болгон. 2024-жылы 2023-жылга караганда 167 адамга азайып кеткен. Себеби, жаштардын арасында миграцияга кеткендердин саны көбөйдү. Божомолдо 2027-жылга чейин калктын табигый өсүшү 1,7%ге өсөөрү күтүлүүдө.
Эмгекке жарамдуу калктын саны өсөөрү күтүлөт. Себеби, жалпы калктын саны көбөйөт. Статистикада жаш адамдар көпчүлүктү түзгөндүктөн, келечекте эмгекке жарамдуу калктын саны өсөт. Бул албетте бардык тармак үчүн жакшы көрсөткүч болот. Айыл чарба тармагында 2116 адам иштейт. Келечекте бул көрсөткүч көбөйүшү күтүлөт. Себеби, кайракы айдоо жерлерди сугат айдоо жерге айландырууга аракеттер жүрөт. Ошондой эле Какыр күрүчүн эспортточу атайын борбор ачылып, 15 адам жумуш орун менен камсыз болот. Өнөр жай менен алектенген калктын саны өсөт. Себеби, кайра иштетүүчү өнөр жайлар, тигүүчү цехттер ачылып, 2027-жылга чейин жүздөгөн адам иш менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Жумушсуздардын саны 2024-жылы 933 адамды, анын ичинен аялдар 387 адамды түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 386 адамга азайып, жумушсуздардын саны 29,3%ды түздү. Себеби, 3 чакан бизнес, 2 бала бакча, 2 кара өрүктү кургатуучу цех, 1 навайкана ачылды. Жумушсуздардын саны-933. Калктын көбүнчө бөлүгү сезон убагында дыйканчылык менен алектенип 4-5 ай гана иштей алышат. Жумуш орундарын түзүү менен 2027-жылга карата божомол менен жумушсуздардын санын 409 адамга азайтуу пландалууда. – Чакан бизнести ар тараптан колдоо. – Ишкерлерге шарт түзүү. 2024-жылы 2023-жылга карата жакырлардын саны 6 үй-бүлөгө азайган. Айыл өкмөттөгү социалдык контракттын негизинде 75 үй-бүлөгө 100 000 сомдон берилип, 20 үй-бүлө жашоо шарты жакшыргандыгына байланыштуу кыскартылды. 2027-жылга карата жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде турган калктын санын 37 адамга азайтуу пландалууда. Миграцияга кеткендердин саны 20 адамга көбөйгөн. Калктын эмгек миграциясы тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Мигранттардын болжол менен 80% орто жалпы билимге ээ, бул алардын квалификациясы төмөн позицияларда иштөөсүн шарттайт. Мекендештерибиз барган негизги өлкөлөр болуп Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы эсептелет. Себеби, мектепти аяктаган жаштардын көпчүлүгү чоң шаарларга барууга умтулуусу жана алар үчүн келечекте татыктуу жумуш орундарынын жоктугу. СЭӨПтун жаштарды жумуш менен камсыз кылуу жана миграцияны азайтуу максатында: – Жаштарга заманбап кесипчилик окууларды уюштуруу (тил курстары, тигүүчүлүк, IT-тармагы, электрик-сварщик ж.б.) – Жаш келин-кыздарга тигүүчү жана кол өнөрчүлүк окууларды уюштуруу – Татыктуу айлыгы бар жумуш орундарын көбөйтүү – Жеке ишкерлерди окутуу – Айыл чарба техникаларын алууда лизингдерди уюштуруп, фермерлерге, жеке ишкерлерге жеткиликтүү кредит маселесин чечүүгө, ири компаниялар тарабынан келишим түзүп, кредит алууга көмөк көрсөтүү Жеке тургундарга мал чарба алууга арзандатылган кредиттерди алуусуна көмөк көрсөтүү |
||||||||||||||||||||||||
| 3-БӨЛҮМ. КЫЗМАТТАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ИНФРАСТРУКТУРА | ||||||||||||||||||||||||
| 3.1. (таблица) Кызматтар жана жергиликтүү инфраструктура | ||||||||||||||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
| 2021 ж. | 2022 ж. | 2023ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | ||||||||||||||||||
| Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк (%) | 10 | 20 | 25 | 30 | 40 | 45 | 50 | |||||||||||||||||
| Кожолуктардын катуу тиричилик калдыктары (КТК) ташып чыгаруу менен камтуу (%) | – | – | – | – | 10 | 15 | 20 | |||||||||||||||||
| Ички жолдордун жалпы узундугунан канааттандырарлык абалдагы асфальтталган ички жолдордун үлүшү (%) | 0 | 2% | 2% | 3% | 5% | 10% | 15% | |||||||||||||||||
| Көчөлөрдүн жалпы санынан жарыктандырылган көчөлөрдүн үлүшү (%) | 5 | 7 | 10 | 15 | 20 | 40 | 70 | |||||||||||||||||
| Спорттук секцияларга тартылган жарандардын саны (адам) | 150 | 180 | 188 | 205 | 240 | 300 | 500 | |||||||||||||||||
| Маданият чөйрөсүндөгү ийримге катышкан жарандардын саны (адам) | 36 | 48 | 48 | 52 | 70 | 100 | 130 | |||||||||||||||||
| Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (%) | 20 | 20 | 30 | 60 | 65 | 75 | 90 | |||||||||||||||||
| Балдарды мектептик билим менен камтуу (%) | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | 100 | |||||||||||||||||
| 10 000 калкка эсептегенде врачтардын жана орто медициналык персоналдын саны (район боюнча) | 236 | 238 | 240 | 242 | 245 | 247 | 249 | |||||||||||||||||
| Калкты турак-жай менен камсыз кылуу (%) | 60% | 65% | 70% | 75% | 78% | 83% | 85% | |||||||||||||||||
| 3.2. Учурдагы кырдаалды анализдөө | ||||||||||||||||||||||||
| Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк.
– Чалк-Өйдө айылында 2020-жылы райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 50 куптан 2 даана суу кампа курулуп, арап демөөрчүлөр тарабынан айылдан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан булак суусунан желим түтүктөр тартылып, жол бойлоруна суу колонкалар жайгаштырылган. Элдер таза сууга эч кандай төлөм төлөшпөйт. Бекер болгондуктан короо жайларын сугарууга, кенири ачып коюшуп айрым коолонкаларда суу тартыштыгы жаралат. Сууга болгон сарамжал мамилени жаратуу үчүн ар бир үйгө суу тартып, атайын эсептегичтерди орнотуу зарылдыгы бар. Жалпысынан айылда таза суу жеткиликтүү. – Шамал-Терек айылында жалпыланган таза суу системасы жок. Айыл дарыя бойлоп жайгашкандыктан дээрлик көбү ичүүчү суу катары ошол дарыянын суусун пайдаланышат. Дарыя жаз мезгилинде (апрель, май айларында) ылайланып ичүүгө мүмкүн болбой калат. Андай учурда сууну тундуруп же болбосо жер алдынан (скважина) суу чыгарып алгандардан алып турушат. Жалгыз-Жангак, Ой-Жангак көчөлөрү дарыядан ыраакта жайгашкандыктан сууну ат-эшектер менен ташууга туура келет. Алай-Булак көчөсүндө ПРООН тарабынан 1500 метр алыстыктан булак суусун тартып келип, 45 кожолук таза суу менен камсыз болгон. Долбоор боюнча 6 эле колонкага ылайыкташкан булак болчу. Бирок элдер өздөрүнө ынгайлуу жерлерден колонка коюшуп, колонкаларды көбөйтүп жиберишкен. Натыйжада суу жетишсиздиги пайда болгон. Суу кампадан 2 труба чыгып, эки айылга кетет. Экинчи айылдан суу чыкпай калганда, биринчи айылга кеткен трубанын ичине чүпүрөк, жыгачтарды салып салышкан учурлар кездешкен. Учурда Алай-Булак көчөсүнө эч кандай суу чыкпай калган. Маселени чечүү үчүн суу кампанын көлөмүн чонойтуп, суу эсептегичтерди орнотуу керек болот. Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен Шамал-Терек, Чалк-Өйдө айылдарын таза суу менен камсыздоо программасына киргизүү. – Какыр, Ак-Жар, Большевик айылдарында таза суу линиялары тартылган. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасы тейлейт. Таза сууга болгон төлөмү ар бир кожолук үчүн бир айына 150 сомдон бекитилген. Жай мезгилдеринде суу тартыштыгы болот. Себеби короо жайларын сугарып, кранттарды ачык таштап коюшуп, суу чыгымга учурайт. Сууну сарамжалдуу пайдаланууга суу эсептегичтерди коюш керек болот. – Семиз-Көл айылында таза суу системасы тартылган эмес. Элдер ичүүчү суу катары колот аралап аккан булак суусун пайдаланышат. Колот турак үйлөрдөн төмөн жайгашкандыктан элдер суу моторлор менен үйлөрүнө тарттырып алышкан. Учурда Семиз – Көл айылына таза суу системасын куруу боюнча долбоору даярдалып жатат. 2025-жылга таза суу менен 85% камсыз кылуу пландалууда. |
||||||||||||||||||||||||
| Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу…
– Айыл аймакта катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу уюштурулган эмес. Элдер тиричилик калдыктарын өз короолорунда жок кылышат. Таштанды таштоочу жай курууга Ак-Жар айылынын “Катыранкы” жайыт жеринен 2 га жер аянтына чечим чыгып, 2025-жылы куруу иштери пландалууда. Таштанды чыгаруу айыл аймактагы эң курч маселе боюнча калууда. Себеби свалка курууга ылайыктуу жер жок. Катыранкы участкасы калктуу конуштан бийик жерде, 2 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кыш мезгилинде, жаан – чачын учурларда техниканын баруусу кыйынчылык жаратат. |
||||||||||||||||||||||||
| ИЧКИ ЖОЛДОР
Айыл аймагындагы ички жолдордун жалпы узундугу 86 км түзөт. 61 км жол шагыл төшөлгөн. 25 км жол топурак жол. 2021-жылы Большевик айылында С.Эшматов орто мектебине чейинки 1 километр жол Республикалык бюджеттен каржыланып, асфальт төшөлгөн. 2022-жылы ошол эле айылдагы А.Алтынбеков көчөсүнө да Республикалык бюджеттен жана элдин салымы менен 2 километр жолго асфальт басылган. 2023-жылы Большевик айылындагы К.Токошев көчөсүнө Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 1 чакырым жолго асфальт басылган. Ал эми 2024-жылы Р.Маматов көчөсүнө 1 км 130 метр аралыкка Ош облусттук өнүктүрүү фондунан, Чалк-Өйдө айылынын Чалк-Өйдө көчөсүнө Республикалык бюджеттен 1 чакырым ички жолдорго асфальт төшөлгөн. 2024-жылы АРИСтин CASA-1000 долбоору аркылуу Какыр, Большевик, Ак-Жар айылдарына 800 метрден жалпы 2400 метр тротуар курулуп, пайдаланууга берилди. 2025-жылга Чалк-Өйдө айылына 700 метр (7 066 538 сом), Какыр айылына 1000 метр (7 981 515 сом), Ак-Жар айылына 730 метр (5 289 477 сом) жолго смета долбоорлору даярдалып, Республикалык бюджеттин дем берүүчү грантка жана өнүктүрүү фонддоруна сунушталууда. |
||||||||||||||||||||||||
| Көчөлөрдү жарыктандыруу…
– Большевик, Ак-Жар, Какыр айылдарынын негизги жолу түнкү жарык менен толук камсыз болгон. Ички көчөлөрдүн айрым жерлеринде жарык коюлбаган. – Семиз-Көл айылынын негизги жолуна элдин жана айыл өкмөттүн салымы менен түнкү жарыктар толугу менен орнотулган. Таш булак участкасында уруксат кагаздары, жок болгондуктан уруксат алгыча өчүрүлгөн. Орто маала участкасында түнкү жарыктар күйүп калган. Алмаштыруу зарылдыгы бар. – Шамал-Терек айылынын Шамал-Терек, А.Курманкулов, Алай-Булак, Кара-Жыгач, Мөндөкө, Ындыбай участкаларында түнкү жарыктар орнотулган. – Чалк-Өйдө айылында да түнкү жарыктар орнотулган. Айрым прожекторлор күйүп жарактан чыккан. Жаныга алмаштыруу зарылдыктары бар. |
||||||||||||||||||||||||
| Спорттук секцияларга тартылган жарандар…
Спорт: ААдагы спортчулардын саны 2024-жылга карата 205 адам, мунун ичинен 60 кыздар деп болжолдонууда, бул чоң көрсөткүч эмес, бирок 2029-жылга карата спорттук машыгуу үчүн материалдык базаны өнүктүрүү жана спортту жайылтуу жолу менен аны 500 адамга жеткирүү пландаштырылууда. Айыл аймакта спорттун өнүгүшүнө төмөнкү маселелер таасир этет: – Заманбап талаптарга жооп берген заманбап спорт комплекстеринин жетишсиздиги (талапка ылайык жооп берген спорт комплекс, спорт залдарда машыгууга балдардын саны өсөт); – Спортчуларды даярдоо үчүн спорттук инвентарлар жетишсиз; – Айыл жергесинде спорттук оюндарды өткөрүү боюнча демилгелердин жоктугу; – Улуттук оюндарды өткөрүүгө колдоонун жоктугу; – Улуттук ат оюндарын өткөрүү үчүн ипподромдун жоктугу; – Аялдар үчүн атайын фитнес клубдун же атайын ден соолукту чыңдоо борборунун жоктугу; – Чуркоо жана велосипед тебүү үчүн атайын бөлүнгөн/жабдылган аймактардын жоктугу. |
||||||||||||||||||||||||
| Маданий өнүгүү: Айыл аймакта 5 айылдык маданият үйү, 2 айылдык китепкана бар. 2024-жылга карата маданий иш-чараларга катышуучулардын саны 500гө жакын адамды түзөт, бул багытта дагы көйгөйлөр бар:
– Атайын уюштурулган маданий иш-чараларга көпчүлүктүн кайдыгерлиги; – Маданият үйлөрүндө музыкалык аспаптардын (клавиатура, аккордеон, гитара ж.б.) жетишсиздиги; – Атайын форманын (көркөм кийимдердин) жетишсиздиги; – Бий залынын жана ага керектүү жабдуулардын жоктугу; – Шамал-Терек айылында клубдардын жоктугу . |
||||||||||||||||||||||||
| Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу
Кара-Шоро айыл аймагына караштуу 7 орто мектеп 5 мамлекеттик бала-бакча бар. Билим берүүдөгү негизги көйгөйлөр мектепке чейинки билим берүү тармагына байланыштуу, бала бакчаларда орундар жетишсиз жана көп сандагы балдар кезекте турат. 2024-жылы мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен балдардын 60% гана камтылган. СЭӨПтө каралган чаралардын аркасында 2028-жылы балдарды бул кызматтар менен камсыз кылуу 90% га көбөйүшү керек. – Квалификациялуу окутуучу адистерди тартуу (орус, кыргыз, англис, ж.б.); – Маалыматтык технологиялар боюнча адистерди даярдоо; – Көп тилдүү билим берүүнү киргизүү; – Окуу китептери менен толук кандуу камсыз кылуу (орус классы жана предметтери үчүн); – Лабораториялык жабдуулардын жетишсиздиги, көрсөтмө куралдардын жетишсиздиги; – Балдар менен ата-энелердин ортосундагы байланышты чыңдоо жана – педагогика жана психология маселелери боюнча консультацияларды өткөрүү (Эне мектеби); – Мектепти толук санариптештирүү, класстарга, ашканаларга, спорт залдарына видеокөзөмөл орнотуу; – Дистанттык окутууга жана модулдук системага класстан тышкаркы иштерди киргизүү; – Мектептердин материалдык-техникалык абалынын начардыгы; – Кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги.
|
||||||||||||||||||||||||
| Ден соолук маселелери:
Кара-Шоро айыл аймагында жалпы 6 ФАП айыл аймактын элине медициналык жардам көрсөтүп келет. Учурда ФАП тарда кээ бир медициналык жабдуулар жок. Айылдын санитардык абалы канааттандырарлык. Жугуштуу оорулардын чыгышы, бала бакчаларды, мектептерди жабуу фактылары катталган жок. Саламаттыкты сактоо тармагында төмөнкүдөй көйгөйлөр байкалат: – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кадрлардын жетишсиздиги; – Таза суунун жоктугунан гигиенаны сактоого шарт жок; – Атайын медициналык жабдуулардын жоктугу; (тиш дарылоо ж.б шаймандар) – Калктын жугуштуу оорулар жөнүндө маалыматынын жоктугу; – Айыл ичинде чалуулар болгондо жөө басууга туура келет, эгер бейтап катуу ооруп калса, унаа керек; – ФАПтардын жылуулук системасынын жоктугу; – Көмүр сактоочу жайлардын жоктугу; |
||||||||||||||||||||||||
| 3.3. Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу муктаждыктарына анализ жүргүзүү | ||||||||||||||||||||||||
| Артыкчылык | Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | ||||||||||||||||||||||
| Большевик айылындагы күрүч тангактоочу ишкананын ишин жандандырып, Какыр күрүчүн экспортко чыгарууга шарт түзүү | Жеке ишкерлердин каражаты менен жаны күрүч тангактоочу станок сатып алуу | 2025-2026-жылдар ичинде Какыр күрүчүн экспорттоого жол ачылат. Жыл ичинде 300 тонна күрүч экспортко чыгат. | ||||||||||||||||||||||
| Айылдардагы эскилиги жеткен жыгач электр мамычаларын жаңы бетон мамычаларга алмаштыруу | Жергиликтүү бюджет эсебинен 65 даана бетон мамычаларды сатып алуу | Электр энергиясы менен камсыз кылуу жакшырат | ||||||||||||||||||||||
| Айыл өкмөтү тарабынан сатып алынган Ак-Жар жана Какыр айылдарындагы 2 трансформаторду РЭТ ишканасына өткөрүп берүү | Баланска өткөрүп берүү иштерин жүргүзүү | Тейлөө сапаты жакшырат | ||||||||||||||||||||||
| Шамал-Терек айылынын Алай-Булак көчөсүнө 100дүк трансформатор сатып алуу | Долбоор жазып өнүктүрүү фонддоруна сунуштоо | Сапаттуу электр тогу менен камсыздалат | ||||||||||||||||||||||
| Какыр этно чайканасынын базасын кенейтүү | Улуттук баалуулуктарды чагылдырган жасалгаларды пайдалануу менен адамдардын эс алуусуна шарт түзүү | Туризм тармагы өнүгөт, | ||||||||||||||||||||||
| Ак-Жар айылындагы №22 М.Кулуев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын чатырын жана эшик, айнектерин алмаштыруу | Дем берүүчү грантка долбоорун сунуштоо | Билим берүүгө шарт түзүлөт | ||||||||||||||||||||||
| Семиз-Көл айылындагы Н.Кайназаров мектебине кошумча окуу класс, актовый зал, китепкана, ашкана куруу | Долбоорун бүтүрүп, ыкчам иш алып баруу | Билим берүүгө жакшы шарт түзүлөт | ||||||||||||||||||||||
| Какыр айылына типтүү жаны мектеп куруу | Мамлекет тарабынан курулат. Тиешелүү документ иштерин өз мөөнөтүндө даярдоо | Билим берүүгө шарт түзүлөт | ||||||||||||||||||||||
| Шамал-Терек айылындагы эски айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүп, бала бакчага кошумча имарат ачуу | Долбоордук сметасын иштеп чыгуу | Бала бакчада кошумча 1 группа түптөлөт. Жумуш орун пайда болот. | ||||||||||||||||||||||
| С.Эшматов атындагы орто мектепке кошумча имарат (кароолкана, актовый зал, эмгек кана) | Долбоордук сметасын иштеп чыгуу | Билим берүүгө шарт түзүлөт | ||||||||||||||||||||||
| Жаныбек Казы орто мектебине ажаткана куруу | Долбоордук сметасын иштеп чыгуу | Санитардык абал жакшырат | ||||||||||||||||||||||
| Ак-Жар айылынын А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басуу | Дем берүүчү грантка сунуштоо | А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | ||||||||||||||||||||||
| Какыр айылындагы Э.Жуманалиев көчөсүнө 999 метр аралыкка асфальт басуу | Ош өнүктүрүү фондуна сунуштоо | Инфраструктура жакшырат | ||||||||||||||||||||||
| Чалк-Өйдө айылынын Чалк-Өйдө көчөсүнө 700 метр аралыкка асфальт басуу | Дем берүүчү грантка сунуштоо | Инфраструктура жакшырат | ||||||||||||||||||||||
| Ички чарбалык жолдорго шагыл төшөө | Бюджеттен акча каржатын кароо | Жол каттам жакшырып, элге шарт түзүлөт | ||||||||||||||||||||||
| Семиз-Көл айылынын ички көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу | Тендердин негизинде түнкү жарыктардын запастык бөлүктөрү алынат | Жол коопсуздугу жакшырат | ||||||||||||||||||||||
| Шамал-Терек айылындагы ФАПтын чатырын кышка жылуулоого | Бюджеттен акча каражатын кароо | Саламаттыкты сактоо жакшырат, ФАПтын чатыры жылууланат | ||||||||||||||||||||||
| Большевик айылына Биогумус жана Еврозабор чыгаруучу иш кана ачуу | 20 жумуш орун пайда болот | Жумуш орун пайда болот, бюджетке киреше болот | ||||||||||||||||||||||
| Ак-Жар айылына кичи футбол аянтчасын куруу | Планга киргизүү | Жаштардын талим, тарбиясы өсөт | ||||||||||||||||||||||
| Шамал-Терек айылынын Көлдүк дарыясына 100 метр дамба куруу | Планга киргизүү | 25 Турак үй суу ташкынынан корголот | ||||||||||||||||||||||
| 3.4. Социалдык жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө тиешелүү бюджеттик инвестицияларга керектөөлөргө анализ жүргүзүү | ||||||||||||||||||||||||
| Инвестициялык артыкчылыктар | Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | |||||||||||||||||||||
| Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк | Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен калкты таза суу менен камсыздоо программасына кирген Шамал-Терек, Чалк-Өйдө айылынын жашоочуларын 100 % таза суу менен камсыз кылуу | 2025-2026-жылдар аралыгында ишке ашырылат. Шамал-Терек жана Чалк-Өйдө айылдарынын тургундары таза суу менен толук камсыз болот. | Пилоттук болуп кирген. Бирок сметасы даярдала элек. | |||||||||||||||||||||
| Семиз-Көл айылынын элин таза суу менен камсыздоо | Учурда долбоору даярдалып жатат. 2025-2026-жылдар аралыгында таза суу көйгөйү чечилет | Сметалык баасы белгилүү боло элек | ||||||||||||||||||||||
| Таштанды таштоочу жай куруу | Ак-Жар айылынын Катыранкы участкасына 2 га жер аянтка таштанды таштоочу жай куруу | 2025-2027-жылдар аралыгында таштанды таштоочу жай курулат | 2000,0 | |||||||||||||||||||||
| Ички жолдордун абалын жакшыртуу, асфальттоо | Ак-Жар айылынын А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басуу | А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 5289,5 | |||||||||||||||||||||
| Какыр айылындагы Э.Жуманалиев көчөсүнө 999 метр аралыкка асфальт басуу | Асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 7981,5 | ||||||||||||||||||||||
| Чалк-Өйдө айылынын Чалк-Өйдө көчөсүнө 700 метр аралыкка асфальт басуу | сфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 7066,6 | ||||||||||||||||||||||
| Көчөлөрдү жарыктандыруу | Семиз-Көл айылынын Таш-Булак участкасындагы түнкү жарыктарды электр тармактар ишканасынан уруксат кагаздарын алып, ишке берүү | Жол коопсуздугу жакшырат | 30,0 | |||||||||||||||||||||
| Семиз-Көл айылынын Орто маала участкасындагы жарактан чыккан түнкү жарыктарды алмаштыруу | Жол коопсуздугу жакшырат | 60,0 | ||||||||||||||||||||||
| Шамал-Терек айылынын Алай-Булак, Жалгыз-Жангак көчөлөрүнө түнкү жарыктарды орнотуу | Жол коопсуздугу жакшырат. 2 км ички көчө жарыктандырылат | 80,0 | ||||||||||||||||||||||
| Спорттук секцияларга жарандарды тартуу | С.Эшматов мектебинин эски корпусун ремонттоп Большевик айылындагы бокс боюнча клубдун базасын чонойтуу | Спортко тартылган балдардын саны көбөйөт | 1500,0 | |||||||||||||||||||||
| Э.Атакулов атындагы орто мектебине спорт комплекс куруу | 2025-2027-жылдар аралыгында ишке ашып, 200 бала спортко тартылат. | 12000,0 | ||||||||||||||||||||||
| Маданият чөйрөсүндөгү ийримге катышкан жарандардын санын көбөйтүү | Чалк-Өйдө айылындагы Т.Сабиракунов атындагы маданият үйүнүн материалдык базасын кенейтүү | 2025-жылы атайын трансферттик каражаттардын эсебинен маданият үйүнүн ички жасалгаларын жакшыртуу, музыкалык аппаратурасын жаны сатып алуу | 2500,0 | |||||||||||||||||||||
| Орто билим берүүчү мектептерде комуз, аккордеон кружокторун уюштуруу | Өнөрлүү жаш таланттар өсөт | Уюштуруу иштери | ||||||||||||||||||||||
| Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу | Шамал-Терек айылындагы эски айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүп, бала бакчага кошумча имарат ачуу | Бала бакчада кошумча 1 группа түптөлөт. 4 жумуш орун пайда болот. | 500,0 | |||||||||||||||||||||
| Семиз-Көл айылына үй шартында бала бакча ачууну уюштуруу | 2025-2026-жылдар аралыгында бала бакча ачылып, 50 бала бакчага тартылып, 15 адам жумуш менен камсыз болот | 5000,0 | ||||||||||||||||||||||
| Калкты турак-жай менен камсыз кылуу | Какыр айылындагы көчкү коркунучу бар тоону ташып чыгаруу менен коопсуз абалга келтирүү | Долбоор 2025-жылы ӨКМ тарабынан аткарылат. Топуракты ташып чыгаруу менен 28 турак үй коопсуз абалга келет. | ||||||||||||||||||||||
| 4.1. (таблица) Экономикалык өнүгүү (миң сом) | ||||||||||||||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
| 2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | ||||||||||||||||||
| Негизги фонддор (юридикалык жактар боюнча, үй чарба секторун эсепке албаганда)- (жылдын аягына карата толук наркы боюнча) | 10100,0 | 11200,0 | 11256,0 | 13923,0 | 15000,0 | 15600,0 | 17000,0 | |||||||||||||||||
| Экономиканын негизги секторлору боюнча товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү көлөмү: | 8868500,980 | 9426740,960 | 445341329,111 | 525314348,147 | 531902219,232 | 682442799,993 | 763022025,527 | |||||||||||||||||
| Айыл чарба: | 2593517,450 | 2634464,950 | 267398,450 | 2705984,950 | 2742506,436 | 2777721,058 | 2818977,450 | |||||||||||||||||
| Өсүмдүк өстүрүү | 2353,15 | 31272,7 | 31272,7 | 31272,7 | 31272,7 | 31272,7 | 31272,7 | |||||||||||||||||
| Мал чарбачылыгы | 1590383,5 | 1684482,0 | 1759605,0 | 1824819,563 | 1899034,925 | 1964249,557 | 2045275,189 | |||||||||||||||||
| Юридикалык жактардын өнөр жай продукциясынын көлөмү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Өнөр жай кызматтары | 80292,08 | 112457,36 | 140602,36 | 171627,36 | 201079,36 | 236859,62 | 271385,88 | |||||||||||||||||
| Жөнөтүлгөн продукциянын көлөмү | 3580094,7 | 4009657,9 | 47389657,9 | 4815025,9 | 5250151,9 | 5645277,9 | 6057840,9 | |||||||||||||||||
| Курулуш – негизги капиталга колдонулган инвестициялар – ар кандай объектилер боюнча жалпы суммада
|
38,5 | 95226,9 | 359977,4 | 479977,4 | 599977,4 | 689977,4 | 839977,4 | |||||||||||||||||
| Экономикалык иштин түрлөрү боюнча көрсөтүлгөн рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү: | 1000,0 | 1213,0 | 1313,0 | 1452,0 | 1600,0 | 1688,0 | 1882,0 | |||||||||||||||||
| Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Мейманканалардын жана ресторандардын иши | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Транспорттук иш-чаралар жана жүктөрдү сактоо | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Маалымат жана байланыш | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу | 140,0 | 124,0 | 180,0 | 247,0 | 260,0 | 288,0 | 312,0 | |||||||||||||||||
| Кыймылсыз мүлк операциялары | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Административдик жана көмөкчү иш-чаралар | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Түз инвестициялар: | ||||||||||||||||||||||||
| Айыл чарба | 2593517,450 | 2634464,950 | 267398,450 | 2705984,950 | 2742506,436 | 2777721,058 | 2818977,450 | |||||||||||||||||
| Өнөр жай | 80292,08 | 112457,36 | 140602,36 | 171627,36 | 201079,36 | 236859,62 | 271385,88 | |||||||||||||||||
| Курулуш | 3500,0 | 13526,0 | 394752250,0 | 514752250,0 | 520752250 | 670752250 | 750752250 | |||||||||||||||||
| Соода | 3580094,7 | 4009657,9 | 47389657,9 | 4815025,9 | 5250151,9 | 5645277,9 | 6057840,9 | |||||||||||||||||
| Транспорт жана байланыш | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Башка кызматтар | ||||||||||||||||||||||||
| Калдыктарды кайра иштетүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 2000,0 | 2500,0 | 3000,0 | |||||||||||||||||
| Калктын кирешеси: | ||||||||||||||||||||||||
| Орточо номиналдык эмгек акы | 14500,0 | 14500,0 | 14500,0 | |||||||||||||||||||||
| Эмгек мигранттарынын которуулары | 10800,000 | 9360,000 | 11700,000 | 7560,000 | 8100,000 | 10080,000 | 7560,000 | |||||||||||||||||
| Пенсиялардын орточо өлчөмү | 9223 | 9223 | 9723 | 10223 | 10723 | 11723 | 11923 | |||||||||||||||||
| Чакан жана орто бизнестен түшкөн кирешенин орточо өлчөмү | 20 000 | 25 000 | 30 000 | 35 000 | 38000 | 40 000 | 42 000 | |||||||||||||||||
|
АЙЫЛ ЧАРБА Кара-Шоро айыл аймагында калктын негизги киреше булактары айыл чарбасына багытталган. Жергиликтүү калк айыл чарбасында негизинен күрүч, кара өрүк, жаңгак, бал өндүрүү, айдоо жерлерде жүгөрү, көп жылдык чөп өстүрүү менен алектенет.Айдоо аянты 1796 га түзүп, мунун 470 га сугат айдоо. Калган 1326 га жер кайракы. Кайракы айдоо жерди иштетүүдө өзүн өзү актабайт. Дыйкандарга жерди иштетүү боюнча тажрыйбанын жоктугу түшүмдүүлүктү жана аракетти азайтат. Сугат жер аянттардын тартыштыгы, айыл чарба техникасынын тартыштыгы, техника кызматтарынын кымбаттыгы, айдоо жерлердин күчүн жоготуусу, климаттын туруксуздугу, сапаттуу уруктардын жетишсиздиги күйүүчү майга баанын кымбаттыгы, айыл чарба продукцияларын сатуу боюнча туруктуу соода тармактардын жоктугу, дыйкандар үчүн жеңилдетилген кредиттердин жетишсиздиги, айыл чарба продукциясынын экспорттоо үчүн шарттардын жоктугу көйгөй жаратат. Айыл аймактагы кайрак айдоолор жайгашкан жерлердин географиялык абалы татаал болгондуктан ал жерлерге сугат суу алып баруу кооптуулук жаратат. Себеби, агызып сугаруу учурунда көчкү жүрүп кетүү коркунучу жаралышы мүмкүн. Тамчылатып же жамгырлатып сугаруу ыкмасы аркылуу ишке ашыруу чон чыгымдарды талап кылат. Айыл аймакта көчкү коркунучу жаралган пайдаланылбай турган жер аянттары көп. Ал жерлерге эрте түшүмгө кирүүчү, сууну көп талап кылбаган (ит мурун, жангак, ж.б) бак дарактарды тигүүнү колго алуу зарыл. – Рынокто өтүмдүү, баалуу өсүмдүктөрдү өстүрүү – Асылдуулугу төмөн жайыттарды трансформациялап, бак тигүүгө ижарага берүү – Тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтуу – Дыйкандарды айыл чарбаны иштетүү боюнча тажрыйба алмаштырууну уюштуруу, алдыңкы инновациялык техникаларды колдонуу боюнча окутууларды уюштуруу – Айыл чарба техникасын Лизинг аркылуу алууну уюштуруу – Айыл чарба продукциялар боюнча жарнамаларды жана жарманкелерди уюштуруу – Дыйкандарды сапаттуу уруктар менен камсыз кылуу – Айыл аймагында инвестициялык климатты жакшыртуу максатында, ишкерлер жана жергиликтүү бийлик, инвесторлор арасында туруктуу диалогдук аянтчаларды калыптандыруу; – Аймактын жер аянттарын инвентаризациялап жаңы картографиялык материалдарды түзүү; – Айыл чарба багытындагы кичи жана орто бизнеске муниципалдык менчикти жана жерди ижарага алууга ачык айкын жана тең мүмкүнчүлүк түзүүчү жобону түзүү жана ишке киргизүү.
МАЛ ЧАРБА Аймакта мал чарбасында жергиликтүү калк негизинен төрт түлүк (кой, эчки, уй, жылкы) багуу менен алектенип келет. Акыркы жылдары малдын саны кескин көбөйүп, бирок сапаты жакшыртылбаганын белгилөөгө болот. Мал багуу акылары жана тоют кымбат. Бул нерселер мал кармоодо чыгымды көбөйтүп, кирешени азайтат. Мал багууда көп көйгөйлөр бар. Жайыт жетишпейт, жайыттар деградацияга учураган. Жакынкы жана алыскы жайыттар өз убактысы менен колдонулбагандыктан, жайыттар топурагы чыгып калган. Аймакта 1 ветеринардык кызматчы иштейт. Бул өтө эле жетишсиз. Азыркы учурда малды жасалма уруктандыруу пункттары уюштурула элек. Кара-Шоро айылында 1 морчо пункту бар. Айылдар чачкын болгондуктан, 1 морчо (купка) жетишсиз. Жандык малдар жуутка түшпөгөндөн улам, мал арасында оору кездешет. Тоют даярдоодо жер аянттары кайракы жана жетишсиз. Эт жана сүт багытындагы асыл тукум малдарды багууга көңүл бөлүнбөйт. – Мал чарба продукциясынын натыйжалуулугуна жетишүү. – Эл арасында малды асылдандыруу боюнча маалымат компаниясын өткөрүү – Малды асылдандыруу боюнча адистерди кайра даярдоо. – Жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу. – Ветеринардык кызматтардын сапатын жакшыртуу. – Паразитологиялык оорулардын алдын алуу үчүн “купка” уюштуруу долбоорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. – Вет.аптекаларды уюштуруу. – Ветеринардык адистерди даярдоо үчүн жылына 1 адис окутуу.
Чакан соода сатык. Айыл жеринде чакан соода сатык өнүгүүдө. Айыл аймак боюнча базар жок. Анткен менен айылдарда дүкөндөр жана кичи дүкөндөр көбөйүүдө. Бирок, жарандардын соода сатык жасоодо жайгашкан жеринин мыйзамсыздыгы жана салык кызматында катталбай ишмердүүлүк жүргүзүүсү көйгөй жаратат. – Жеке менчик экенине карабастан дүкөн курулган аянттын пайдалануу багытын коммерциялык багытка өзгөртүү боюнча калк арасында түшүндүрүү – Ишкердик кылган адамдарды салык кызматына каттоо Кызмат көрсөтүү. Айыл аймакта кызмат көрсөтүү жанданууда. Кызмат көрсөтүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө. Кызмат көрсөтүү дээрлик бардык тармакта өнүгүүдө. Акыркы жылдардагы техникалардын түрү жана саны көбөйгөнү, кызматты жарнама кылуунун жеңилдегени жана жарандардын өзөштүрүүсү – бул тармактын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүдө. Бирок, бардык эле кызматтар мыйзамдуу жүрүп жатат дегенге болбойт. Калк арасында ишмердүүлүктү каттабастан, өз алдынча жүргүзгөндөрдүн саны басымдуу. – Кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамдуу каттоого алуу. – Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерине мыйзамдуу таасир этүү жана жергиликтүү бюджетке киреше булагын көбөйтүүгө жетишүү |
||||||||||||||||||||||||
| 4.2. Учурдагы кырдаалды жана экономикалык адистешүүнү талдоо | ||||||||||||||||||||||||
| Айыл аймактын экономикасында айыл чарбасынын чоң үлүшү (60%) аймактын экономикалык адистештирилгендиги менен түшүндүрүлөт. Мында мал чарбасы алда канча алдыда турат – жалпы айыл чарба продукциясынын 83% . Айыл чарба продукциясынын өсүү темпи да бир топ жогору, ал 2023-жылдагы 6% дан 2029-жылы 8%ке чейин өсөт. Ошол эле учурда ААнын агрардык сектору дагы бир катар көйгөйлөр менен мүнөздөлөт:
Аймактын оор географиялык жайгашуусу – катаал климат, жаздын кеч келиши жана узак кыш, кургакчылык; Дыйкандардын жер иштетүү боюнча тажрыйбасы жетишсиз; Айыл чарба техникасынын жетишсиздиги; Сугат суунун тартыштыгы; Өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген кредиттердин аз болушу; Күйүүчү майдын баасынын туруксуздугу; Асыл тукум малды көбөйтүү иштери колдоого алынбай келүүсү; Айыл чарба продукциясын сатуу боюнча туруктуу соода түйүндөрүнүн жоктугу; Айыл чарба продукциясын экспорттоого шарттын жоктугу; Кайра иштетүүчү ишканалардын жетишсиздиги.
Мал чарба тармагында адистештирилген чарбалардан тышкары, сүт жана сүт азыктары үчүн үй малын пайдалануу кеңири колдонулат, бул үй чарбаларына кошумча пайда алып келет. Мындан тышкары, көрүнүктүү айыл чарба продукциясын өндүрүүдө анча активдүү эмес. Сүттү кайра иштетүүчү ишкана иштеп, сырдын бир нече түрүн чыгарып, ички рынокко сатыкка чыгарууда. Мамлекеттин жана бейөкмөт уюмдардын жардамы менен фермерлерди, аялдарды, жаштарды жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүн окутуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Мал чарбачылыгын колдоо үчүн мындан ары фермерлерди окутуу программаларын колдоо, айыл чарбасында айыл чарба кооперативдерин түзүүгө дем берүү, жаш фермерлерге жардам көрсөтүү, калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүн мал чарбачылык көндүмдөрүн үйрөтүү пландаштырылууда. Малды ветеринардык көзөмөлгө алуу жана эмдөө иштерин жакшыртуу боюнча чаралар каралат, ошондой эле саан уйларды багуу жана багуу технологиясы боюнча окуу-тарбия иштери жүргүзүлүп, долбоорлор аркылуу сүт багыьындагы уйларды сатып алуу иштери жүргүзүлөт. Мындай иш-чараларга жаштардын, аялдардын жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат . ААнын аймагында климаттык оор шарттарга карабастан, айыл чарба өсүмдүктөрүн мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы өбөлгөлөр бар. Аймактын мал чарбасы адистештирилгендигин эске алып, бул жерде негизги басым тоют даярдоого бурулат. Буга көп жылдык чөптөрдүн жетиштүү жыштыгы бар аймактагы талаалар көмөктөшөт. Маданий чөптөрдүн ичинен эспарцет, беде жана бир жылдык чөптөр басымдуулук кылат, ошондой эле жүгөрү айдоону жайылтуу менен чыктуу тоют (силос) дагы пайдаланылат. ААнын климаттык шарттарында картошка, сабиз, кызылча, сарымсак ж.б. өстүрүү келечектүү болуп саналат. Мындан сырткары карагат, ежемалина, малина, чычырканак өстүрүү иштери улантылат. Ошондой эле бул жерде тоют даярдоо боюнча үзгүлтүксүз окуу иш-чаралары өткөрүлүп, фермер аялдарга жана калктын аялуу катмарына үрөн менен камсыздоодо колдоо көрсөтүлөт. Өсүмдүк чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча чаралардын жана иш-чаралардын кеңири спектри каралат: жакынкы жайыттарды эс алдырып, алыскы жайыттарды пайдаланып түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, чөптүн үрөнүн себүү; Калктын бардык катмарына, анын ичинде аялдарга, жаштарга жана калктын аялуу катмарына айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн натыйжалуу ыкмалары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, органикалык жер семирткичтерди колдонууга, которуштуруп айдоого, сапаттуу үрөндөрдү пайдаланууга басым жасалат; бош же суу баскан жерлерде тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү; деградациясын болтурбоо боюнча алдын алуу чаралары; жарандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу үчүн үрөн чарбасын түзүү; айыл чарба жарманкелерин өткөрүүгө көмөктөшүү; Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жардамы менен сугат сууларынын пайдаланылышына жана адилет бөлүштүрүлүшүнө көзөмөл жакшырат, оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлөт; бардык жашоочулар муктаждыктарына жараша сугат суусуна ээ болушу үчүн схема түзүлөт; суу алуу системасы бирден жөнгө салынат; айылдын ички ирригациялык тутумунун картасы түзүлүп, көйгөйлүү аймактар аныкталат; Айылдын ички арыктары тазаланат; суу акысын чогултуу боюнча маалымат системалаштырылат.
Экономиканын башка тармактары активдердин кыйла чектелген комплекси менен берилген. Бүгүнкү күндө ААда 23 дүкөн, 1 наабайкана, кымыз жана сүт сатуучу соодагерлер (2,5-3 ай гана иштейт), 1 май куюучу жай, 1-кафе-ашкана бар. Учурда жеңил өнөр жай бир кыйла тез өнүгүп жатат: үй шартында тигүү цехтери ачылып, аялдар жумуш менен камсыз болуп жатат. Экономиканын башка тармактарын өнүктүрүү үчүн төмөнкү чаралардын комплекси каралган: калктын кеңири катмарына, анын ичинде аялдарга, жаштарга жана аялуу топтордун өкүлдөрүнө ишкердиктин негиздерин үйрөнүүгө көмөктөшүү, анын ичинде туризм тармагында; ишкер аялдарды окутуу жана финансылык сабаттуулук боюнча айыл тургундарынын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча жеке иш-чаралар; айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү; кол өнөрчүлүк борборун уюштурууга жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүнө катышууга колдоо көрсөтүү;
|
||||||||||||||||||||||||
| 4.3. Экономикалык өнүгүү муктаждыктарын талдоо (анын ичинде тике (жеке) инвестициялар). | ||||||||||||||||||||||||
| Артыкчылык | Мүмкүн болуучу чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | |||||||||||||||||||||
| Яма “Беккари” чуңкуру | Узуну 4 туурасы 4 Чуңкуру 12 метрлик тереңдик | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен (250,0 миң) сом | |||||||||||||||||||||
| Вет клиника салуу | Мал даарылатуу,кой кыркуу, ветеринардык жардамдарды көрсөтүү. | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен же уюмдардан (2254,0 мин сом | |||||||||||||||||||||
| Малды купкага салуу | Малдарды даарылоо | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен же уюмдардан (70,0 миң) сом | |||||||||||||||||||||
| Жасалма уруктандыруу | Уйларды жасалма уруктандыруу | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен же уюмдардан (120,0 миң ) сом | |||||||||||||||||||||
| Раскол малдарга вакцинациялоо | Малдарга вакцина сайуу, бирка чип басуу, эмдөө жүргүзүү | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен же уюмдардан ( 40,0 миң) сом | |||||||||||||||||||||
| Крематорий (малдардын өлүктөрүн өртөө) сатып алуу | Айылдан алыс жерге өрттөө | Калкка кызмат көрсөтүү | Жергиликтүү бюджеттен же уюмдардан ( 250,0 мин) сом | |||||||||||||||||||||
| БАРДЫГЫ жергиликтүү бюджеттин каражаттары | 250,0 | |||||||||||||||||||||||
| БАРДЫГЫ биргелешкен катышуу каражаттары | 2734,0 | |||||||||||||||||||||||
| БАРДЫГЫ тике инвестициялар | 0 | |||||||||||||||||||||||
| 4.4. Экономикалык өнүгүүгө тиешелүү бюджеттик инвестицияларга болгон муктаждыктарга анализ жүргүзүү | ||||||||||||||||||||||||
| Инвестициялык артыкчылыктар | Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | |||||||||||||||||||||
| Чакан кайра иштетүү ишканаларын түзүү | Жеке ишкерлерге жер маселеси боюнча жардам берүү | Жаңы жумушчу орун түзүлөт | жеке ишкерлер | |||||||||||||||||||||
| 5-БӨЛҮМ. ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ | ||||||||||||||||||||||||
| 5.1. (таблица) Инклюзивдүү өнүгүү (адам) | ||||||||||||||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
| 2021 г. | 2022 г. | 2023 г. | 2024 г. | 2025 г. | 2026 г. | 2027 г. | ||||||||||||||||||
| Иштей ала турган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (адам) | 120 | 124 | 123 | 131 | 135 | 138 | 140 | |||||||||||||||||
| Иштей албаган оор майыптыгы бар адамдар (адам) | 5 | 5 | 5 | 4 | 4 | 4 | 4 | |||||||||||||||||
| Өтө жакыр адамдар (адам) | 30 | 30 | 29 | 26 | 20 | 18 | 16 | |||||||||||||||||
| Турмуштук оор кырдаалдагы балдар (адам) | – | – | – | – | – | – | – | |||||||||||||||||
| Турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөр (бир.) | 4 | 1 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Алыскы калктуу конуштардын калкы (адам) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Эмгек мигранттарынын жашы 18ге жете элек балдары (адам) | 288 | 331 | 272 | 263 | 260 | 255 | 210 | |||||||||||||||||
| Этникалык азчылыктар (адам) | ||||||||||||||||||||||||
| Аялдар (адам) | 6926 | 7428 | 6972 | 6927 | 6930 | 6933 | 6940 | |||||||||||||||||
| Аялдар (калктын жалпы санынан% ) | 49,8 | 52,2 | 49,8 | 50,0 | 50,0 | 50,0 | 50,0 | |||||||||||||||||
| Улгайган (жалгыз) (адам) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Калктын жалпы санындагы калктын аялуу топторунун бардык категорияларынын (аялдардан тышкары) жалпы үлүшү (%) | 3,2 | 3,4 | 3,1 | 3,1 | 3,0 | 2,9 | 2,5 | |||||||||||||||||
| Гендердик зомбулук учурлары (бир.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Кризистик борборлордун болушу (бир.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| 5.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү | ||||||||||||||||||||||||
| Кара-Шоро айыл аймагында 2023-жылы калктын саны 14010 адамды түзсө, анын ичинен калктын аялуу катмары 429 адамды түзүп, жалпы калктын 3,1 % түзгөн. Ал эми 2022-жылы калктын аялуу катмарынын пайыздык көрсөткүчү 3,4% ды түзгөн. 2021-жылга караганда 2022-жылы 44 адамга калктын аярлуу катмарынын саны көбөйгөн. Себеби мигрант ата-энелеринин саны көбөйгөн. Ал эми өтө жакыр адамдардын саны 2024-жылга 2023-жылга караганда 3 адамга азайган. Себеби дыйканчылык жана Россия өлкөсүндө эмгектенишип, кирешелери көбөйүп, жашоо шарттары жакшырды. Миграциядагы калктын саны көп болуп жатат. Себеби алар айыл аймакка келип, турак жай салып ынгайлашып жашоого шарт жок. Турак жай куруу үчүн жер тилкелери жок. Бул курч маселе боюнча калууда. Экинчи жагынан жумуш орундарынын жоктугу, миграциянын агымын арттырат.
-кичи ишканаларды ачып, жумуш орундар менен камсыздап, миграциянын санын кыскартуу; -жакыр үй-бүлөлөргө женил шарттар менен сугат жерлерди берүү; – турак үйлөрдү куруп жашоого жер тилкелерин берүү; |
||||||||||||||||||||||||
| 5.3. Инклюзивдик өнүгүү муктаждыктарына анализ жүргүзүү | ||||||||||||||||||||||||
| Артыкчылык | Мүмкүн болуучу чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | ||||||||||||||||||||||
| Билим берүүнү жана жумуш менен камсыз кылууну жакшыртууга колдоо көрсөтүү | Азык-түлүк программасы аркылуу калктын аялуу катмарын окутууну уюштуруу, мисалы: Сыр жасоо, кийиз буюмдарын жасоо. | 2024-2029 | ||||||||||||||||||||||
| Жакырларды колдоо | Кышкысын көмүр сатып алуу үчүн АК каражат бөлөт | Ар жылы | ||||||||||||||||||||||
| Кошумча киреше алуу үчүн үй кожойкелерин ишке орноштуруу | АА калктын аялуу катмарындагы аялдарды иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу үчүн ишкерлер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. | 2024-2029 | ||||||||||||||||||||||
| Жакырчылыкты азайтуу үчүн калктын аялуу топторунун арасында өсүмдүк өстүрүү боюнча ар кандай тажрыйбаларды жайылтуу | Жаңы ыкмалар менен ар кандай дары чөптөрдү, суу крести жана чычырканактарды өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу аркылуу киреше булактарын кеңейтүү | 2024-2029 | ||||||||||||||||||||||
|
|
||||||||||||||||||||||||
| 6-БӨЛҮМ. МЕЙКИНДИК | ||||||||||||||||||||||||
| 6.1. (таблица) Мейкиндик | ||||||||||||||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
| 2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | ||||||||||||||||||
| Аймактын жалпы аянты (га) | 35193 | 35193 | 35193 | 35193 | 35193 | 35193 | 35193 | |||||||||||||||||
| Жер категориялары (га): | ||||||||||||||||||||||||
| Айыл чарба жерлери (бардыгы): | 7296 | 7296 | 7296 | 7290 | 7290 | 7290 | 7290 | |||||||||||||||||
| анын ичинде айдоо аянттары | 1793 | 1793 | 1793 | 1793 | 1793 | 1793 | 1793 | |||||||||||||||||
| сугарылбаган (кайрак) | 994 | 994 | 994 | 994 | 989 | 985 | 980 | |||||||||||||||||
| сугат айдоо жерлер | 798,8 | 798,8 | 798,8 | 798,8 | 803,8 | 807,8 | 802,8 | |||||||||||||||||
| анын ичинде жайыттар | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | |||||||||||||||||
| анын ичинде жеке | – | – | – | – | – | – | – | |||||||||||||||||
| анын ичинде АЖМФ | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| анын ичинде иш жүзүндө колдонулган | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | 3094 | |||||||||||||||||
| анын ичинде колдонулбаган (баланс) | – | – | – | – | – | – | – | |||||||||||||||||
| Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер (бардыгы): га | 0,20 га | 0,20 га | 0,20 га | 0,24 | 0,30 | 0,33 | 0,45 | |||||||||||||||||
| Иш жүзүндө колдонулган | 0,20 га | 0,20 га | 0,20 га | 0,24 | 0,24 | 0,30 | 0,35 | |||||||||||||||||
| Колдонулбаган (баланс) | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||||||
| Калктуу конуштун жерлери (бардыгы га): | 509 | |||||||||||||||||||||||
| анын ичинде турак жай курулушу | 90 | |||||||||||||||||||||||
| Иш жүзүндө колдонулган | 509 | |||||||||||||||||||||||
| Колдонулбаган (баланс) | – | |||||||||||||||||||||||
| Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (ӨКЖА) жерлери | – | |||||||||||||||||||||||
| Токой фондусунун жерлери | 9024 | |||||||||||||||||||||||
| Суу фондусунун жерлери | 232 | |||||||||||||||||||||||
| Запастагы жерлер: | ||||||||||||||||||||||||
| Иш жүзүндө колдонулган | ||||||||||||||||||||||||
| Колдонулбаган (баланс) | ||||||||||||||||||||||||
| Аймактын айыл чарба жерлеринин жалпы аянтындагы иш жүзүндө пайдаланылуучу айыл чарба жерлеринин үлүшү (%) | ||||||||||||||||||||||||
| Инженердик инфраструктура менен камсыздалган турак жай куруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынын үлүшү (%) | – | |||||||||||||||||||||||
| Инженердик инфраструктура менен камсыз кылынган өндүрүштү жайгаштыруу үчүн арналган жер участокторунун аянтынын үлүшү (%) | ||||||||||||||||||||||||
| Категория боюнча пайдаланылбаган же кошумча жерлерди пайдалануу зарылдыгынын прогнозу (га): | ||||||||||||||||||||||||
| Айыл чарба жерлери | ||||||||||||||||||||||||
| Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жерлери жана башка багыттагы жерлер (бардыгы) | ||||||||||||||||||||||||
| Калктуу конуштун жерлери (турак жай курулушу) | 599 | |||||||||||||||||||||||
| Токой фондусунун жерлери | 9024 | |||||||||||||||||||||||
| Суу фондусунун жерлери | 232 | |||||||||||||||||||||||
| 2024-жылга карата аймактагы жалпы айыл чарба багытындагы жерлердин көлөмү 7296 га түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 6 га жер аянтына кыскарып кеткен. Мунун себеби, мыйзамсыз курулган турак жайларга мунапыс берилип, ушул аянттагы жер аянты калктуу конуш категорияга трансформацияланган. Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер 2024-жылга карата 3,5 га жерге көбөйгөн Айыл чарба багытындагы жерлердин ичинен мамлекеттик фонддун жери 1793 га. Болжол менен Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлердин аянты акырындап өсүшү күтүлөт. Анткени, бул категориядагы жерлерге талап өсөт. Айыл чарба багытындагы жерлердин ичинен жайыт жердин аянты кыскарышы мүмкүн. Себеби, калктуу конушка которулуучу жер аянттары көбүнчө жайыт жерлерге тийиштүү.
Айыл аймакта турак жай жетишсиздиги бар. Азыркы учурда 800дөн ашуун адам турак жай үчүн кезекте турат. Бирок, турак жай үчүн трансформациялоого ылайыктуу жер аянттары аз. Азыркы кезде айыл өкмөтү 15 га жер аянтын трансформациялоону пландап жатат. Бул аянт 240 үй-бүлөнүн гана муктаждыгын чечет. Ошондуктан, турак жай үчүн жер аянтын өлкөнүн башка аймагынан да табууга аракеттер жасалышы керек болот. Мурунку кезде архитектуралык талаптарды сактабай, план жок турак жайлар чачкын түрдө салынып калган. Мыйзамсыз турак жайларга болгон мунапыс мыйзамына негиз, 60 турак үй мыйзамдаштырылган. Мунун бир тобу калктуу конуштун сыртында чачкын жайгашкандыктан, инфраструктурасы начар. Жолу жок, таза суу менен камсыздалган эмес. Ошондуктан, турак жай ээлери менен биргеликте, бул маселелерди жакынкы жылдары чечүү үчүн аракеттер керек. – Жер аянтын трансформациялоо |
||||||||||||||||||||||||
| 6.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү | ||||||||||||||||||||||||
| Айыл аймактын Чалк-Өйдө, Семиз-Көл, Шамал-Терек айылдары кууш капчыгайдын ичинде дарыя бойлоп жайгашкан. Ал эми Какыр, Ак-Жар, Большевик айылдары тегиз түздүктө жайгашкан. Жалпы аймак боюнча кооптуу аймакта жашаган атуулдардын басымдуу бөлүгү ушул айылдарда кездешет. Семиз-Көл, Чалк-Өйдө, Шамал-Терек айылдарында дээрлик сугат жерлер жок эсе. Айыл аймак боюнча турак жай куруу үчүн кезекте тургандардын саны 800 дөн ашат. Ал эми кезекке тура элеги да көп. Айыл аймакта турак жай фондусунда эч кандай жер тилкеси жок. Акыркы 3 жылда аймакта жерлер трансформация болгон жок. Себеби трансформациялоого ылайыктуу жердин жоктугу. Турак жай куруу үчүн жер тилке тартыш десек туура болот. | ||||||||||||||||||||||||
| 6.3. Мейкиндик планынын элементтери | ||||||||||||||||||||||||
| Мейкиндик планын өзгөртүүдөгү чаралар же ниеттер: | Күтүлгөн жыйынтыктар: | |||||||||||||||||||||||
| 7-БӨЛҮМ. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ | ||||||||||||||||||||||||
| 7.1. (таблица) Айлана-чөйрө | ||||||||||||||||||||||||
| Категория | факт | күтүлгөн. | прогноз | |||||||||||||||||||||
| 2021 ж. | 2022 ж. | 2023 ж. | 2024 ж. | 2025 ж. | 2026 ж. | 2027 ж. | ||||||||||||||||||
| Жаратылышты коргоо зоналарынын, ӨКЖА, микрокоруктардын аянты (га) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Токойлор ээлеген аймак, анын ичинде жайылма токойлор (га) | 3337 | 3337 | 3337 | 3337 | 3337 | 3337 | 3337 | |||||||||||||||||
| Токойлорду калыбына келтирүү (га) | 0 | 0 | 0 | 0 | 1,0 | 1,5 | 3,0 | |||||||||||||||||
| Деградацияланган жайыттардын аянты (га) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Малдын жайытка болгон жүгү (1 айда 1 гектарга шарттуу малдын башынын саны) | ||||||||||||||||||||||||
| Деградацияланган жайыттардын жалпы жайыт аянтына карата үлүшү (%) | ||||||||||||||||||||||||
| Деградацияга дуушар болгон айыл чарба жерлеринин аянты (га) | ||||||||||||||||||||||||
| Деградацияланган жайыттардын жалпы аянтына карата калыбына келтирилген жайыттардын үлүшү (%) | ||||||||||||||||||||||||
| Энергияны үнөмдөө. Кожолуктардын жылытуу үлүшү (%): | ||||||||||||||||||||||||
| борбордук жылытуу | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| электр энергиясы | 3 | 3,2 | 4 | 5 | 5 | 5 | 5 | |||||||||||||||||
| газ | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| меш жылытуу | 95 | 95 | 95 | 95 | 95 | 95 | 95 | |||||||||||||||||
| башка орнотуулар | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| башка кайра жаңылануучу булактар же энергияны үнөмдөөчү орнотуулар (мисалы, көпкө күйүүчү мештер ж.б.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| КТК полигондорунун саны (даана) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| КТКны кайра иштетүү боюнча ишканалар же коңшу аймактардагы мындай ишканалар менен макулдашуу (бир.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Санкцияланбаган полигондордун саны (бир.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Кен казып алуу тармагынын объекттери (бир.) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Экологиялык тобокелдиги жогору кен казып алуу тармагынын объекттери (даана) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| Тазалоочу курулмалар аркылуу өткөн саркынды суулар (%) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||||||||||||||||
| 7.2. Учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүү | ||||||||||||||||||||||||
| Айыл аймактын Чалк-Өйдө, Шамал-Терек айылдарын аралап Көлдүк дарыясы агып өтөт. Жаз айларында дарыянын ылай агуусу күтүлөт. Ал эми Семиз-Көл айылында айылды аралап чакан көлөмдөгү булак суусу агып өтөт. Суусу шор.
– ЖӨБ аймагында кандай жаратылыш ресурстары бар жана алардын абалы кандай (жайыттардын, токойлордун абалы, суунун көлөмү жана анын сапаты, жер ресурстарынын, дарыялардын жана суу түбүндөгү экосистемалардын сапаты жана саны, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жапайы жана кызыл китепке кирген түрлөрүнүн болушу, абанын сапаты)? (сүрөттөө) – Экологиялык маселелерди чечүү үчүн иштеген аймакта кандай уюштуруу структуралары (формалдуу жана формалдуу эмес) бар? Айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча иш алып барган жамааттар барбы? Эгер бар болсо, алар кайсы багыттар боюнча иш алып барышат? (көрсөтүлсүн) – ЖӨБ органдарынын аймагында айлана- чөйрөнү коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын жана климаттын өзгөрүү тобокелдиктерин азайтуу боюнча тармактык пландар аткарылып жатабы? Аткарылып жатса, кайсы багыттар боюнча? (тактоо) – Бул аймакта айлана-чөйрөнүн жана/же суу ресурстарынын абалына таасир этүүчү өндүрүштөр же объекттер, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирүүчү объекттер/булактар, мисалы, калдык сактоочу жайлар, тоо-кен жана химиялык өндүрүштөр, отканалар, мал союучу жайлар, уруксат берилбеген таштанды төгүүчү жайлар ж.б. барбы? (көрсөтүлсүн) – Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана/же микрокоруктар барбы? (көрсөтүлсүн) – Бул аймакта климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер пайда болобу, мисалы, сугат суунун жетишсиздиги, ичүүчү суунун сапатынын төмөндөшү жана тартыштыгы, табигый кырсыктардын тобокелдиктери, жаздын аягында жана/же эрте жаздагы үшүк алуу, катуу шамал, жаан-чачындын көбөйүшү же азайышы ж.б.у.с.? (сүрөттөө) – Катуу тиричилик калдыктарын, саркынды сууларды жана тазалоочу курулмаларды башкаруу чөйрөсүндө кандай көйгөйлөр бар? Жооптордун варианттары:
– Аймакта коркунучтуу пестициддер көмүлгөн жерлер, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар бар мал көмүлгөн жерлер же өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын очоктору барбы? (көрсөтүлсүн) Өсүмдүк өстүрүүдө пестициддер же башка күчтүү химиялык заттар, же мал чарбачылыгында дарылар колдонулабы? Колдонулса, кайсынысы жана кайсы көлөмдө? (көрсөтүлсүн) |
||||||||||||||||||||||||
| 7.3. Экология маселелери | ||||||||||||||||||||||||
| Артыкчылык | Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | ||||||||||||||||||||||
| Биринчи кезектеги муктаждыктардын бири көрсөтүлөт, мисалы, «Суу алгычтагы тазалоочу курулмаларды оңдоо» | Натыйжага жетүү үчүн эмне кылыш керек, мисалы, “Жабдууларды сатып алуу жана орнотуу, анын ичинде _____” | Бул жерде баалуулуктар менен натыйжа жана бул натыйжаны алууга мүмкүн болгон убакыт көрсөтүлөт, мисалы, “Коопсуздук талаптарын сактоо менен уюштурулган суу менен камсыздоо кызматтарынан пайдалануучу калктын үлүшүн 95%га чейин көбөйтүү” | ||||||||||||||||||||||

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 14 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
“М.Кулуев” жана “Жаныбек Казы” орто мектептеринин эски жараксыз от казандарын сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы “М.Кулуев” жана Чалк-Өйдө айылындагы “Жаныбек Казы” орто мектептеринин эски жараксыз от казандарынын сатуу сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы “М.Кулуев” жана Чалк-Өйдө айылындагы “Жаныбек Казы” орто мектептеринин эски жараксыз от казандарын сатуу сунушуна макулдук берилсин.
- Сатуудан түшкөн акча каражаты жергиликүү бюджетке төгүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 15 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында салык жана салык эмес киреше төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси К.Дүйшеевтин маалыматын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү салык боюнча тарифи:
- Таштанды чыгаруудан алынуучу салык 100 (бир жүз) сом.
- Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн мүлк салыгынын зоналык коэффициенти 1,4 өлчөмүндө бекитилсин.
- Кара-Шоро айыл аймагында пенсионерлерге, Афган жана Баткен согушунун 1-2-топтогу майыптарына, баатыр энелерге, 8 сотыхке чейин там арка салыгынан 100% жеңилдик берилсин.
- Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн мүлк салыктары 2025- жылдын 1-январынан тартып жергиликтүү бюджетинин эсебинде калтырылсын.
- Аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 16 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү жөнүндө
Кара-Шоро айыл аймагында социалдык мекеме уюмдардын жанында спирт ичимдиктерин 500 метр жакын аралыкта сатууга тыюуу салуу жөнүндө айылдык кеңештин депутаты А.Жумабаевтин сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Шоро айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айыл аймагында социалдык мекеме уюмдардын (мектеп, бала бакча, спорттук аянтчалар, ФАП жана мечит) короосуна 500 метр жакын аралыкта спирт ичимдиктерин сатууга тыюуу салуу жөнүндө айылдык кеңештин депутаты А.Жумабаевтин сунушу бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кенешинин “Мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 17 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү маселесин карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Мамытова Чынара Маматовнанын талапкерлиги жактырылсын.
- Жактырылган талапкердин документтери токтоосуз түрдө Борбордук Шайлоо Комиссиясына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 18 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Шамал-Терек айылынын тургуну Э.Досумбетовтун арызын кароо жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Шамал-Терек айылынын тургуну Э.Досумбетовтун жеке турак жай салууга берилген 0,18 га жер тилкесинин 0,04 га аянтына коомдук мончо салып калкты тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Шамал-Терек айылындагы идентификациялык коду 5061310010425 сандуу А.Курманкулов көчөсүнүн № 91 дарегинде жайгашкан Досумбетов Элдияр Осмоновичке жеке турак жай салуу үчүн берилген 0,18 га жер тилкесинин 0,04 га аянтына, коомдук мончо курууга жана жердин багытын калкты тейлөөгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү Өзгөн райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 19 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы орто мектебинин жараксыз абалдагы эски имаратын бузуу жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы орто мектебинин жараксыз абалдагы эски имаратын аукцион аркылуу сатууга жарыялар берилип, бирок эч бир кардар катышпай келгендигине байланыштуу, элдик ашар жолу менен аталган эски имаратты бузуу боюнча, депутат У.Ибраимовтун сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы орто мектебинин жараксыз абалдагы эски имаратын аукцион аркылуу сатууга жарыялар берилип,бирок эч бир кардар катышпай келгендигине байланыштуу, элдик ашар жолу менен аталган эски имаратты бузууга макулдук берилсин.
- Бузуу учурунда пайдаланылган техникалардын ээлерине кызмат акысын жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жана комиссия түзүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.
- Жарактуу материалдарын комиссиянын чечиминин негизинде сатууга чыгарылсын.
- Сатуудан түшкөн акча каражаты жергиликүү бюджетке төгүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылыщынын II сессиясынын
ТОКТОМУ
16-январь, 2025-жыл. № 20 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы Таза-Суу ишканасынын суу кампасы жайгашкан жер тилкесинин үлүштүк жер ээлерине, кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен тиешелүү үлүшүн берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 13-беренесине”, ”Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык депутат А.Жумабаевтин аталган айылдагы Таза-Суу ишканасынын суу кампасы жайгашкан жер тилкесинин үлүштүк жер ээлерине, кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен тиешелүү үлүшүн берүү сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Большевик айылындагы Таза-Суу ишканасынын суу кампасы жайгашкан жер тилкесинин үлүштүк жер ээлери менен макулдашуунун негизинде, айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен, тиешелүү үлүшүн берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
7-февраль, 2025-жыл. № 21 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылда аткарган иштеринин жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун бекитүү жөнүндө.
Кара-Шоро айылдык кеңеши айыл өкмөт башчысынын 2024-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана бюджеттин пайдаланылышы боюнча отчетун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевтин, 2024-жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана белгиленген бюджеттин аткарылышында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Айыл өкмөтүнүн ишинин негизги багыты бюджетти көтөрүү, донор уюмдар, өнүктүрүү фондтору жана инвесторлор (АРИС, ЮСАИД, ПРООН ж.б) менен тыгыз кызматташып, долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы уюштуруу иштеринде болсун.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
7-февраль, 2025-жыл. № 22 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө.
Кара-Шоро айлдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн” Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн ”Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Токторбай уулу Бекзаттын 2024-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
7-февраль, 2025-жыл. № 23 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата пландалган бюджетин жана төлөм тарифтерин бекитип берүү жөнүндө.
Кара-Шоро айылдык Кенеши “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата малдын санына, жайыт аянтынын арендалары, таза суу, сугат суу төлөмдөрү жана техникалык кызмат көрсөтүү боюнча каражаттарынын негизинде пландаштырылган бюджети боюнча маалыматын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечиминин негизинде 2025-жылдан баштап төлөм тарифтери төмөндөгүчө бекитилсин.
- Жайыт акысы кой- эчкиге 40 (кырк) сом, мал, жылкыга 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө, ички жайытка акысы кой- эчкиге 10 (он) сом, мал, жылкыга 50 (элүү) сом.
- Сугат суу пайдалануу үчүн 1 га айдоо аянтына 1500 (бир миң беш жүз) сом, 1 га шалы айдоо аянтына 2500 (эки миң беш жүз) сом.
- Ичүүчү таза суу бир түтүнгө көчөдөгү крандан пайдалангандар үчүн 150 (бир жүз элүү) сом, короодон пайдалангандарга 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.(Ар бир айга)
- Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалангандар үчүн ар бир сотых жерге 150 (бир жүз элүү) сом өлчөмүндө төлөнсүн.
- Өзгөн токой чарбасы жана “Кара-Шоро Улуттук Паркы” жайыттарына Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары келишимдин негизинде чыгып, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жайыттарын келишимсиз кошо пайдалангандыгына байланыштуу жайыт төлөмдөрүнүн 50 пайызы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн.
- Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги техникалардын бир жылдык ижара акысы МТЗ 89,2 трактору 200000 (эки жүз миң) сомго, МТЗ 82 трактору 300000 (үч жүз миң) жана ДТ 90 каз тамандуу трактору 100000 (бир жүз миң) сомго белгиленсин.
- Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата пландаштырылган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 5033700 (беш миллион отуз үч миң жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
7-февраль, 2025-жыл. № 24 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл аймагынын элинин мал багуудагы ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын бекитүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши айыл аймагынын айылдарындагы жалпы элдик чогулушунда кабыл алынган ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү. Жайыт жетишсиздигинен сырттан мал жандыктарын алып кирүүгө тыюуу салуу. Кара-Шоро жайлоосунун Кең-Түс, Ак-Таш, Карагай-Төр алыскы жайыттарындагы 200 га жер аянтын пайдаланып келген Мырза-Аке айылынын тургуну Базарбаева Зайнага 2025-жылдан тартып келишим түзүүнү токтотуу жана аталган жайыттарга Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларын жайгаштыруу маселесин карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ички жайыттан сырткы жайытка көчүрүү 2025-жылдын 5-майынан кеч эмес, көчүрүп келүү 5-сентябрдан эрте эмес мөөнөткө белгиленсин.
- Кызмат көрсөтүүдөгү мал акылары, айына кой эчкиге 200 (эки жүз) сом, мал жылкыга 800 (сегиз жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
- Кара-Шоро айыл аймагынын тургундарына 1-2ге чейиин саан уй, 1-5ке чейин кой-эчкиден алып калууга уруксат берилип, 2025-жылдын 1-майынан баштап бада уюштурулсун жана субай малдарды алып калууга тыюу салынсын.
- 2025-жылдын 5-майынан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштурулгандыгына байланыштуу, мал ээлери кароосундагы малга көзөмөлдүктү күчөтүүсү аткарылсын.
- Айыл аймактын ички, жакынкы, алыскы жайыттарына башка айыл өкмөттөрдөн, райондордон жана облустардан мал алып кирүүгө тыюуу салынсын.
- Кара-Шоро жайлоосунун Кең-Түс, Ак-Таш жана Карагай-Төр алыскы жайытындагы
200 га жер аянтын пайдаланып келген Мырза-Аке айылынын тургуну Базарбаева
Зайнага 2025-жылдан тартып келишим түзүү токтотулсун. Аталган жайыттарга Кара- Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларына келишим түзүү жагы “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын Жайыт башкаруунун башкы адиси О. Карабашевке милдеттендирилсин.
- Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калгандарга, жайыттарга көчүү конуу эрежелерине жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 17-беренесинин 185-186-193 статьяларына ылайык жоопко тартылаары эскертилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “ Айыл чарбачылыгы боюнча“ туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Жайыт башкаруунун негизги милдети катары, алыскы жакынкы жайыттарды туура пайдалануу жана малчыларга шарт түзүү, жайыт пайдалануу тартибин көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү жагы болсун.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
7-февраль, 2025-жыл. № 25 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл аймагынын 2025-2030- жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү «Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планын» бекитүү жөнүндө.
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы Кара-Шоро ОГУЛдун жумушчу тобунун төрагасы Шермамат уулу Бектурдун «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы» CS-FOR долбоорунун алкагында даярдалган 2025-2030- жылдарга орто мөөнөттүү «Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планы» жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айыл аймагынын 2025-2030- жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү «Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планы» тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кара-Шоро айыл аймагынын 2025-2030- жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү «Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планынын» аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Шоро айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам
Төрага: З. Кадырбеков
Кара-Шоро айылдык кеңешинин
2025-жылдын 7-февралындагы
кезексиз 3- сессиясынын
№25 токтому менен бекитилген
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
ӨЗГӨН РАЙОНУ
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ
2025 -жылдан 2030-жылга чейинки мезгилдерге
орто мөөнөттүү жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планы
Ак-Жар айылы
МАЗМУНУ
КИРИШҮҮ
1-БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
1.1. Айыл аймагы жана токой чарбасы[1] жөнүндө маалымат – географиялык абалы, климаты, айылдары жана калкы
1.2. Жаратылыш ресурстарын, анын ичинде токойлорду жана жайыттарды башкарууга жооптуу адамдар жөнүндө кыскача маалымат
2-БӨЛҮМ. ТОКОЙ ЧАРАБАНЫН ЖАНА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ
2.1. ААнын жайыт ресурстары
2.1.1. Жайыт участокторунун картасы
2.1.2. Жайыт ресурстарынын жалпы мүнөздөмөсү (аянты, түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу, абалы, карталар, мезгилдүүлүгү)
2.1.3. Жайыт инфраструктурасынын объекттери жана анын абалы
2.1.4. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну эске алуу менен жайыттардын абалына баа берүүнү талдоо
2.2. Жер ресурстары
2.2.1. Жерлердин категориялары
2.3. Мамлекеттик токой фондунун (МТФ) жаратылыш ресурстары
2.3.1. МТФ жайыттарын пайдалануу
2.3.2. МТФ жайыттарынын абалын баалоо
2.3.3. МТФ жайыттарын башкаруу
2.4. Токой ресурстары
2.4.1. МТФ токойлору жөнүндө жалпы маалымат
2.4.2. МТФ жана ӨКЖА кирбеген токойлор жөнүндө маалымат
2.5. Суу ресурстары
2.5.1. Суу ресурстарынын курамдык бөлүктөрү (саздар, дарыялар, көлдөр, булак суулары)
2.6. Биотүрдүүлүк
3-БӨЛҮМ. МАЛДЫН САНЫ ЖАНА АЛАРДЫН ЖАЙЫТ ТОЮТУНА БОЛГОН КЕРЕКТӨӨСҮ
3.1. Шарттуу малдын башы
3.2. 5 жылга болжолдонгон шарттуу малдын саны жана тоютка болгон керектөө
3.3. Сезонго жараша жайыттарда жана жайыттардан башка жерлерде тоюттун көлөмү
3.4. Даярдалуучу тоюттун көлөмү
3.5. Тоют балансы
3.6. Малдын асылдуулугун жакшыртуу
3.7. Эпизоотияга каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу
4-БӨЛҮМ. ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ, АЛАРДЫ ЖАКШЫРТУУ ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА 5 ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛГЕ АДАПТАЦИЯЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ОРТО МӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
4.1. Фокус-топтун жыйынтыгы боюнча жайыт пайдалануучулардын муктаждыктарын баалоону талдоо
4.2. Жайыт ресурстарын башкаруу планы
4.2.1. Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча иш-чаралар
4.2.2. Жайыттарды пайдалануу планы
4.2.3. Жайыттарды башка максаттар үчүн пайдалануу жана башкаруу планы
4.3. Жер ресурстарын башкаруу планы
4.3.1. Жер фондусун жакшыртуу боюнча чаралар
4.3.2. Пайдаланылбаган жана деградацияланган жерлерди пайдалануу планы
4.4. Токой эмес жер ресурстарын башкаруу планы
4.4.1. МТФ жайыт ресурстарын баалоо планы
4.4.2. МТФ жайыттарына мал жаюу графиги
4.4.3. Токой жерлерин айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдалануунун планы
4.5. Токой ресурстарын башкаруу планы
4.5.1. Токой ресурстарын көбөйтүү боюнча иш-чаралар
4.5.2. Токойдун жыгач эмес ресурстарын пайдалануу боюнча иш-чаралар
4.5.3. Мамлекеттик токой фондусунун жерлерин дыйканчылык, чөп чабуу жана бал челектерди жайгаштыруу үчүн пайдалануу
4.5.4. МТФ жерлерин маданий-ден соолукту чыңдоо максатында пайдалануу планы
4.6. Суу ресурстарын пайдалануу планы
4.6.1. Суу ресурстарын сактоо боюнча иш-чаралар
4.6.2. АА аймагынын суу жетпеген аймактарына суу чыгаруу боюнча иш чаралар
4.6.3. Суу коргоо зоналарын түзүү боюнча чаралар
4.7. Биологиялык ресурстарды башкаруу планы
4.7.1. Эң маанилүү биотүрдүүлүккө мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу
4.7.2. Туристтик ишмердүүлүк үчүн аймактарды аныктоо
4.7.3. Кичи корук аянттарын уюштуруу
4.8. Мал чарбасын башкаруу планы
4.8. Малдын асылдуулугун жакшыртуу боюнча иш чаралар
4.8.2. Тоют базасын жакшыртуу боюнча иш чаралар
4.8.3. Эпизоотияга каршы иш чаралар
4.9. Жайыттарды башкаруу боюнча адистердин жана ОГУЛдун потенциалын жогорулатуу
5-БӨЛҮМ. КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ИШ-АРАКЕТТЕРДИН АБАЛЫ ЖАНА ӨНҮГҮҮСҮ
5.1. Аялдар үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууну эске алуу менен кошумча нарк чынжырларын түзүү потенциалын талдоо
5.2. КНЧти түзүү жана өнүктүрүү стратегиясы
5.3. Каржылоо жана колдоо
6-БӨЛҮМ. ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУДАГЫ ГЕНДЕРДИК АСПЕКТИ
6.1. Гендердик теңчилик жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу
6.2. Гендердик бөлүштүрүлгөн маалыматтарды чогултуу
6.3. Жаратылыш ресурстарын башкаруунун гендердик планын иштеп чыгуу
7-БӨЛҮМ. КОМПЛЕКСТҮҮ БАШКАРУУНУН ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ
Кыскартуулар
| АА | Айылдык Аймак |
| CS—FOR | “Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестициялоо аркылуу көмүртекти секвестрациялоо” долбоору |
| АИК | Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо |
| АӨ | Айыл өкмөтү |
| АРИС | Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги |
| ГЛФ | Мамлекеттик токой фонду |
| КРС | Ири мүйүздүү мал |
| ЛХ | Токой чарбасы |
| МВРСХПП | Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги |
| МЖП | Мамлекеттик жаратылыш паркы |
| МиОП | Жайыттардын абалына Мониторинг жүргүзүү жана баалоо |
| МП | Муниципалдык ишкана |
| МЧС | Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
| НДЛП | Жыгач эмес токой продуктылары |
| ОГУЛ | Жаратылышты башкаруу боюнча жамааттык топ |
| ОМСУ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы |
| ӨКЖА | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы |
| ПИО | Жасалма уруктандыруу пункту |
| ПКУПРУИК | Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планы |
| РКФР | Орус Кыргыз өнүктүрүү Фонду |
| РУАР | Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы |
| СВ | Кургак зат |
| СИНС | Коомчулуктун муктаждыгын биргелешип аныктоо |
| УГ | Шарттуу баш |
| УДП | Узак мөөнөттүү пайдалануудагы участок |
| УПР | Жаратылыш ресурстарын башкаруу |
| ФГ | Фокус топ |
| ЦДС | Кошумча нарк чынжырчасы |
| ЧВС | Жеке ветеринардык адис |
| ЧМЖ | Майда жандыктардын чумасы |
КИРИШҮҮ
Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планы (ПКУПРИУИК) “Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестициялоо аркылуу көмүртекти секвестрациялоо” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.
ПКУПРИУИК – бул жергиликтүү калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экологиялык, экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын эске алуу менен жаратылыш ресурстарын комплекстүү пландаштыруу жана башкаруу.
Жаратылыш ресурстары, анын ичинде Кара-Шоро айыл аймагынын мамлекеттик жайыттары жана токойлору мамлекеттин менчигинде болуп, башкаруу жана пайдалануу, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 8-июлундагы Токой Кодекси, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы Суу кодекси, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыттар жөнүндө” токтому МТФ жерлерин тескөө жана пайдалануу үчүн” жана Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
ПКУПРИУИК токой жана жайыттарды башкаруунун тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан бекитилген Жайыттарды жана токойлорду башкаруу планын иштеп чыгуунун типтүү жоболоруна ылайык, анын ичинде суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин 04-13/152, 15.05.2024-жылдардагы буйругу менен бекитилген башкаруу планын иштеп чыгуунун типтүү жобосуна, ошондой эле токой чарбаларын башкаруу пландарынын формасына ылайык иштелип чыккан.
Бул план ОГУЛдун жумушчу тобу тарабынан иштелип чыгып, тиешелүү токой чарбасынын өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын, анын ичинде райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (РУАР) катышуусу менен айылдык аймактын жалпы чогулушунда жактырылды.
ПКУПРУИК – жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып, жактырылган жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча айыл өкмөттөрү жана токой чарба ишканалары менен тиешелүү келишимдерди түзгөн бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
ПКУПРУИКтин максаты: жаратылыш ресурстарынын абалын жакшыртуу, анын ичинде жайыт жана токой аянттарынын абалын жакшыртуу; токой аянттарын көбөйтүү, жайкы жана алыскы жайыттарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу; сүт өндүрүүнү жана малдын салмагын көбөйтүү, климаттын өзгөрүп жаткан шарттарында токой пайдалануучулардын, жайыт пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоо жана алдын ала иш-аракеттерди өнүктүрүү аркылуу мал чарбасын өнүктүрүүгө жана жамааттын мүчөлөрүнүн кирешелеринин өсүшүнө өбөлгө түзүү жана жакырчылыкты кыскартуу. Планды толугураак ишке ашыруу үчүн жаратылыш ресурстарын башкарууга кеминде 30% аялдарды жана жаштарды тартуу пландаштырылууда. Ишке ашыруу мөөнөтү 5 жыл.
1-бөлүм. жалпы маалыматтар
- Айыл аймагы жана токой чарбасы жөнүндө маалымат – географиялык абалы, климаты, айылдары жана калкы.
1.1 Географиялык абалы.
Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Шоро айыл аймагы 2024-жылы аймактык реформанын негизинде мурдагы Ак-Жар жана Көлдүк айыл аймактарынын базасында бириктирилип жаны аталыш менен Кара-Шоро айыл аймагы болуп түзүлгөн.
Кара-Шоро айыл аймагы райондун чыгыш тарабында жайгашып, Жазы дарыясынын түштүк тарабында Өзгөн-Кара-Шоро жолунда 37-чакырымды камтып күн чыгышты карай созулуп жайгашкан.
Кара-Шоро айыл аймагынын Кара-Шоро айыл өкмөтү Ак-Жар айылында жайгашкандыктан айыл аймагынын административдик борбору Ак-Жар айылы болуп саналат. Ак-Жар айылы Өзгөн районунан 25 чакырым, ал эми Ош областынын борборунан 90 чакырым, жакынкы темир жол станциясынан 66 чакырым, жакынкы эл аралык аэропорттон 92 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кара-Шоро айыл аймагы 6 калктуу конуштан турат. Алыскы айылдары Чыгыш-Түштүгүндө Чалк-Өйдө айылы жана Батыш-Түштүгүндө Семиз-Көл айылдары жайгашкан. Бул айылдары шарты өтө катаал, каттамдары өтө оор болуп эсептелет. Кара-Шоро айыл аймагы негизинен орто шарттуу айыл аймактардын катарына кирет.
Кара-Шоро айыл аймагы деңиз деңгээлинен 1200-2005 метрге чейин бийиктикте жайгашкан. Жеринин жайгашуусу жогорудагы айтылган алыскы 2 айылды кошпогондо адырлуу орто түздүктө жайгашкан айыл аймак.
Айыл аймагы түндүгүнөн Жазы дарыясы жана Жазы айыл аймагы, Түштүк жана Батыш тарабынан Мырза-Аке, Чыгышынан Салам-Алик, Чыгыш-Түштүгүнөн Кара-Кулжа районунун тоо кыркалары менен чектешет.
1-таблица. Калк жана үй чарбалары жөнүндө маалымат
| № | Айылдардын аталышы | Калктын саны* | Кожолуктардын саны* | Айыл башчысы | Формалдуу эмес лидерлер |
| 1. | Ак-Жар | 2180 | 424 | Мадаморов Т. | Суюмбоев Э. |
| 2. | Большевик | 3560 | 521 | Ибраимов У. | Абдукеримова А. |
| 3. | Какыр | 1809 | 327 | Жокоев Д. | Кокоева М. |
| 4. | Семиз-Көл | 1181 | 216 | Алымканов Т. | Карабашев О. |
| 5 | Шамал-Терек | 3666 | 510 | Туташов А. | Ысакбаева А. |
| 6 | Чалк-Өйдө | 1447 | 280 | Артыков О. | Тойгонбай уулу Дайыр |
| АА боюнча баары: | 13843 | 2278 |
Кара-Шоро айыл аймагынын аянты жалпысынан 143000 км2. Айыл аймагында калктын саны- 13843 адам. Кожолуктардын саны- 2278.
2-таблица. Айылдар боюнча калктын саны
|
№ |
Айылдардын аталыштары |
Кожолуктун
саны |
Калктын саны | Эркек тер | % | аялдар | % | Жаш айырмачылыгы | ||
| 0-15 жаш | 16-57 жаш | 58 жаштан
жогору |
||||||||
| 1 | Ак-Жар | 424 | 2180 | 1084 | 1096 | 646 | 1795 | 198 | ||
| 2 | Какыр | 327 | 1809 | 898 | 911 | 594 | 1640 | 203 | ||
| 3 | Большевик | 521 | 3560 | 1778 | 1782 | 966 | 1250 | 176 | ||
| 4 | Семиз-Көл | 216 | 1181 | 598 | 583 | 417 | 1079 | 155 | ||
| 5 | Шамал-Терек | 510 | 3666 | 1830 | 1836 | 976 | 2530 | 325 | ||
| 6 | Чалк-Өйдө | 280 | 1147 | 728 | 419 | 307 | 688 | 118 | ||
| Бардыгы | 2278 | 13843 | 6916 | 49,9 | 6927 | 51,1 | 3906 | 8982 | 1175 | |
Климаты. Кара-Шоро айыл аймагында кескин континенталдуу климат болуп эсептелет. Жылдын 4 мезгили толугу менен өкүм сүрөт. Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында акыркы мезгилдерде климат өзүнүн тен салмактуулугун жоготконун белгилешет. Тээ союз мезгилиндеги учурда болжол менен 35-40 жыл мурунку мезгилде төрт мезгил өз ыргагы менен өкүм сүрчүү эле. Азыркы учурда тенденция жоголуп кышы женил, жайы катаал болуп жатканын байкоого болот. Себеби кыш чилдеде кээ бир жылдары нөшөрлөгөн жамгыр жүрүп кышкы ызгаар сууктар басандап калды. Ал эми февраль март, апрель, май айларында күн жогорку ысык климатта болуп Жай мезгилинде нөшөрлөгөн жамгыр жаап эгиндерди жыйноо, чөп оруу учурларында дыйкан фермерлерге терс кесепеттерин тийгизген учурлар көбөйдү.
Негизинен кышкы суук күндөр декабрь жана январь айларында болууда. Абанын орточо температурасы -15°С, февраль айында кардын жаашы кийинки учурда кескин азайып жылуулук өкүм сүрүп жатат. Ал эми жаз айлары да жылуу болгон учурлар байкалып малды жакынкы жайыттарга чыгарышып эгин эгүү да эрте эгилип кургак учурлар көп байкалууда. Бул мезгилдерде абанын орточо температурасы +20 -25°C чейин жетүүдө. Эгер жаз мезгили жогорудагыдай жылуу болсо, жай айлары катаалдашып, узака чейин нөшөрлөп жааган жамгырга айланып, дыйканчылык аймактарда эгилген эгиндерди сел алып кетүү коркунучтары көбөйүүдө. Чөп оруу, жыйноо учурунда да терс кесепетин тийгизип орулган чөптөрдү чиритип жиберген учурлар көп кездешип калды. Кээ бир жылдары жазы катаал, жамгыр көп болгон учурларда жайыттарга көчүп чыгуу графиктен артта калып кечигүү учурлар болсо, жай мезгили өтө ысып кетип орточо температура +40-45°Cга чейин жетүүдө. Мындай кургакчылык учурлар элибиздин экономикасына өтө терс таасир берүүдө.
Жергиликтүү тургундардын байкашынча жылдык орточо температура жогорулап климаттын кескин ысып кетишинен дыйканчылык талааларында да, жайыттарда да токойчулук чарбаларында да түшүмдүүлүктүн начарлап кетиши ачык эле байкалууда. Мисалы:
- Жайыттардагы майда булактар такыр эле соолуп, малдын сууга болгон муктаждыктарынан фермерлердин кирешеси да төмөндөөдө. Төрт түлүк малдын сууга болгон муктаждыгы, жайыттардын деградацияланышы, чөптөрдүн куурап калышы экосистемага болгон терс таасир:- бул секвестрациялоонун начарлашы.
- Чөп ормо аянттар да кургакчылыктын кесепетинен тоюттун түшүмдүүлүгү төмөн болууда.
- Ошондой эле дыйканчылык аймактарында да суунун тартыштыгы жаралып, суу жетишсиздиктен талаш-тартыштар жаралып, дыйкандар арасында да келишпестиктер күч алып калган учурлар кездешет. Суу тартыштыгынан түшүмдүүлук начарлап кирешелер төмөн болууда.
1.2 Жаратылыш ресурстарын, анын ичинде токойлорду жана жайыттарды башкарууга жооптуу адамдар жөнүндө кыскача маалымат
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык мамлекеттик менчиктеги жайыттарды башкаруу боюнча жоопкерчилик жана көзөмөл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген. Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык, токой чарбаларынын аймактары Кыргыз Республикасынын токой чарбачылыгын башкаруучу мамлекеттик органынын башкаруусунда болот.
CS-FOR долбоорунун алкагында Кара-Шоро айыл аймагынын ар бир айылында өткөрүлгөн айылдын киришүү чогулуштарында Айылдын Жаратылышты башкаруунун жамааттык тобу (ОГУЛ) түзүлдү жана ОГУЛдардын арасынан Айыл аймактын денгээлиндеги Жаратылышты башкаруунун жамааттык тобун түзүү үчүн ар бир айылдан 2ден т. а. 12 делегат шайланып келишти жана аларды айыл аймактын денгээлинде өткөрүлгөн Конференцияда бекитип беришти. Натыйжада Кара-Шоро айыл аймагында Жаратылышты башкаруу боюнча жамааттык тобу (ОГУЛ) түзүлүп, CS-FOR долбоору менен коомчулуктун арасында байланыш түзгөн коммерциялык эмес уюм катары кызматташып баштады.
Айыл өкмөт башчысынын буйругунун негизинде ОГУЛдун 7 адамдан турган жумушчу тобу түзүлдү. Бул жумушчу топ “Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климатка туруктуулук планын” (ЖРКБКТП) жазуу жумуштарын аткарат.
3-Таблица. Токойлорду жана жайыттарды башкарууга жооптуу адамдар
| № | Аты, Жөнү | Кызматы | Дареги |
| 1 | Сатыбалдыев Равшан | Айыл өкмөт башчысы | Салам-Алик айылы |
| 2 | Карабашев О. | МИ Жайыт башкаруучу адис | Семиз-Көл айылы |
| 3 | Орозалиев О. | МИ Жайыт башкаруучу адис | Шамал-Терек айылы |
| 4 | Сыдыков Мухамбет | Ветинспектор | Шамал-Терек айылы |
| 5 | Жусупбеков Акбар | Жер адиси | Шамал-Терек айылы |
| 6 | Табалдыев Абдыкалил | ОГУЛ торагасы | Семиз-Көл айылы |
| 7 | Мадоморов Топчубай | Айыл башчы | Акжар айылы |
Жайыттарды башкаруунун структурасы
| Жайыттар |
| АО башчысы |
| Муниципалдык ишкана |
| ОГУЛ, Жумушчу топ |
| Ветеринар |
| Жер адиси |
| Жайыт адиси |
| Айыл
башчысы |
| Айыл
башчысы |
| Айыл
башчысы |
| Айыл
башчысы |
| Айыл
башчысы |
| Айыл
башчысы |
| Айылдын ОГУЛ
|
| Айылдын ОГУЛ
|
| Айылдын ОГУЛ
|
| Айылдын ОГУЛ
|
| Айылдын ОГУЛ
|
| Айылдын ОГУЛ |
4-таблица Кара-Шоро айыл аймагында атайын айыл чарба техникалары тууралуу маалымат
| № | Айылдардын аталышы | Атайын техникалардын аталыштары | Саны |
| 1 | Айыл өкмөт | Каз тамандуу трактор ДТ-90 | 1 |
| Дөнгөлөктүү Беларус -82 | 2 | ||
| Чоп тангактагыч | 1 | ||
| 2 | Семиз-Көл | Дөнгөлөктүү трактор (Китай) | 8 |
| ЭШКА чөп оруучу | 4 | ||
| 3 | Шамал-Терек | Дөнгөлөктүү трактор (Китай) | 3 |
| 4 | Ак-Жар | Дөнгөлөктүү трактор (Китай) | 4 |
| ЭШКА чөп оруучу | 1 | ||
| 5 | Большевик | ЭШКА чөп оруучу | 3 |
| Дөнгөлөктүү трактор (Китай) | 11 | ||
| 6 | Какыр | Дөнгөлөктүү трактор (Китай) | 21 |
| Дөнгөлөктүү Беларус -82 | 8 | ||
| ЭШКА чөп оруучу | 1 | ||
| Эксковатор | 1 | ||
| Бардыгы: | 69 |
2-БӨЛҮМ. ТОКОЙ ЧАРАБАНЫН ЖАНА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ
2.1. ААнын жайыт ресурстары
2.1.1. Жайыт участокторунун картасы
№1 карта. Жайыт участокторунун картасы
№2 карта. Жайыт инфраструктурасы
2.1.2. Жайыт ресурстарынын жалпы мүнөздөмөсү (аянты, түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу, абалы, карталар, мезгилдүүлүгү)
Айыл аймагынын жайыт жерлеринин жалпы аянты 14014 га түзөт. Кара-Шоро АА мал жаюунун колдонуудагы системасы жайыттарды башкарууда участкаларын (санын) же – зонасын (зоналарынын/кыркаларынын санын) камтыйт. Ошондой эле, мал түшүм жыйналгандан кийин айдоо аянттарында, Шалы аянтттарында кыш мезгилинде күн ачык күндөрү толук багылат. Ар бир жайыт участогунда талаа жана шалбаа жайыттары бар. Пайдалануу мезгили боюнча жайыттар жазгы-күзгү, жайкы, кышкы болуп бөлүнөт, бирок иш жүзүндө жайыттар сезондору боюнча жазгы-жайкы, жазгы-жай-кышкы; жайкы; күзгү-кышкы жана жыл бою жайыттар катары пайдаланылат.
Жайыт ресурстарын мүнөздөөгө жайыттардын электрондук карталары колдонулат. Пландагы эсептөөлөр жамааттык карталоону түзүү учурунда алынган маалыматтарга ылайык жүргүзүлөт.
Кара-Шоро айыл аймагында пайдаланылбаган жайыттар эгерде бар болсо (участканын аталышы жана анын себептерин/эмне үчүн пайдаланылбай жатканын айтып бериңиз, мисалы: отоо чөптүү, уулуу, бадалдуу, таштуу, аскалуу, тик, татаал климаттык ж.б).
8-таблица. Жайыт участокторунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат
| № | Жайыт участогу |
Пайдала нуу мезгили (Карта №1) |
Пайдала нуу мезгили
|
Жайыттардан башка жерлер, га | Жайыт, га | Жалпы жайыт аянттары, га | ||
| Жалпы аянты | Анын ичинен | |||||||
| Пайдала
нылбаганы |
Пайдала
нылганы |
|||||||
| 1 | Шамал -Терек (Алай Булак, Ой Жангак, Чукума, Алтын башат, Карга жайлоо, Бел, Туйгун терек) | Жазгы – күзгү | Жаз, күз, кыш | 0 | 1446 | 0 | 1446 | 1446 |
| 2 | Чалк Өйдө (Жалгыз Тал, Секелек, Кен Төр) | Жаз, күз | Жаз күз | 0 | 2228 | 0 | 2228 | 2228 |
| 3 | Камыр (Көбүргөн, Тегерек, Тогуз Булак, Көк мойнок, Көл, Байчечекей) | Жай | жай | 0 | 1293 | 0 | 1293 | 1293 |
| 4 | Чар-Таш (Минме) | Жай | жай | 0 | 1154 | 0 | 1154 | 1154 |
| 5 | Кумайкы (Жүрөк таш, токсон кемпир) | Жай | жай | 0 | 569 | 0 | 569 | 569 |
| 6 | Жол Чавай (Балоон короо,Чон чабай) | Алыскы жайыт, Жай | жай | 0 | 890 | 0 | 890 | 890 |
| 7 | Сур Таш | Жай | жай | 0 | 1261 | 0 | 1261 | 1261 |
| 8 | Катыранкы (Мамадан булак, Чалка, Таш тумшук, Токтосун колот, Жуманазар колот, Камбар булак, Ысмайыл дөбө, Үч жар) | Жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 0 | 268 | 0 | 268 | 268 |
| 9 | Таш Булак (Сары кунгой, Кен колот, Долоно бел) | Жаз-күз | жаз, күз, жай ,кыш | 0 | 215 | 0 | 215 | 215 |
| 10 | Сасык (Арпалуу) | Жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 0 | 250 | 0 | 250 | 250 |
| 11 | Кара-Ой (Акташ, Айры белес, Кереге таш Омурзак, Чечен сарай, Кызыл, Тоок кана, Тамчы булак) | Жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 0 | 363 | 0 | 363 | 363 |
| 12 | Көрүү | Жаз-күз | Жаз, жай, күз кыш | 0 | 306 | 0 | 306 | 306 |
| 13 | Байбиче (Акташ, Көк моюн, Күнгөй, Жаман тал) | Жай | жай | 0 | 934 | 0 | 934 | 934 |
| 14 | Кара-Шоро (Жолду кара, Теке уюк, Чоң Агатан, Тар Чабай, Чоң Кулубек, Кичи Кулубек, Кең Туз, Чоң Таш, Кичи Агатан, Коңур дөбө, Кичи Көк Жар, Чоң Көк Жар, Мазар, Сары коо, Беделбай, Эчки тал) | Жай | жаз, жай, | 0 | 1562 | 0 | 1562 | 1562 |
| 15 | Шил-Бели (Акташ, Көк торпок, Мазар) | Жай | жай | 0 | 1275 | 0 | 1275 | 1275 |
| Бардыгы: | 0 | 14014 | 0 | 14014 | 14014 | |||
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарында сейрек кездешүүчү, кызыл китепке кирген жаныбарлардан күрөң аюу, сүлөсүн, элик, кийик, тоо текелер кездешет.
Канаттулардын дээрлик бардык түрлөрү кездешет. Айрыкча кекилик өтө көп болот. Кекиликтер климаттын катаал шарттарында, кар өтө көп жааган учурда, кыш өтө оор болгон жылдары жазга чыкпай кырылган убактары да болуп турат.Бирок кекиликтердин көбөйүү жөндөмү жандуу болгондуктан кайра тез эле көбөйүп кетишет.
Ал эми тоо уларлары бийик тоо кыркаларында, адам жетпеген бийик чокуларда, сууктуу аймакта жашоо кечиришет. Кыш өтө суук болгон жылдары төмөндөп келип күнгөй тоолорго кыштап калышат. Уларлардын төмөндөп (пастап) келип калышын жергиликтүү тургундар кыштын катаал болушу менен божомолдоп, климаттын кескин төмондөшүнүн белгиси катары билишет жана камылга көрүшөт.
Ошондой эле алыскы Кара-Шоро жайлоосунда бир канча минералдык дары суулар бар. Бул Кара-Шоро жайлоосу Кыргызстанга белгилүү болгон Кара-Шоро аттуу ыр менен, Кара-Шоро дары суусу, Кара -Шоро кенен жайлоосу жана Кара-Шоро туристик жайы менен белгилүү болгон өзгөчө таанылган, атагы чыккан ажайып кооз жайлоо.
Албетте, Кара-Шоро дары сууларды кылдаттык менен иликтеп, дарылык касиетин кетирбестен айнек идиштерге куюп, дүйнөлүк базарларга чыгарып иштетүүчү ишкерлер, инвесторлор болсо келишим түзүп, мамлекеттин, айыл өкмөттүн казынасына чоң кирешелерди түшүрсө болот.
Кара-Шоро жайлоосунда жайкы туризмди өнүктүрүүнү негизги максат катары пландоо керек.
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарында өсүмдүктөрдүн, чөптөрдүн бардык түрү өсөт. Кымыздык, чүкүрү, ышкын, ж б дарылык касиети бар аш болумдуу чөптүн түрлөрү да бар. Бул дарылык касиети күчтүү өсүмдүктөрдү атайын терип жешип ооруларга шыпаа табышат. Мисалы: кымыздыкты кан басымды түшүрүү үчүн, ышкынды кант диабети жок кылуу үчүн жешип дарыланышат. Ошондуктан райондун башка аймагында жашаган тургундар үчүн терип барып базарларга алып чыгып сатып киреше табышкан үй бүлөөлөр да бар. Бирок акыркы жылдары жакынкы жайыттардагы жогорудагы аталган аш болумдуу өсүмдүктөр жок болуп кетти. Себеби, жайыттарга ШМБнын ашыкча чыгуусунан өстүрбөй жеп жок кылуусуна байланыштуу болууда.
Мындан сырткары дарылык касиети өтө жогору, эл арасында таанымал, дарылык үчүн кеңири колдонулган дары чөптөрдү, мисалы медицинада белгилүү болгон Элбарчын, Ак кодол, Аркар от, Алтын тамыр, Куч алага окшогон түрдүү-түрдүү дары чөптөр кеңири масштабда өсөт. Бул дары чөптөрдү атайын дары чөптөр менен алектенген аз сандагы элдик дарыгерлер гана жыйнап топтошот. Дары чөптөр жайыттын ар кайсы жеринде, өздөрүнүн өсүү ыңгайына карап өскөндүктөн дары чөптөрдү жыйноого атайын жер бөлүнүп берилген эмес..
Дары чөптөрдү терип саткан адамдар жыл сайын өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет. Дары чөптөрдү жыйнаган адамдар менен айыл өкмөт же жайыт адистери атайын келишим түзүп иш алып барыша элек, ошондуктан бул маселени да жолго салып айыл өкмөткө киреше түшө турган шарттарын караштырыш керек. Азыркы учурда чыныгы таза дары чөптөргө муктаж адамдар көп. Же атайын фармацефтикалык ишканалар менен айыл өкмөт келишим түзүп экологиялык мыйзамдарды бузбастан иш алып барыса болот. Ал үчүн алдын ала мониторинг жүргүзүп кандай жол менен иш алып баруу пландарын түзүү зарыл.
Акыркы жылдары Сарымсак (сасык матар), Чайыр деген дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү чоң көлөмдө атайын адамдарды жалдап жыйнатып жаткан бизнесмендер пайда болду. Бул албетте медицинада пайдаланылса жакшы болот. Тийиштүү адистердин уруксаты менен жыйналып, жергиликтүү бюджетке салыктар төлөнүп мыйзамдуу иш жүргүзүү керек. Ошол эле учурда экологиялык зыяндарды да эсепке алып ордуна башка өсүмдүктүн же чөптөрдүн уругун себүү менен иш алып баруу зарыл
Ошондой эле Байчечекей, Камыр жайлоолорунда тарыхый жазуулар, сүрөттөр чегилген таштар бар.
Жайыттарды пайдалануу мезгили
Жайыттар жана айыл чарба жерлери, жайыттардан тышкары мал жаюунун жана аларды күркөлөрдө кармоонун мөөнөттөрү боюнча төмөнкүдөй мезгилдерге бөлүнөт:
9-таблица. Жайыттарды пайдалануу сезону
| № | Сезону | Мал жаюу/багуу мезгили | Күндөрдүн саны | Эскертүүлөр |
| 1 | Жаздоо, жайлоо, күздөө | 1ай | 45 күн | Жаздан кышка чейин мал жайыттарга жана жайыттардан башка айыл чарба жерлерине багылат. Жайыттын жалпы узактыгы 255 күн. Жылдын толук маалында жайылган малдын күнү 360 болот. Кышкы мезгилде жылкы 150 жайытта жайылат |
| 2 | Жаз, жай, күз, кыштоо | 3 ай | 90 күн | |
| 3 | Жайлоо | 4ай | 120күн | |
| 4 | Кыштоо | Малдар кыш мезгилинде 150 күн колдо багылат. |
Мал жаюу мезгили жыл сайын климатка жараша болот. АӨ тарабынан алынган маалыматтарга ылайык, айыл аймагындагы малдын жалпы саны факты боюнча 19765, анын ичинен 3700 ШБ жыл бою жайытта жайылат, ал эми 11380 ШБ 251 күн жайылат. Айыл аймакта малды бордоп семиртүү жокко эсе
Мал жаюу аянттарынын өзгөчөлүктөрү
Жайыт участоктун жалпы аянты 14014 гектарды түзөт. Жайыт пайдалануучулар жайыттарды жылдын төрт мезгилинде пайдаланышат. Бул жайыттарда мал жаюу сентябрдын аягына чейин уланат. (сентябрь айынын аягында жайыт чөптөрү куурап калат.) бардык жайыттарда жайлоосунда мал сугаруучу булактар жана дарыялар бар.
Катыранкы, Мамаден, жайлоосу, Кара-Ой, Сары-Күнгөй, Кызыл, Ой-Жангак, Кагынды, Пор, Кен-Колот, Алай-Булак, Алтын-Башат, Кара-Дөбө Байбиче, Чытты, Кара-Шоро, Жолду-Кара, Көк-Жар, чон Агатан, кичи Агатан, Жолчабай, чон Чабай, Тарчабай Кен-Түз, Шилбили жана Суур-Таш, Ак-Таш,Көк-Торпок, Камыр, Гелинчек, Беш-Терек алыскы жайыт участокторунун турат.
Жайыттардын түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу жана алардын абалы
10-таблица Жайыттардын жалпы абалы
| Жайыт | Жайыттын
мезгилдүү пайдаланылышы |
Карта
боюнча жайлоо күнүнүн саны |
Жайла ган күндүн
саны факт |
Жайыт
тын абалы |
Жайытын аянты | Түшүмдүүлүк | Жайыттын сыйымдуулугу | ||||
| План | Факт | ||||||||||
| План | Факт | ||||||||||
| Шамал Терек | жазгы – күзгү | жаз, күз,
кыш |
131 | 270 | орто
такыр |
1446 | 517 | 1438 | 1525 | ||
| Чалк Өйдө | жаз, күз | жаз күз | 131 | 180 | орто | 2228 | 500 | 2148 | 2200 | ||
| Камыр | жай | жай | 98 | 90 | орто | 1293 | 740 | 781 | 810 | ||
| Чар-Таш | жай | жай | 90 | 98 | орто | 1154 | 670 | 631 | 700 | ||
| Кумайкы | жай | жай | 90 | 98 | орто | 569 | 650 | 302 | 370 | ||
| Жол Чавай | алыскы жайыт, жаз жай | жай | 98 | 98 | орто | 890 | 680 | 494 | 550 | ||
| Сур Таш | жай | жай | 98 | 95 | орто | 1261 | 750 | 772 | 810 | ||
| Катыранкы | жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 85 | 360 | орто
начар |
268 | 527 | 404 | 480 | ||
| Таш Булак | жаз-күз | жаз, күз, жай кыш | 85 | 360 | орто
начар |
215 | 543 | 334 | 200 | ||
| Сасык | жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 85 | 360 | орто
начар |
250 | 553 | 409 | 510 | ||
| Кара-Ой | жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 85 | 360 | орто
начар |
363 | 567 | 547 | 675 | ||
| Присельный | жаз-күз | Жаз, жай, күз кыш | 55 | 360 | орто
начар |
306 | 570 | 511 | 620 | ||
| Байбиче | жай | жай | 123 | 123 | начар | 934 | 680 | 369 | 410 | ||
| Кара-Шоро | жай | жаз, жай, | 123 | 150 | орто
начар |
1562 | 750 | 762 | 830 | ||
| Шил-Бели | жай | жай | 123 | 123 | орто
начар |
1275 | 760 | 614 | 690 | ||
| 10560 | 11380 | ||||||||||
Жогорудагы таблицада жайыттардын түшүмдүүлүгү аныкталды. Жайыттарга болгон сыйымдуулукту кыскартуу керек экендиги такталды. Оптималдуу сыйымдуулуктан ашып кеткендиктен жайыттардын түшүмдүүлүгү начарлап кеткен. Албетте жайыттардын мындай начарлоосуна климаттын туруксуздугу да таасир этүүдө. Кээ бир жылдары курукчулук болуп, кээ жылдары узака созулган жамгырдан чөптөрдүн өсүү дарамети начар болуп, натыйжада жайыттар деградацияга кептелүүдө. Буга климаттын кескин төмөндөөсү өтө чоң таасир кылууда. Андыктан жайыттарга болгон сыйымдуулукту, которуштуруп эс алдырууну тез ишке ашыруу пландарын иштеп чыгыш керек.
1-сүрөт. Жайыттарды пайдалануу картасынын мисалы
2.1.3 Жайыт инфраструктурасынын объекттери жана анын абалы
Айыл өкмөт тарабынан түзүлгөн жумушчу топ, айыл аймагындагы инфраструктуранын абалына талдоо жүргүзгөн. Айыл аймактын аймагында Большевик айылы менен Семиз-Көл айылыныны ортосунда жуут пункту бар. Бул жуут пункту ПРЖР-2 долбоорунун алкагында курулган. Азыркы учурда жайыт пайдалануучуларга абдан жакшы кызмат көрсөтүп келүүдө. Жазында жайлоого кетээрде, күзүндө жайлоодон кайтып келгенде жууттан өткөрүшөт. Кошуна айыл аймактан келген койлорду да жууттан өткөрүп жергиликтүү тургундарга. Жайыт пайдалануучуларга кызмат көрсөтүп келет. Бул жуут пункту койдун денсоолугуна кам көрүүдө, мал чарбасын өнүктүрүүдө, жергиликтүү тургундардын экономикалык кирешесинин көбөйүшүнө жакшы салым кошуп келүүдө.
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт участокторунда акыркы жылдары бир канча суу ичүүчү ноолор курулган. Бул курулуштар албетте жайыттарды жакшыртуу жана толук натыйжалуу пайдалануу үчүн мал чарбасын өнүктүрүүдө жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарт түзүү максатында курулган. Учурда абдан жакшы абалда кызмат көрсөтүүдө.
Айыл аймакта жайытка баруучу 485 км жол бар, анын 80 км начар абалда. Алыскы Кара-Шоро жайытындагы участокторуна барууда жөө жаландап, атчан гана барууга болот. Бул жөө жол кыйла түйшүктү жаратып келет жана көп убакытты талап кылат. Айрыкча аба ырайынын кескин өзгөргөн убактарында жолдо жүргөн жайыт пайдалануучуларды кыйын абалга дуушар кылат. Жол азабы, көр азабы деген сөздүн төркүнү ушундай учурда айтылып калса керек.
Жол менен көпүрө ажырагыс болот эмеспи. Алыскы жайыттарга баруучу көпүрөлөрдүн абалы канаттандыраарлык. Кара-Шоро жайлоосундагы жайыттарга баруучу жолдо Агатан участогунда типтүү көпүрө бар. Бул көпүрө ПРЖР долбоорунун алкагында курулган. Азыркы учурда жайыт пайдалануучуларга, эс алуучу туристерге жакшы кызмат өтөөдө.
Ошондой эле жакынкы жайыттарга барууда айрым участокторго көпүрө куруу муктаждыктарын фокус топтор аркылуу көйгөй катары аныкталган бирок, тилеке каршы алдынкы эки көйгөйдүн катарын толуктай албады. Бул жакынкы жайыттарга көпүрөлөрдү куруу абдан зарыл. Жергиликтүү тургундарды жайыттарга барууда түйшүгүн женилдетет. Экинчиден жакынкы жайыттар менен жанаша үлүш чөп ормолор ж.б. чарбалык иштер менен каттоодо түйшүктү женилдетип, ыңгайлуу шарт түзөт.
2.1.4 Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну эске алуу менен жайыттардын абалына баа берүүнү талдоо боюнча негизги чаралары төмөндөгүлөр
Акыркы жылдары Кара-Шоро айыл аймагынын аймагында аба ырайынын өзгөрүүсү байкалууда: 2023-жыл кургакчыл болуп, жайы жаан-чачынсыз болуп, жогорку температура болгон. Жайыттарда чөптөр күйүп, кээ бир булактар кургап калган, мунун баары малдын продуктуулугуна терс таасирин тийгизген.
2024-жылы жаз-жай айларында жаан-чачындын көп болушу жайыттардын өсүмдүктөрүнө жакшы таасирин тийгизген, бирок, ошол эле учурда, малды жайкы жайыттарга өз убагында чыгарууда (жайыттарда чөптөрдүн кеч өнүп чыгышы) кыйынчылыктар болгон. Албетте узак убакытка тынымсыз жааган жамгырдан Өзгөн-Кара-Шоро борбордук автожолунда көчкү жүрүп 2 ай бою жол каттамдары жабылып жайыт пайдалануучулар түйшүк тартышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, айыл аймагында сел, көчкү жүрүү коркунучу бар Кара-Шоро жайыт аймактарына жетүүдө, каттоодо коркунучту аймактарга кирет. Бул участоктордо жайыттарды пайдалануунун планын түзүүдө, Кыргызгидромет тарабынан иштелип чыккан аба ырайынын божомолун жана алдын ала эскертүү системасынын маалыматтарын колдонуудабыз. Аба ырайынын кескин төмөндөөсү тууралуу маалымат алаарыбыз менен жайыт пайдалануучуларга тез кабар жеткирип, сак болууларын эскертип турабыз.
Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча төмөндөгү иштер аткарылат:
- өзгөчө кырдаалдарды болжолдоого мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча иш-чараларды пландаштыруу (сел ташкындарына, катуу суукка жана жаан-чачынга, жер көчкүлөргө, кургакчылыкка ж. б.);
- жайыт пайдалануучуларга климаттын өзгөрүшүнүн жайыттарга жана малдын продуктуулугуна тийгизген таасирин түшүндүрүү;
- жайыттын сыйымдуулугуна ылайык мал жайуу планын түзүү менен, ага жылдын аба ырайы да таасир этет;
- деградация болгон жайыттарды которуштуруп пайдалануу;
- жайыттарды пайдалануу мөөнөттөрүн жөнгө салуу менен, эс алууну камсыз кылуу;
- инфраструктураны жакшыртуу, куруу жана реабилитациялоо менен (сарайлар, көп жылдык чөптөрдү себүү, жер семирткичтерди чачуу, суу ичүүчү жайларды куруу ж.б.);
2.2. Жер ресурстары
Кара-Шоро айыл аймагынын тургундарына 1994-жылы жер реформасы жүргөндө төмөнкү таблицада көрсөтүлгөндөй жер үлүштөрү берилген.
| № | Айылдын аталыштары | 1 жанга берилген жер үлүшу | |||
| Сугат га | Кайрак га | Чөп ормо га | Бак га | ||
| 1 | Ак-Жар | 0,058 | 0,08 | 0,20 | 0 |
| 2 | Какыр | 0,056 | 0,10 | 0,20 | 0 |
| 3 | Большевик | 0,06 | 0,11 | 0,11 | 0 |
| 4 | Семиз-Көл | 0 | 0,35 | 0,37 | 0 |
| 5 | Шамал-Терек | 0 | 0,11 | 0,13 | 0 |
| 6 | Чалк-Өйдө | 0 | 0,08 | 0,22 | 0 |
Кара-Шоро айыл аймагында жергиликтүү тургундардын жылдык кирешелеринин 40% айыл чарба жерлерин иштетүүдөн түшөт. Сугат жерлерге дан өсүмдүктөрүн (арпа, буудай, жүгөрү, шалы) эгүүдөн көп киреше табышат. Ал эми сугат жерлеринин бир бөлүгүнө тоют даярдоо үчүн көп жылдык чөп өсүмдүктөрүн (эспарцет, беде) эгип жылына 3-4-жолудан оруп алгандыктан кирешелүү сугат жери катары пайдаланып келишет. Андан сырткары акыркы жылдары бак, малина, кулпунай өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн өстүрүп киреше табуу жолдорун өздөштүрүп келишет.
Ал эми кайрак айдоо аянттарына бир жолу оруп алганга ылайыкташытырып эспарцет жана күн карама (семичке) эгип пайдаланып келишет.
2.2.1. Жерлердин категориялары
Бул айыл аймактын айыл чарба жерлерин кошо алганда жер ресурстарынын жалпы аянты 27513,9 гектар, анын ичинен жайыт аянты 14014 га. Жайыттар келишимдин негизинде пайдаланылат.
11-таблица. ААнын жер ресурстары
| 1 | Айыл чарба жерлеринин багыты | 7818 |
| 2 | Калктуу конуштардын жерлери | 410 |
| 3 | Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер | 0 |
| 4 | ӨКЖА жерлер | 0 |
| 5 | Токой фондунун жерлери | 0 |
| 6 | Суу фондунун жерлери | 232 |
| Жалпы: | 8460 |
12-таблица. Айыл чарба жерлеринин структурасы
| № | Жайыт жерлеринин түрлөрү | Баары, га | Анын ичинен, га | ||
| Мам.
акт б-ча |
УДП | ГЛФ | |||
| 1 | Айдоо жерлер:
Сугат Кайрак |
2580,9
784 1796,9 |
0 | 0 | 0 |
| 2 | Көп жылдык чөптөр | 2310 | 0 | 0 | 0 |
| 3 | Бадалдуу-дарак өсүмдүктөрү | 31 | 0 | 0 | 0 |
| 4 | Жайыт | 14014 | 14014 | 0 | 0 |
| 5 | Башка жерлери | 118 | 0 | 0 | 0 |
| Бардыгы: | 19053,9 | 14014 | 0 | 0 | |
Айыл аймакта төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт: жүгөрү 41,0 га, шалы 113,0 га, беде жана экспарцет 460,0 га, буудай 600,0 га, арпа 120,0 га.
Көп жылдык бактар: бардыгы 18,2 га анын ичинен:- бак 11,5 га, бадам 6,7га (мисалы, бакчалар, эрозияга каршы көчөттөр, баш калкалоочу тилкелер) 31,0 га ээлейт.
2.3. Мамлекеттик токой фондунун (МТФ) жаратылыш ресурстары
М.Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасы Мырза-Аке, Жазы, Ак-Терек, Кара-Шоро, Көлдүк, Кызыл-Тоо токойчулуктарынын базасында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Мырза-Аке токойчулугунда 3 кыдырма бар. Жазы токойчулугунда 2 кыдырма, Ак-Терек токойчулугунда 2 кыдырма, Кара-Шоро токойчулугунда 2 кыдырма, Көлдүк токойчулугунда 2 кыдырма, Кызыл-Тоо токойчулугунда 2 кыдырма бар.
М. Жээнбеков атындагы Озгон токой чарбасындагы жайыттын жалпы аянты 11985 га.
2.3.1. МТФ жана ОКЖА жайыттарын пайдалануу
Кара-Шоро айыл аймагынын тургундары М Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасынын жана Кара-Шоро өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (парк) жайыт аянттарынан пайдаланышат. Кара-Шоро жайыт пайдалануучулары 2172 ШМБ жогоруда токой чарбаларынын жайыттарынан пайдаланышат.
13-таблица. Ижарага алынган МТФ жана ОКЖАнын жайыттары
| Кара мал | Жылкы | Кой | |
| Раманов А. | 80 | 30 | 0 |
| Толомушов А. | 0 | 0 | 1000 |
| Бекмамат у Ж. | 50 | 20 | 0 |
| Койчуман у К. | 22 | 0 | 0 |
| Эргешов К. | 85 | 15 | 0 |
| ОКЖА | 770 | 0 | 4500 |
| Бардыгы: | 1007 | 65 | 5500 |
| Бардык ШМБ | 2172 | ||
14-таблица. МТФнын жана ОКЖАнын жерлеринде жаюуга болжолдонгон мал
| № | Айыл аймак | КРС, баш | МРС, ШМБ | Жылкы, баш |
| 1 | Кара-Шоро | 1007 | 1100 | 65 |
| Баары: | 1007 | 1100 | 65 |
2.3.2. МТФ жайыттарынын абалын баалоо
Жайыттардын абалына баалоо ОГУЛдун жумушчу тобу тарабынан токой чарба адистери менен биргеликте жүргүзүлөт жана жайыттардын түшүмдүүлүгү жана сыйымдуулугу, алардын абалы аныкталат. Бул маалыматтардын негизинде токой чарбасынын жайыттарын пайдалануунун графиги иштелип чыгылат. МТФнын жайыттарынын жер фондунун абалын баалоо, Айыл аймактын жайыттары сыяктуу эле методологияны колдонуу менен жүргүзүлөт.
15-таблица. Жайыттардын абалын баалоо
| Участок | Балл | Абалы | Индикатор | Сунуштар |
| Чытты | 61-70 | Орто | Жайыттын нормасы жана сыйымдуулугу сакталышы керек |
-ШМБын так санын алуу.
-Сыйымдуулуктан ашыкча мал киргизбөө
-Жайыт адистери менен биргеликте иш алып баруу |
| Ай тийбес | 51-60 | Ортодон төмөн | Которуштуруп пайдалнуу керек | |
| Карагат | 50дөн төмөн | Начар | Көйгөйлүү | |
| Жыргал саз | 40тан төмөн | Начар | көйгөйлүү | |
| Токсон кемпир | 51-60 | Орто | Жайыттын нормасы жана сыйымдуулугу сакталышы керек | |
| Зергер | 50дөн төмөн | Начар | көйгөйлүү | |
| Байбиче | 50дөн төмөн | Начар | көйгөйлүү | |
| Чангет
(жазгы жайыт) |
50дөн төмөн | начар | көйгөйлүү |
16-таблица. Жайыттын сыйымдуулугу
| Жайыт участогу | Жайыт аянты, га | Жашыл биомассанын жээлчү бөлүгү, кг/га | Кургак салмакта жээлчү биомасса, кг/га | Коэффициент, 60% | 1 ШБ күндүк муктаждык 7,5кг | Жайыттын сыйымдуулугу, ШБ |
| А | Б | В=А*0,6*Б | Г=В*0,6 | Д=Г/7,5 | Е=Д/ жайытка чыгуу күнү | |
| Көлдүк | 1900 | 1900 | 2 166 000 | 1299600 | 173 280 | 176,8 |
| Жазы | 990 | 990 | 588060 | 352836 | 47 045 | 392,0 |
| Кызыл-Тоо | 3495 | 3495 | 7329015 | 4397409 | 586321 | 488,6 |
| Актерек | 3800 | 3800 | 8664000 | 5198400 | 693120 | 577,6 |
| Кара-Шоро | 4600 | 4600 | 12696000 | 7617600 | 1015680 | 846,4 |
17-таблица. Мал жаюу графиги
| Жайыт участогу | Пайдалануу мезгили боюнча жайыттын түрү | Аянты, га | Мал жаюу мезгили |
| Чытты | Жайкы жайыт | 2040 | Май, июнь, июль, август |
| Ай тийбес | Жайкы жайыт | 950 | Май, июнь, июль, август |
| Карагат | Жайкы жайыт | 350 | Май, июнь, июль, август |
| Жыргал саз | Жайкы жайыт | 250 | Май, июнь, июль, август |
| Токсон кемпир | Жайкы жайыт | 1500 | Май, июнь, июль, август |
| Зергер | Жайкы жайыт | 1600 | Май, июнь, июль, август |
| Байбиче | Жайкы жайыт | 2500 | Май, июнь, июль, август |
| Чангет
(жазгы жайыт) |
Жазгы жайыт | 450 | Март, апрель |
| Арагөл | Жазгы жайыт | 2345 | Май, июнь, июль, август |
| Бардыгы: | 11985 |
2.3.3. МТФ жайыттарын башкаруу
МТФ жайыттарын комплекстүү башкаруу үчүн айыл өкмөттөр менен токой чарбасынын ортосунда МТФнын жаратылыш ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча Меморандум түзүлөт.Учурда райондук мамлекеттик администрациянын, райондук Жайыт ассоциациясынын Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын билдирмелеринин, тапшырмаларынын негизинде иш жүргүзүп келишет. Райондук агрардык өнүктүрүү башкарммалыгы тарабынан жазгы жана күзгү мезгилдерде т.а. көчүү мезгилдерине жол картасы белгиленип кайсы айыл аймактан жайыт пайдалануучулары кайсы маршрут менен жайытка көчүп кетет көчүп келет деген маршруттары көрсөтүлгөн пландарды беришет. Бул боюнча албетте Айыл өкмөт башчылар жана жайыт адистери аткарууга алышат. Жайыт пайдалануучулар кабыл алынган календардык күндөн кечикпестен, түзүлгөн иш пландын негизинде жайыттарга жетишет. Ошондой эле жайыт пайдалануучулар жайыт адиси дайындаган жайыттарда көрсөтүлгөн мөөнөттө отурукташып, мөөнөтү бүткөндө башка көрсөтүлгөн жайыттарга которулуп жайытты пайдаланышат. Бул жайытты туура пайдалануудагы иш чараларга кирет. Жайыттардын сакталышын камсыз кылуу максатында жайыт адиси мониторинг өткөрүп турушат. Мында жайыттардын абалына, ШМБнын жайытка болгон сыйымдуулгуна т.а. келишимде көрсөтүлгөн ШМБ ашыкча кирбегендигин аныктоо максатында мониторинг жасашат.
2.4. Токой ресурстары
2.4.1. МТФ токойлору жөнүндө жалпы маалымат
2024-жылга карата М.Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасынын аймагында 25750 га токой бар. Айыл аймагынын жашоочулары* токой фондусун жана токой эмес аймактарды чарбалык иштерге активдүү пайдаланышууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жерди пайдалануу абдан интенсивдүү. Кара-Шоро айыл аймагын Шамал-Терек жана Чалк-Өйдө айылдарынын тургундары жаңгак токойунан пайдаланышат. Себеби жаңгак токойу калктуу конуштар менен чек аралаш, ирегелеш жайгашкан. Ошондуктан жогорудагы айылдардын тургундары жангак жакшы түшүм алган жылдары кирешсинин дээрлик 30% Көлдүк токойчулугунун жангак токойунан толтурушат. Келишимдин негизинде токойду арендага алып иштетишет. Жангактан башка итмурун, жапайы алмаларды терип тапшырып кошумча кирешелерди табышат.
18-таблица. Токой чарбасынын жерлери жөнүндө маалымат.
| № | Жерлердин түрлөрү | аянты, га | № | Жерлердин түрлөрү | аянты, га |
| 1 | МТФ жерлеринин жалпы аянты, анын ичинен: | 49282 | |||
| 2 | Токой жерлери | 25750 | 3 | Токой эмес жерлер, га | 23532 |
| Токой каптаган аянттар, га | 25000 | Сугат айдоо жерлери | 86 | ||
| Анын ичинен токой өсүмдүктөрү | Кайракы жерлер | 25 | |||
| Токой эмес аянттары | 750 | Чөп чабык | 200 | ||
| Жабык эмес | Жайыт | 11985 | |||
| Питомниктер жаплантациялар | Бакчалар | 47 | |||
| Рединалар | Мүлктөр | 77 | |||
| Күйгөн ж/а өлгөн өсүмд. | Саздак жерлер | ||||
| Кыйылган аянттар | Жолдор | ||||
| Ачык жана бош жерлер | Суулар | ||||
| Жалпы токой эмес жерлер | Кумдуу жерлер | ||||
| Бардык токой жерлери: | Башка жерлер | 3038 | |||
| Бардык токой эмес жерлери: | |||||
| Токой чарбасы боюнча баары:
|
49282 |
2.4.2. МТФ жана ӨКЖА кирбеген токойлор жөнүндө маалымат
Кара-Шоро айыл аймагында МТФ жана ОКЖАга кирбеген т.а. муниципалдык токой аянттары жок.
2.5. Суу ресурстары
2.5.1. Суу ресурстарынын курамдык бөлүктөрү (саздар, дарыялар, көлдөр, булак суулары)
Айыл аймагынын аймагында Жазы жана Көлдүк дарыялары агат. Жазы дарыясы Кара-Шоро айыл аймагынын алыскы жайыттарынын так ортосунан агып өтөт. Ошондой эле Токой чарбасынын жана ОКЖА пайдалуусундагы жайыттарды, жайыт эмес жерлерин да аралап агып өтөт. Ал эми Көлдүк дарыясы Камыр жайытынан башталып, токой чарбасынын аймактарын аралап агып жүрүп, Чалк-Өйдө, Шамал-Терек айылдарын аралап агып Жазы дарыясына куят.
Көлдүк сугат каналы. Көлдүк дарыясынан Какыр, Ак-Жар жана Большевик айылдарына баруучу суу каналы бар бул канал 1950 жылдары ата бабаларыбыз кетмендеп чаап каналды курушкан. Каналга суунун сыйымдуулугу 3м/куб көлөмдө батат жана 3 айылдын 1272 кожолуктун там арка жер аянтын, үлүш жерлерин сугат суу менен толук камсыз кылат. Андан сырткары коншу айыл аймактын да айылдардын суу менен камсыз кылат.
Жазы сугат каналы.
Жазы дарыясынан чыккан сугат суу каналы да союз мезгилинен бери кызмат көрсөтүп келет. Бул канал Какыр Ак-Жар айылдарынын тургундарынын там арка жерлерин, үлүш, шалы, жана токой чарбасынын сугат жерлерин сугат суу менен камсыз кылат. Сугат суунун тартыштыгы азырынча байкалбайт.
Сугат суу менен туруктуу камсыз болуш үчүн ички каналдарды арыктарды ондоп тузөө көйгөйлөрү бар. Суу канчалык туура пайдаланылып чон талап менен иштетилсе бош жаткан жерлерди кайрак жерлерди сугат жерге айлантып бак дарактарды эгип көрктөндүрүп иштетсе элдин экономикасы да көтөрүлүп көмүртекти сиңирүү да жүрүп туризмди өнүктүрүп кирешелерди көбөйтүүгө толук мүмкүнчүлүк жаралмак.
Суу бул жашоо булагы: жаратылгандардын баарынын керектөөсүнө зарыл, мейли ал адам заты болсун, мейли жан жаныбарлар болсун, мейли биологиялык түрдүүлүк болсун суусуз жашоо болбостугун билебиз. Суунун болушу, экосистеманын сакталышы, бул мөңгүгө байланыштуу. Ошондуктан мөңгүлөрдү сактоо ар бирибиз үчүн милдет болушу шарт. Ал үчүн жаратылышка аяр мамиле жасап, камкордук көрүп, бак дарактарды көбөйтүп өстүруп болгон куч аракеттерибизди, мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшообуз керек.
Акыркы жылдары климат кескин өзгөргөндүктөн мөңгүлөрдүн жок болуп бара жатышы коркунуч жаратып келет. Мөңгүлөрдүн эрип бара жатышы экосистеманын бузулушун аныктоодо. Ошондуктан мөнгүлөрдү сактоо үчүн төмөнкү аймактарда бак эгүүну колго алып, токой аянттарын көбойтүп, токойлорду жакшыртып, жайыттарды жайыттай сактай жана пайдалана билсек мөңгүлөрүбүз сакталат. Экосистемабыз корголот. Мөнгүнүн азайышы бул суунун танкыстыгына алып барат Натыйжада булактар соолуйт. Суу тартыштыгы жаралат. Кургакчылык каптайт. Экосистема бузулат ошол эле учурда экономикалык кыйынчылыктар да күчөйт.
2.6. Биотүрдүүлүк
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарында чөп өсүмдүктөрүнүн бардык түрү өсөт. Кымыздык, чукуру, ышкын, ж. б. дарылык касиети бар аш болумдуу чөптүн түрлөрү да бар. Бул дарылык касиети бар пайдалуу өсүмдүктөрдү атайын терип жешип ооруларга шыпаа табышат. Мисалы:кымыздыкты давленииени түшүрүү үчүн, ышкынды кант диабетин жок кылуу үчун жешип дарыланышат. Айрым үй булолор дасторкондун көркү үчүн азык оокат катары кымыздыкты туздап банкага басып алышат.
Райондун башка аймагында жашаган тургундар үчүн терип барып базарларга алып чыгып сатып киреше табышкан үй бүлөөлөр да бар.
Мындан сырткары дарылык касиети өтө жогору, эл арасында таанымал, дарылык үчүн кенири колдонулган дары чөптөрдү, мисалы медицинада белгилүү болгон Элбарчын, Ак кодол, Аркар от, Алтын тамыр, Күч алага окшогон түрдүү-түрдүү дары чөптөр кенири машстабда өсөт. Бул дары чөптөрдү атайын дары чөптөр менен алектенген аз сандагы элдик дарыгерлер гана жыйнап топтошот. Дары чөптөр жайыттын ар кайсы жеринде, өздөрүнүн өсүү ынгайына карап өскөндүктөн дары чөптөрдү жыйноого атайын жер бөлүнүп берилген эмес.
Дары чөптөрдү терип саткан адамдар жыл сайын өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн жүргүзуп келишет. Дары чөптөрдү жыйнаган адамдар менен айыл өкмөт же жайыт адистери атайын келишим түзүп иш алып барыша элек, ошондуктан бул маселени да жолго салып айыл өкмөткө киреше түшө турган шарттарын караштырыш керек.
Акыркы жылдары Сарымсак (сасык матар), Чайыр деген дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү чоң көлөмдө атайын адамдарды жалдап жыйнатып жаткан бизнесмендер пайда болду. Бул албетте медицнада пайдаланылса, жергиликтүү бюджетке салыктар төлонүп мыйзамдуу иш жүргүзүлсө дурус болмок. Ошол эле учурда экологиялык зыяндарды да эсепке алып ордуна башка тоютка ылайыктуу чөп өсүмдүктөрүнүн уругун себүүну пландаштырып иш жүргүзүү зарыл.
3 – БӨЛҮМ. МАЛДЫН САНЫ ЖАНА АЛАРДЫН ЖАЙЫТ ТОЮТУНА БОЛГОН КЕРЕКТӨӨСҮ
Мал чарбасын өнүктүрүүдө акыркы жылдары өтө чоң өсүштөр болду. Фермердик чарбаларды өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоолор болду. Мында атайын фермердик чарбаларды колдоо, мал чарбасын өнүктүрүү үчүн төмөндөтүлгөн пайызда айыл чарба кредиттерин берүү көп пайда алып келди. Малдардын асыл тукум пародаларын өнүктүрүүну колдогон бир канча иш чаралар, көргөзмөлөр он натыйжаларын берди.
Ошондой эле АРИСтин ПРЖР-2 долбоору аркылуу жайыттарды жакшыртуу, жайыт инфраструктураларын ондоонун жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн атайын долбоордук колдоолордун натыйжасында фермерлерге, жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарттар түзүлүп, мал чарбачылыгында жакшы жыйынтыктарды бергендиктен малдын башынын көбөйүүсү байкалды.
Азыркы учурда Кара-Шоро айыл аймагынын статистикалык маалыматы боюнча жайыттардын сыйымдуулугунан малдын башынын саны ашыкча экендигин аныктаган маалыматтарды тактадык.
Тактап айтканда мал чарбачылыгынан жергиликтүү тургундардын тапкан кирешеси 45% экендиги аныкталды.
7-таблица: Кара-Шоро айыл аймагынын тургундарынын киреше булактары тууралуу маалымат.
| № | Киреше булактары | пайызы |
| 1 | Дыйканчылык чарбасында | 40 |
| 2 | Мал чарбасында | 45 |
| 3 | Токой чарбасында | 5 |
| 4 | Соода тармагында | 3 |
| 5 | Калкты тейлөө тармагында | 5 |
| 6 | Башка тармактарда | 2 |
3.1. Шарттуу малдын башы
Айыл аймакта жыл сайын малдын эсебине санак жүргүзүлөт. 2024-жылдын 1-январына карата айыл аймакта статтын аныктамасы боюнча 14 700 ШБ, (13-таблица).
19-таблица. Малдын саны жана түрлөрү боюнча тоют керектөөсү (Статистикалык маалымат боюнча)
| № | Малдын түрү | саны | коэффициент | ШБ | Күнүмдүк керектөө 7,5 кг/күн | КЗ күнүмдүк керектөөсү |
| 1 | Бодо мал | 7810 | 1 | 7810 | 7,5 | 58575 |
| 2 | Жаш бодо мал | 494 | 0,7 | 345 | 7,5 | 2 587,5 |
| 3 | Майда жандык | 15950 | 0,2 | 3100 | 7,5 | 23250 |
| 4 | Жылкы | 3700 | 1 | 3375 | 7,5 | 25312,5 |
| 5 | Тай, кулун | 100 | 0,7 | 70 | 7,5 | 525 |
| Баары: | 14700 | 110250 | ||||
| Кургак заттын жылдык керектөөсү | 27672750 | |||||
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарына жалпы 11380 ШМ чыгат. Бул жайыт адистеринин жана жайыт пайдалануучуулардын берген маалыматы боюнча аныкталды.
Кара-Шоро айыл аймагынан 6315 ШБ, башка айыл аймактардан 5065 ШБ бардыгы 11380 ШБ чыгат. Ал эми Кара-Шоро айыл аймагынын калган 8385 ШМБ райондун айыл аймактарынын жайыттарына чыгышат.
20-таблица. Малчылар аркылуу жайлоого чыккан малдын жалпы саны (булак – малчылар)
| № | Малчынын аты-жөнү | Малчынын дареги | Бодо мал | Майда мал | Жылкы | Топоз | Төө | Эшек |
| 1 | Базарбаева З | Мырза Аке | 130 | 0 | 135 | 0 | 0 | 0 |
| 2 | Нимидин уу Ш | Семиз-Көл | 0 | 550 | 17 | 0 | 0 | 0 |
| 3 | Темиров А | Семиз-Көл | 20 | 900 | 20 | 0 | 0 | 0 |
| 4 | Карабашев Ж | Семиз-Көл | 0 | 700 | 21 | 0 | 0 | 0 |
| 5 | Максутов Э | Мырза-Аке | 50 | 300 | 15 | 0 | 0 | 0 |
| 6 | Момбеков У | Семиз-Көл | 70 | 0 | 15 | 0 | 0 | 0 |
| 7 | Турдумаматов С | Ак-Жар | 0 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 8 | Каримов С | Большевик | 30 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 9 | Эрмекбаев З | Семиз-Көл | 60 | 0 | 21 | 0 | 0 | 0 |
| 10 | Кайназаров А | Семиз-Көл | 50 | 520 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 11 | Колбаев К | Семиз-Көл | 13 | 0 | 22 | 0 | 0 | 0 |
| 12 | Расулберди Тимур | Какыр | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 13 | Алтынбеков Р | Семиз-Көл | 65 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 14 | Жакыпбек у Н | Какыр | 0 | 0 | 37 | 0 | 0 | 0 |
| 15 | Матиев К | Ак-Жар | 0 | 600 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 16 | Суранов У | Большевик | 0 | 500 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 17 | Апытаев Э | Семиз-Көл | 0 | 800 | 15 | 0 | 0 | 0 |
| 18 | Бегматов А | Эркин-Тоо | 15 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 19 | Маматов К | Семиз-Көл | 0 | 0 | 18 | 0 | 0 | 0 |
| 20 | Алишеров Н | Семиз-Көл | 20 | 1000 | 15 | 0 | 0 | 0 |
| 21 | Алишеров О | Семиз-Көл | 0 | 1000 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 22 | Апиев К | Семиз-Көл | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 23 | Капар у А | Семиз-Көл | 0 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 24 | Уметов Б | Ак-Жар | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 25 | Надыр у О | Акжар | 120 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 26 | Дүмүров П | Какыр | 20 | 500 | 15 | 0 | 0 | 0 |
| 27 | Ашырбеков Ж | Большевик | 0 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 28 | Байтемиров Т | Семиз-Көл | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 29 | Ысаков Б | Семиз-Көл | 8 | 600 | 15 | 0 | 0 | 0 |
| 30 | Караев К | Семиз-Көл | 60 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 31 | Темиров З | Семиз-Көл | 0 | 1500 | 30 | 0 | 0 | 0 |
| 32 | Токтосун у М | Семиз-Көл | 25 | 0 | 12 | 0 | 0 | 0 |
| 33 | Кадыров Б | Семиз-Көл | 0 | 950 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 34 | Карабеков У | Семиз-Көл | 0 | 850 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 35 | Чолпонкулов С | Семиз-Көл | 0 | 600 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 36 | Минбаев Б | Шамал-Терек | 40 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 37 | Ылышов Т | Шамал-Терек | 0 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 38 | Бекишов У | Шамал-Терек | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 39 | Кайыпкулов Т | Шамал-Терек | 100 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 40 | Закирбаев Э | Шамал-Терек | 0 | 800 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 41 | Жайнаков Э | Шамал-Терек | 150 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 42 | Мендибаев С | Шамал-Терек | 70 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 43 | Токсонбаев У | Шамал-Терек | 150 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 44 | Женишбеков Р | Шамал-Терек | 50 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 45 | Бекишов А | Шамал-Терек | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 46 | Кулмурзаев Э | Шамал-Терек | 210 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 47 | Эрмекбаев Г | Шамал-Терек | 0 | 700 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 48 | Самбетов Э | Шамал-Терек | 100 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| ШМБ | 1638 | 4254 | 423 | 0 | 0 | |||
| Жалпы ШМБ | 6315 | |||||||
| Башка аймактан келген ШМБ | 5065 | |||||||
| Бардык ШМБ | 11380 | |||||||
3.2. 5 жылга болжолдонгон шарттуу малдын саны жана тоютка болгон керектөө
2022-2024-жылдарга малдардын ар кандай түрлөрүнүн өсүү темпинин негизинде малдардын санынын өсүү болжолуна талдоо көрсөткөндөй, орточо жылдык өсүш -1,6 % экендигин көрсөттү. Бул көрсөткүч албетте жакшы көрсөткүч. Эгерде чындап эле ушундай көрсөткүч улана турган болсо жайыт пайдалануучулардын, фермерлердин жайытка жана төрт түлүк малга болгон мамилери өзгөрүлгөнү байкалат. Себеби фермерлер да сандан сапатка өтүү процессин баштаптыр. Жайыттын акыбалы жылдан жылга начарлап бара жатканын байкашты. Мындай учурда албетте өзгөрүү жасаш керек экендигине күбө болушту. Ошондуктан азыркы учурда асыл тукум малдарга, асыл тукум койлорго өтүү үчун аракеттерди баштады. Мисалы: Россиядан асыл тукум малдарды алып келе баштады, өзүбүздөгү Гиссар жана Арашан кой породаларын ала башташты. Ошондой эле Силос тоютун жана гидропоника тоют даярдоо ыкмасына өтүүгө кызыктар адамдар көбөйдү. Гидропоника боюнча маалымат алышып кызыга баштагандар көбөйүүдө.
Эгерде гидропоника жаны технологиялык ыкмасы жана силос тоютун даярдоо ыкмалары менен тоют өндүрүү башталса жайыттарга болгон басым да азайып, жайыттар жакшыруу жолуна түшмөк. Даярдалган тоюттун көлөмү 20 % көбөймөк, себеби, Кара-Шоро айыл аймагында сугат жана кайрак жерлердин аянты жетишээрлик жана мүмкүнчүлүктөрү да жетиштүү.
CS-FOR долбоорунун алкагында өткөрүлгөн фокус топтордо аныкталган муктаждыктар да асыл тукум породаларга, жасалма уруктандырууга өтүү жана жем чыгаруучу цехтерди ачуу, жайыттарды жакшыртуу үчүн которуштуруп пайдалануу, чөптүн уругун себүү көйгөйлөрүн алып чыгышкандыгы жакшы жоролго экендигин айгинелейт.
Албетте фермерлер малды кармоодо жаны кошумча тоюттарды өндүрүп, малдын асыл тукумдуулугуна өтүүнү изденишүүдө. Албетте бул аракеттер жайыттарды жакшыртууга өбөлгө түзмөк жана көмүртекти секвестрациялоону жогорулатуу менен климаттын кескин өзгөрүшүн басандатмак.
Төмөндөгү таблицадан 2030-жылга карата малдын ШБ өсүшү – 11,5% айланасында кыскара турганын көрсөтүп турат. 14002 ШБ 26 322 755 тонна кургак затты талап кылат. Бул төмөндөгү таблицада көрсөтүлүп тургандай сандан сапатка өтүү иш аракеттеринин далили.
21-таблица. Малдын саны жана түрлөрү боюнча малдын тоют керектөөсү
| № | Малдын түрү | Жылдык орточо өсүү
+\- |
Малдын түрү боюнча жылдык орточо өсүү маалыматтары | |||
| 2022 | 2023 | 2024 | 2030 | |||
| 1 | Бодо мал | – | 7300 | 7100 | 7260 | 6920 |
| 2 | Жаш бодо мал (1 жашка чейин) | – | 812 | 825 | 345 | 505 |
| 3 | Майда жандык (ШМБ) | – | 5664 | 5694 | 4434 | 4425 |
| 4 | Жылкы | – | 2681 | 2449 | 2591 | 2067 |
| 5 | Кулун, тай | – | 135 | 125 | 70 | 85 |
| Жалпы ШБ: | 16589 | 16193 | 14700 | 14002 | ||
| ШБ кургак затты керектөөсү (тонна) | 31 228 793 | 30 483 323 | 27 672 250 | 26 322 755 | ||
3.3. Сезонго жараша жайыттарда жана жайыттардан башка жерлерде тоюттун көлөмү
22-таблица. Сезонго жараша жайыттарда жана жайыттардан башка жерлерде тоюттун көлөмү
| Сезон | Жалпы аянты | Жайыттарда | Жээлчү КЗ
50-60% |
||
| Аянты, га | Түшүмдүү-лүгү КЗ кг/га | Дүң жыйым, кг | |||
| Жаздоо, жайлоо | 1562 | 1562 | 750 | 1171500 | 702900 |
| Жаз, күз | 2228 | 2228 | 500 | 1114000 | 668400 |
| Жаз, күз, кыш | 1446 | 1446 | 517 | 747582 | 448549,2 |
| Жаз, жай, күз, кыштоо | 1402 | 1402 | 552 | 773904 | 464342,4 |
| Жайлоо | 7376 | 7376 | 704 | 5194811,4 | 3116886,9 |
| Баары | 14014 | 14014 | 3 107 | 9 001 797,4 | 5401078,5 |
Ар бир жайыттын орточо түшүмдүүлүгү (жайыттарда жана жайыт участокторунан башка жерлерде тоюттун болушун сезон боюнча эсептөөдө жана талдоодо) жеткиликтүү тоютту баалоо жана аныктоо үчүн, ар бир чарчы метриндеги кургак зат таразага тартылат. Жайыттарда мал жаюунун жол берилген ченемдери орто эсеп менен 50-60% түзөт.
3.4. Даярдалуучу тоюттун көлөмү
Даярдалган тоюттун түшүмү 2024-жылдын статистикалык маалыматынан алынды.
23-таблица. Даярдалган тоют (мисалы)
| № | Тоюттун түрү | Айдоо жерлеринин аянты, га | Түшүмдүүлүк, кг/га | Дүң жыйым, кг | Малды байлап багуу, ШБ |
| 1 | Табигый чөп | 2310 | 4500 | 10 395 000 | |
| 2 | Көп жылдык тоют (беде, эспарцет) | 669 | 9300 | 6 221 700 | |
| 3 | Саман (арпа) | 330 | 800 | 264 000 | |
| 4 | Саман (буудай) | 600 | 1000 | 600 000 | |
| 5 | Жүгөрү пая (силос) | 165 | 2000 | 330 000 | |
| Саман (шалы) | 113 | 400 | 45 200 | ||
| Бардыгы: | 3644 | 17 855 900 | |||
3.5. Тоют балансы
Малдын даярдалуучу жана жайыт тоютуна болгон муктаждыгы
Колдо болгон малды тоют менен талаптагыдай камсыз кылуу үчүн даярдалган жана жайыт тоюттарына малдын муктаждыгын билүү зарыл.
Жайытка малдын ашыкча чыгуусунан, т.а. сыйымдуулуктан ашыкча чыккандыктан жайыттар деградацияга учурап, өтө начар, начар деген баллга туура келип тоютка болгон керектөө көрсөткүчү төмөн болуп калагандыгын төмөндөгү таблицадан көрөбүз.
24-таблица. Малдын жайытка жана даярдалган тоютка болгон муктаждыгы (КЗ), тонна
| Тоюттун түрлөрү | Малга керектүү тоютуна талаптар, кг
(кармоо мөөнөтү *7,5 кг) |
Жеткиликтүү тоют, кг | Тоют менен камсыз болушу, кг
|
| Жайыт тоюттары | 27 672 750,0 | 5 401 078,5 | -22 271 671,5 |
| Даярдалган тоют | 22251671,5 | 17 855 900,0 | – 4 395 771,5 |
Жогорудагы таблицага ылайык 2024-жылга жалпы 27 672 750 тонна тоют, анын ичинде: даярдалуучу тоют 17 855 900 тн жана жайыт тоюту 5 401 078,5тн тоют керектелет. Ал эми статистикалык маалымат боюнча 4700 ШБна керектелуучу КЗ тоюту 27 672 750 керектелет. Факт боюнча жайлоого чыккан 6315 ШБ , ал эми башка аймактардан келген ШМБ 5065 ШБ жалпысы 11380 ШМБ жайкы жайыттардан пайдаланышат. МТФ жана ОКЖАнын жайыттарына 2172 ШМБ Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын малдары чыгат. Ошондой эле башка айыл аймактын жайыттарына да Кара-Шоро айыл аймпагынан 6213 ШМБ чыгат.
25-таблицада Кара-Шоро айыл аймагына жана башка айыл аймактарга МТФга чыккан малдардын саны тууралуу аныкталган маалымат
| № | Аталыштары | Айыл аймактын жайытына чыгуучу жайыт пайдалануучулар | МТФ жана ОКЖАнын жайыттарына Кара-Шоро айыл аймагынан чыккан ШМБ | Башка аймактардын жайытына Кара-Шоро айыл аймактан чыккан ШМБ | |
| Жергиликтүү жайыт пайдалануучулар | Башка аймактан келеген малдар | ||||
| ШМБ | 6315 | 5065 | 2172 | 6213 | |
| Жалпы ШМБ | 11380 | 8385 | |||
3.6. Малдын асылдуулугун жакшыртуу
Кара-Шоро айыл аймагында малдын асылдуулугун жакшыртуу кожолуктардагы уйларды иш жүзүндө уруктандыруу жолу менен жүргүзүлдү (саны). Маалыматтарды таблицадан көрүүгө болот «Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу».
26-таблица. Малдарды жасалма жол менен уруктандыруу
| АА аталышы | Асыл тукум мал 01.01.24г., (уйлардын саны) | Жасалма уруктандыруу пункту, шт
|
Уруктанган малдар, (баш) | Бодо малдын үрөндүк материалы | ||
| ачылган | иштеп жатат | уруктанган | тукум | |||
| Кара-Шоро | 34 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
Айыл аймакта «Малдарды жасалма уруктандыруу» иштери жүргүзүлбөйт. Бул боюнча коомчулук, фермерлер эми гана талап кое баштады. Андыктан малдын тукумун жакшыртуу планын түзүп, асыл тукум малдын сапаттуу үрөндүк материалы менен жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруп, асылданган малдарды көбөйтүү зарыл.
Малды асылдандыруу боюнча Большевик айылына 1, Шамал-Терек 1, Какыр 1 жасалма уруктандыруу пунктун ачуу керек. 90 % малдын башы жергиликтүү породадан турат, ал эми калган 10% малдын башы алынып келинген породалардан турат. Мисалы: Ала-Тоо, Швицский, Сементал сүт багытындагы породалар, ал эми Ангус породасы эт багытындагы порода болуп эсептелинет.
7260 бодо малдын тен жарымын 3630 башты саан уй деп эсептесек: ар бир жергиликтүү саан уйдан күнүнө 5 литрден сүт саап алсак, жылына 210 күн сүт саала турган болсо: 3630 х 5л х 210 күн=3 811 500 литр сүт жылына өндүрүлөт. Бул көрсөткүч албетте Кара-Шоро айыл аймакта жашаган 13843 адамга бөлсөк ар бир адамга 275 литрден туура келет жана бул көрсөткүч жылдык пайдалануудан ашыкча. Бир адам күнүнө 200 граммдан сүт ичип турсак 1 жылда 73 литр сүт ичет экенбиз. Ашкан сүт, бирок биз күндө сүт ичебизби?
Эгерде ушул эле сандарды күнүнө 20 литр сүт бере турган сүт багытындагы асыл тукум малга айландырсак кандай болгонун төмөндө аныктайбыз.
3630 х 20лх 210күн=15 246 000л
15 246 000л :13843 адам=1 101 л-73 л ичкен сүт =1 028 л сүт ар бир адамдан ашып калат.
Жергиликтүү менен асыл тукум малдын сүт өндүрүмдүүлүгүн салыштырсак: жергиликтүү порода саалган сүт жылына 1 адамга 275 л туура келет.
Сүт багытындагы малдан саалган сүт жылына 1 адамга 1 101 л туура келет.
Ошондуктан сүттүн өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү боюнча ачылган жасалма уруктандыруу пунктарына сүт багытындагы сапаттуу породалардын үрөнүн алып келүү зарыл жана сүт багытында порода уйларды кармашыбыз керек.
Ал эми эт багыты боюнча Абердина-ангус породасын жайылтуу керек. Бул үчүн элибизге жасалма уруктандыруу боюнча толук маалымат берүү зарыл ( ватсап группалар, ОГУЛдун) мүчөлөрү аркылуу маалымат жеткирүү зарыл. Келечекте асыл тукум малдарды өнүктүрүү боюнча группаларды уюштуруу, ага жасалма уруктандыруу пунктары менен келишимдерди түзүү жана ар дайым жасалма уруктандыруу боюнча толук маалыматтарды берип туруу керек. Бул иштерди АО ветврачтары, муниципалдык ишкананын жайыт адиси колго алып уюшттуруулары зарыл. Мындан тышкары малдын асыл тукумдуулугун жогорулатуу үчүн тоют даярдоо боюнча жумуштарды алып баруу керек. Мисалы: Гидропоника, силос-сенаж жана башка тоюттардын түрлөрүн даярдоо боюнча.
3.7. Эпизоотияга каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгуу
Райондук ветеринария башкармалыгы менен биргеликте ветеринардык дарыгер тарабынан иштелип чыккан, айылдык өкмөт тарабынан бекитилген эпизоотияга каршы иш-чаралардын планын киргизүү.
|
Малдын ден соолугун жакшыртуунун 2024-жылга планы
«Макулдашылды» «Бекитемин» Өзгөн райондук ветеринардык жана Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн фитосанитардык башкармалыгынын башчысы: _____________ начальниги;___________ _____________. Р.Р.Сатыбалдыев «_______»_______________2024жыл “______” __________ 2024-жыл
Өзгөн районунун Кара-Шоро айыдык аймагынын боюнча малдардын жана канаттуулардын жугуштуу ыландарына каршы алдын алуу эмдөөлөрдүн жана ветеринардык диагностикалык изилдөөлөрдүн Иш чаралары
Ветеринардык адис: ________________________________________
|
Эпизотиялык абалга кыскача мүнөздөмө
ВФКМИ жана ЭЭБдин веб-сайттарында жайгашкан расмий маалыматтын анализине таянсак, жаныбарлар дагы да болсо жугуштуу ылаңдардан жабыркап келишет. Алардын кесепетинен малдын азыктуулугу төмөн болуп, мал чарбачылыгына көз каранды болгон үй-бүлөлүк бюджеттин толуктоодо фермердик чарбаларга жана үй чарбаларына олуттуу экономикалык зыян келтирилүүдө. Мындай абал бир катар жугуштуу жана инвазивдик ылаңдардын козгогучтарын өрчүтүүгө шарт түзгөн региондордун табигый-климаттык шарттарынын өзгөчөлүгүнө, жаныбарларды багуу жана кармоо талаптардын бузулгандыгына байланыштуу.
Жүргүзүлгөн анализге көңүл бурсак, айрым жугуштуу ылаңдарга чалдыгуу дээрлик жок экендиги көрүнүп турат, андыктан аларга каршы алдын ала пландуу иш-чаралар Ак-Жар айыл аймагында туура жолдо бараткандыгынан кабар берет
Малдардын ээлерин жана малдардын ден соолугун коргоо боюнча ветеринардык кызмат көрсөтүүчү ветеринардык адисти сурамжылоо, ошондой эле лабораториялык анализдин жана ушул айыл аймактагы мамлекеттик ветеринардык кызматтын отчетторун изилдөөнүн жыйынтыктары бул айыл аймактын аймагындагы мал айрым жугуштуу ылаңдар менен аз санда ылаңдап тургандыгын көрсөтүп турат. Бул ылаңдардын ичинен бодо малдын бруцеллозу жыл сайын катталып турат. Мындан тышкары, табигый очоктору бар же жаныбарларды тоюттандыруу жана багуу эрежелери бузулганда пайда болуучу бир катар жугуштуу ылаңдар да кездешет. Алардын алдын алуу үчүн белгиленген пландуу иш-чараларды өткөрүү талап кылынат. Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл аймагынын малдардын ден соолугун коргоо планы ушулардын баарын эске алуу менен түзүлгөн.
4-БӨЛҮМ. ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ, АЛАРДЫ ЖАКШЫРТУУ ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА 5 ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛГЕ АДАПТАЦИЯЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ОРТО МӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
4.1. Фокус-топтун жыйынтыгы боюнча жайыт пайдалануучулардын муктаждыктарын баалоону талдоо
Көйгөйдү аныктоо
СИНС методдору менен Айылдык фокус топтор аркылуу артыкчылыктуу багыттар аныкталган. Ар бир айылдан 4 фокус топ артыкчылыктуу деген 2ден көйгөйдү алып чыгышты. Ошондо 1 айылдан 8 көйгөй, жалпы 6 айылдан алдынкы 48 көйгөй аныкталып чыкты. Аныкталып чыккан 48 көйгөйдүн ичинен эн артыкчылыктуу болгон бир нече көйгойдү ОГУЛдун отуруму тандап каржылоо үчун чечимдерди кабыл алуу милдети алдыда. Албетте ОГУЛдун отурумунда аныктала турган көйгөйлөр климаттын өзгөрүү шарттарында адаптациялоого, көмүртекти секвестрациялоонун жогорулашына жана туруктуу өнүгүүгө мүмкүндүк бере турган көйгөйлөрдү каржылоого алып чыгуулары шарт.
27-таблица. Абалды баалоо анализи. Фокус топтор алып чыккан муктаждыктар
| № | Көйгөйлөр | Иш чаралар |
| Токойлорду жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча | ||
| Большевик айылы | ||
| 1 | Катыранкы жайытына бак эгүү | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт.
-Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрү эгилет. |
| 2 | Жайытты которуштуруп пайдалануу жана чөп уругун себүү | -Жайытты которуштуруп пайдалануу жана чөптүн уругун себүү учурунда биринчиден мониторинг жүргүзүлөт.
-Жайытты пайдалануу графигине өзгөртүүлөрдү киргизип, которуштурууга байланышкан иш чараларды иштеп чыгат. |
| 3 | Кызылга бак эгүү (Мисте, бадам, фисташка) | Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт.
-Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрү эгилет. |
| 4 | Жакынкы жайыттардын жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
| Ак–Жар айылы | ||
| 5 | Катыранкы жайытыныны жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
| 6 | Ички жайытка кетүүчү көпүрөнү ондоо | -көпөрөнү ондоо үчун иш чаралар иштелип чыгат.
– техникалык коопсуздук чаралары камтылат. |
| 7 | Катыранкы жайытына бак эгүү | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт.
-Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрүн эгүү |
| 8 | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | Жайытты которуштуруп пайдалануу жана чөптүн уругун себүү учурунда биринчиден мониторинг жүргүзүлөт.
– Жайытты пайдалануу графигине өзгөртүүлөрдү киргизип, которуштурууга байланышкан иш чараларды иштеп чыгат |
| 9 | Токой чарбасын калыбына келтирүү | Эскилиги жеткен бактарды толугу менен тазалап жер аянтын пландаштырып даярдоо керек. |
| 10 | Катыранкы жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
| 11 | Жакынкы жайытка көпүрөө куруу | Көпүрөө курула турган ордун аныктоо. Уруксат кагаздарын даярдалат. АПЗ смета даярдалат. |
| Шамал-Терек айылы | ||
| 12 | Алай-Булактагы эски бакты калыбына келтирүү | Эскилиги жеткен бактарды толугу менен тазалап жер аянтын пландаштырып даярдоо керек. |
| 13 | Алай-Булака бак эгүү | Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт.
-Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрү эгилет. |
| 14 | Алай-Булак жайытына суу чыгаруу | Суу чыгаруу жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өбөлго түзүлөт. Жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарт түзүлөт. |
| 15 | Алай-Булактын жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
| 16 | Байчечекей жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
| 17 | Мектептин мандайына бак эгүү | Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт.
-Көмүртекти синирүүчү коп жылдык бак көчөттөрү эгилет. |
| Чалк-Өйдө айылы | ||
| 18 | Ички жайыттардын жолун ондоо | -Жолду ондоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
| 19 | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | Жайытты которуштуруп пайдалануу жана чөптүн уругун себүү учурунда биринчиден мониторинг жүргүзүлөт.
-Жайытты пайдалануу графигине өзгөртүүлөрдү киргизип, которуштурууга байланышкан иш чараларды иштеп чыгат |
| 20 | Токсон кемпир жайыт жолун оңдоо | -Жолду оңдоо үчүн иш чаралар иштелип чыгат. Көчкү, сел коркунучтары бар жерлер эске алынат |
| 21 | Жакынкы жайытка бак эгүү | Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт.
-Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрдү эгүү иш чаралары жүргүзүлөт. |
| 22 | Жакынкы жайыттарга суу чыгаруу | Суу чыгаруу жайыттарды жакшыртуу жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарт түзүлөт. |
| Семиз-Көл айылы | ||
| 23 | Н.Кайназаров орто мектебинин багын калыбына келтирүү | Эскилиги жеткен бактарды толугу менен тазалап жер аянтын пландаштырып даярдоо керек. |
| 24 | Акташ, Карой жайыттарына бак эгүү | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт.
-Көмүртекти синирүүчу көп жылдык бак көчөттөрүн эгүү |
| 25 | Ит өлгөн жайытына бак эгүү | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт.
-Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрүн эгүү |
| Какыр айылы | ||
| 26 | Мотой жайытына өтүүчү көпүрөө куруу | -Көпүрөө куруу |
| 27 | Таш-Колот участкасына бак эгүү (оң, сол) | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт.
-Көмүртекти синирүүчү көп жылдык бак көчөттөрүн эгүү |
| 28 | Кагын жайытына бак эгүү | -Бак эгиле турган жайыт участогуна мониторинг жүргүзөт, бак эгүү үчүн уруксат берүүчү тийиштүү документтерди тактап даярдайт.
-Көмүртекти сиңирүүчү көп жылдык бак көчөттөрүн эгүү |
| Ветеринардык жана жайыт инфраструктурасы боюнча | ||
| Большевик айылы | ||
| 1 | Ветеринардык сервис куруу | Малдын денсоолугуна кам көрүү, жугуштуу илдеттерден сактануу, Фермерлерин кирешесин жогорулатуу асыл тукум породаларга жетишүү, таза продукция өндүрүүгө жетишүү. |
| Ак-Жар айылы | ||
| 2 | Ветсервис куруу | Малдын денсоолугуна кам көрүү, жугуштуу илдеттерден сактануу, Фермерлерин кирешесин жогорулатуу асыл тукум породаларга жетишүү, таза продукция өндүрүүгө жетишүү. |
| Шамал-Терек айылы | ||
| 3 | Мончо (купка) куруу | Малдын мите курттарын жок кылуу менен фермерлердин кирешесин жогорулатуу |
| 4 | Яма беккери куруу | Жугуштуу оорулардын жайылышына бөгөт коюу, санитардык-гигиеналык, санитардык -эпизоотия иштерин жакшыртуу. |
| 5 | Ветсервис куруу | Малдын денсоолугуна кам көрүү, жугуштуу илдеттерден сактануу, Фермерлерин кирешесин жогорулатуу асыл тукум породаларга жетишүү, таза продукция өндүрүүгө жетишүү. |
| Семиз-Көл айылы | ||
| 6 | Ветаптека куруу | Мал илдеттери менен күрөшүүдө ыкчамдуулука жетишүү, ашыкча чыгымдарды үнөмдөө менен фермерлердин кирешесин жогорулатуу |
| 7 | Мончо куруу ( купка) | Малдын мите курттарын жок кылуу менен фермерлердин кирешесин жогорулатуу |
|
Какыр айылы |
||
| 8 | Тоюттун сапатын жакшыртуу (жем чыгаруу цех) | Сапаттуу, жетиштүү тоюттандыруу менен сүт жана эт багытындагы асыл тукум породаларга жетишүү. Тоют базасын чындоо менен жайыттарга болгон басым азаят, көмүртекти синирүү жакшырат. |
| Мал чарбачылыгы жана малдын ден соолугу боюнча | ||
| Большевик айылы | ||
| 1 | Жүндү кайра иштетүүчү цех ачуу | Иштелбей жаткан жүндү иштетүү менен айыл өкмөттүн бюджетин көбөйтүү. Жумуш орундарды түзүү. Үй бүлөлүк кирешени көбөйтүү. |
| 2 | Сүттү кайра иштетүүчү цех ачуу | Айыл өкмөттүн бюджетине салык төлөө. Жумуш орундарды түзуу. Үй бүлөлүк кирешени толуктоо. Сүт азыктары менен элди камсыз кылуу. |
| 3 | Асыл тукум малду өстүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азйтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| 4 | Сүт багытындагы ферма уюштуруу | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| Ак-Жар айылы | ||
| 5 | Эт жана сүт багытындагы асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азйтып комуртекти синирууну кобойтуп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| 6 | Сүт багытындагы мал чарба уюштуруу | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| 7 | Эт багытындагы мал өстүрүү. | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| 8 | Сүттү кайра иштетүүчү цех куруу | Айыл өкмөттүн бюджетине салык төлөө. Жумуш орундарды түзүү.
Үй бүлөөлүк кирешени толуктоо. Сүт азыктары менен элди камсыз кылуу. |
| Шамал-Терек айылы | ||
| 9 | Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| 10 | Сүт багытындагы мал чарба уюштуруу | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
|
Чалк-Өйдө айылы |
||
| 11 | Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| 12 | Сүт багытындагы мал чарбасын өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| 13 | Асыл тукум койлорду өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| Семиз-Көл айылы | ||
| 14 | Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү | Малдарды мобилдик жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу. Мобилдик уруктандырууну уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алуу.
Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| 15 | Сүт багытындагы ферма уюштуруу | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| 16 | Эт багытындагы ферма уюштуруу | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| Какыр айылы | ||
| 17 | Асыл тукум малды өнүктүрүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. |
| 18 | Асыл тукум койлорду көбөйтүү | Сандан сапатка өтүү. Жайыттарга болгон басымды азайтып көмүртекти синирүүнү көбөйтүп экосистеманын жакшырышына өбөлгө болот. Малдарды мобилдик жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу. Мобилдик уруктандырууну уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алуу. |
| 19 | Жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу | Мобилдик уруктандырууну уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алуу. |
| ОГУЛдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча | ||
| 1 | ОГУЛдарды, коомчулукту, тиешелүү адистерди окутуу зарылдыгы байкалды | Жайыттардын абалына МжБ жүргүзүү боюнча тренинг |
| Жамааттык жайыттардын картасын түзүү боюнча тренинг | ||
| Салык, салык эмес төлөмдөр боюнча тренинг. | ||
| Малдын жугуштуу ыландары тууралуу тренинг | ||
| Экономикалык багыт: Кошумча нарк чынжырчасы. Ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча тренинг | ||
| Санариптик маалыматтарга жетишүү боюнча тренинг | ||
| Суу ресурстары боюнча | ||
| 1
|
Суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу
|
-Жасалма мөңгүлөрдү уюштуруу |
| -Сугаруу системасын куруу | ||
| -Тамчылатып сугаруу системасына өтүү. | ||
| -Ирригациялык каналдарды тазалап туруу | ||
| -Ички арыктарды тазалап туруу | ||
| -Сууну жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү. Ар дайым. | ||
28-таблица. 5 жылга чейинки мезгилге адаптациялык иш-чаралардын орто мөнөттүү планы
| № | Көйгөйлөр | Иш чаралар | Күтүлүүчү натыйжалар |
| Токойлорду жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча | |||
| 1 | Жайыт участоктордо малдын жайытка болгон сыйымдуулугунун ашыкча болгондугунан деградация белгилери байкалды | Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо | Деградациянын себептери аныкталып, аларды жоюу чаралары белгиленди. Сыйымдуулука жараша гана маал киргизүү |
| 2 | Көпчүлүк жайыт участоктордо ашыкча мал жаюу байкалган. | Сезондук ротацияны жакшыртуу жана эс алуу менен жайыт системасын жакшыртуу | Сезондук которуштуруп айдоону киргизүүнүн натыйжасында жакынкы жайыттар жайында толугу менен эс алат, анын натыйжасында чөптүн багы калыбына келтирилет. |
| Ветеринардык жана жайыт инфраструктурасы боюнча | |||
| 1 | Айылдарда сугаруучу жайлардын жетишсиздиги | Айылдарда сугаруучу жайларды уюштуруу | Айылдарда сугаруучу жерлерди уюштуруу. Жаз мезгилинде малды участок боюнча бирдей бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул жазгы жайыттын аймагын сарамжалдуу пайдаланууга жана аянттагы участоктордогу оорчулукту азайтууга мүмкүндүк берет. |
| 2 | Ветсервис куруу | Ветсервис курулат | Ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу чаралары өз убагында жүргүзүлөт. Ынгайлуу шарт түзүлөт. |
| 3 | Жолду кара жайыт жолдорунун начардыгы | жайыт жолдорун калыбына келтирүү | Мурда кыйынчылык менен жетүүгө мүмкүн болгон жайыт участогуна жетүүгө ынгайлуу шарт түзүлөт. |
|
Мал чарбачылыгы жана малдын ден соолугу боюнча |
|||
| 1 | Жасалма уруктандыруу пунктунун жоктугунан малдын асылдуулугун жакшыртуу иштеринин жүргүзүлбөгөндүгү | Малдарды мобилдик жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу. Мобилдик уруктандырууну уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алуу. | Малдын асылдуулугун арттырууга мүмкүндүк берет |
| ОГУЛдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча | |||
| 1 | ОГУЛдарды, коомчулукту, тиешелүү адистерди окутуу зарылдыгы байкалды | Жайыттардын абалына МжБ жүргүзүү боюнча тренинг
|
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча билимдер жогорулады, бул ОГУЛдун ишин жакшыртат жана ОГУЛду туруктуу түзүмгө айландырууга мүмкүндүк берет |
| Жамааттык жайыттардын картасын түзүү боюнча тренинг | Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча билимдер жогорулады, бул ОГУЛдун ишин жакшыртат жана ОГУЛду туруктуу түзүмгө айландырууга мүмкүндүк берет | ||
| Салык, салык эмес төлөмдөр боюнча тренинг. | Салык системасын жолго салуу жөнүндө малыматка жетишүү. Ишкерликти жүргүзүүдө мыйзамдуу иш алып барылат. | ||
| Малдын жугуштуу ыландары тууралуу тренинг | Медицина адамды дарылайт, ветеринария адамзатты дарылайт. | ||
| Ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча тренинг | Ишмердүүлүктү өнүктүрүүдө кошумча нарк чынжырасынын маанилүүлүгүн түшүнүү. Сырьелорду кайра иштетүүчү цехтерди курууга жол ачылат. | ||
| Санариптештирүү, IT технологиясы боюнча окуу тренинг | Санариптештирүү тууралуу малыматка жетишүүгө жол ачылат. Учурда көпчүлүк жарандар Түндүк уюлчасына кирүүнү өздөштүрүүнү үйрөнүшөт. | ||
| Суу ресурстары боюнча | |||
| 1 | Суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу | Жасалма мөңгүлөрдү уюштуруу | Жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатат |
| Суугаруучу түтүкчөлөрдү куруу | Жайыттарды жакшыртуу, эффективдүү пайдалануу жүргүзүлөт, малдын өсүмдүүлүгү жогорулайт. Жайыт пайдалануучулар үчүн ынгайлуу шарт түзүлөт. | ||
| Тамчылатып сугаруу системасына өтүү | Тамчылатып сугаруу системасы бул: -сууну үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу. Түшүмдүүлүк көбөйөт. | ||
| Ирригациялык каналдарды тазалоо | Суунун жеткиликтүүлүгүн толук камсыздоо. Түшүмдүлуктү жогорулатуу. | ||
4.2. Жайыт ресурстарын башкаруу планы.
4.2.1. Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча иш-чаралар
Жайыттарга мониторинг жүргүзүү бул:- Жайыт ресурстарын башкаруу планынын эң негизги бөлүмдөрүнүн бири болуп эсептелинет. Айыл аймактын аймагында жайыттарды туура пайдалануу үчүн атайын участоктор тандалып алынат. Бул участоктордо жайыттардын абалына жыл сайын мониторинг жүргүзүлүп, алынган натыйжалар ошол эле жердеги башка жайыт аянттарынын абалына баа берүү үчүн колдонулат. Мониторингдин натыйжалары жыл сайын жайыт системасын жакшыртуу жана жайыттарды жакшыртуу боюнча иш чараларды кабыл алуу аны ишке ашыруу максатында жүргүзүлүш керек. Жайыттарды туура жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн биз дайыма жайыттарыбыздын абалын баалап жана байкоо жүргүзүп туруубуз керек.
Пайдаланылып жаткан жайытты жылына 2 жолу:- мал жайылганга чейин жана мал жайылгандан кийин, же мезгилге жараша тоют өсүмдүгүнүн максималдуу жетилген убагында баалоо керек: Жайыттарды баалоо негизинен бир нече жөнөкөй ыкмалар менен жүргүзүлөт:
- Кайчылаш сызыктар» ыкмасы
- Көз болжол ыкмасы.
Ал эми жайыттын түшүмдүүлүгүн аныкташ үчүн:
- Чөп чабуу ыкмасы колдонулат.
(төмөндө мониторингдин таблицасы, анда аянттар жана мөөнөттөр камтылган)
29-таблица. Жайыттардын абалын мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча иш-чаралар
| № | Жайыт участогунун аталышы | Жайыт түрү | Пайдалануу сезону | аянты, га | МжБ өткөрүү үчүн тандалып алынган жайыт участогу | Жылдар боюнча МжБ жүргүзүү | ||||||
| 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | |||||||
| 1 | Шамал Терек (Алай Булак, Ой жангак, Чукума, Алтын башат, Карга жайлоо, Бел, Туйгун терек) | Жазгы – күзгү | Жаз, күз, кыш | 1446 | Алай Булак | х | х | х | ||||
| 2 | Чалк Өйдө (Жалгыз тал, Секелек, Кен төр) | Жаз, күз | Жаз, күз | 2228 | Кен төр | х | х | х | ||||
| 3 | Камыр (Көбүргөн, Тегерек, Тогуз Булак, Көк мойнок, Кол, Байчечекей) | жай | жай | 1293 | Тогуз булак | х | х | х | ||||
| 4 | Чар-Таш (Минме) | жай | жай | 1154 | Минме | х | х | х | ||||
| 5 | Кумайкы (Жүрөк таш, токсон кемпир) | жай | жай | 569 | Жүрөк таш | х | х | |||||
| 6 | Жол Чавай (Балоон короо,Чоң чабай) | алыскы жайыт, жай | жай | 890 | Чоң чабай | х | х | х | ||||
| 7 | Сур Таш | жай | жай | 1261 | х | х | х | |||||
| 8 | Катыранкы(Мамадан булак, Чалка, Таш тумшук, Токтосун колот, Жуманазар колот, Камбар булак, Ысмайыл дөбө, Үч жар, | Жаз-күз | жаз, жай, күз, кыш | 268 | Токтосун колот | х | х | х | ||||
| 9 | Таш Булак (Сары күнгөй, Кең колот, Долоно бел) | жаз-күз | жаз, күз, жай, кыш | 215 | Долоно бел | х | х | х | ||||
| 10 | Сасык (Арпалуу) | жаз-күз | жаз,жай, күз, кыш | 250 | х | х | х | |||||
| 11 | Кара-Ой (Акташ, Айры белес, Кереге таш Өмүрзак, Чечен сарай, Кызыл, Тоок кана, Тамчы булак) | жаз-күз | жаз,жай, күз, кыш | 363 | Кереге таш
Айры белес |
х | х | х | ||||
| 12 | Көрүндү | жаз-күз | Жаз, жай, күз кыш | 306 | Көрүндү | х | х | х | ||||
| 13 | Байбиче (Акташ, Кок моюн, Күнгөй, Жаман тал) | жай | жай | 934 | Акташ | х | х | х | ||||
| 14 | Кара-Шоро (Жолду кара, Теке уюк, Чоң агатан, Тар чабай, Чоң кулубек, Кичи кулубек, Кең туз, Чон таш, Кичи агатан, Коңур дөбө, Кичи көк жар, Чоң көк жар, Мазар, Сары коо, беделбай, Эчки тал) | жай | жаз, жай, | 1562 | Эчки тал | х | х | х | ||||
| 15 | Шил-Бели (Акташ, Көк торпок, Мазар) | жай | жай | 1275 | Акташ | х | х | х | ||||
| Бардыгы: | 14014 | |||||||||||
4.2.2. Жайыттарды пайдалануу планы
Акыркы жылдардагы мониторингдин маалыматтарын талдоо, калктуу пункттарга жакын жазгы жайыт участокторунда белгиленген нормадан бир кыйла ашыкча экендигин көрсөттү. Бул участоктордун абалына терс таасирин тийгизет. Бул участоктор үчүн мал жаюу системасы иштелип чыгып, малдардын сыйымдуулугуна жараша бөлүштүрүлдү. Жана жайытка чыгуунун тартиби жана графиги иштелип чыкты. Деградациянын жайылуу коркунучу бар участоктордо интенсивдүү которуштуруу системасын колдонуу пландаштырылууда. МжБнын жыйынтыгы менен жайыттардын абалы аныкталып, анын негизинде жайыт которуштуруп пайдалануу колдонулушу шарт, өз убагында эс алдыруу, рационалдуу пайдалануу жана жайыт аянттарын жакшыртууну камсыз кылуу учун иш чараларды иштеп чыгуу зарыл.
Жайыттардын абалын жакшыртуу жана жайыт участокторунун түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бир аз деградация болгон аймактарды эс алдыруу зарыл. Эгер эс алдыруу көйгөй жаратса климаттын өзгөрүшүн басандатуу үчүн, көмүртекти синирүү максатында деградация болгон жайыттарга жаны көчөттөрдү бактарды тигүү жумуштарын аткаруу зарылдыгы келип чыгууда. Себеби, коомчулуктун муктаждыктарын аныктап чыгууда бир катар деградацияга учураган жайыт аянттарына бак тигүү жана эски бактарды калыбына келтирүү көйгөйлөрү аныкталып чыкты.
30-таблица. 2026-202030-жылдарга жайыттарды эс алдыруу/ которуштуруп жаюу графиги
| Жайыт участогу | аянты, га | мезгили | Жылдар | ||||
| 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | |||
| Байбиче (күнгөй участогу) | 200 | Жаз-жай | Эс
алдыруу |
||||
| Жол чабай | 1200 | Жаз-жай | Эс
алдыруу |
||||
| Жолду кара
(теке уюк участогу) |
200 | Жаз-жай | Эс
алдыруу |
||||
| Кара-Шоро (Көк жар участогу) | 200 | Жаз-жай | Эс
алдыруу |
||||
| Сурташ (көк торпок) | 125 | Жаз-жай | Эс
алдыруу |
||||
Малды жаюуну көзөмөлдөө үчүн жайыттардын графиги түзүлөт.
31-таблица. Мал жаюу графиги
| Жайыт участогу | Жайыт түрү | аянты, га | Мал жаюу мезгили |
| Шамал Терек | Жаз, күз, кыш | 1446 | 1 апрелден 30 майга чейин, 1 сентябрдан 1 декабрга чейин жайылат 5 ай кышкы жайыт катары пайдаланылпат |
| Чалк-Өйдө | Жаз күз | 2228 | 15 апрелден 25 майга чейин. 1 сентябрдан 1 декабрга чейин, жылкылар 1-январдан 25 майга чейин жайылыт |
| Камыр | жай | 1293 | 1 июндан 5 сентябрга чейин |
| Чар таш | жай | 1154 | 1 июндан 5 сентябрга чейин |
| Кумкайкы | жай | 569 | 25 майдан 5 сентябрга чейин |
| Жол чавай | жай | 890 | 25 майдан 5 сентябрга чейин |
| Сур таш | жай | 1261 | 1 июндан сентябрдын 5 чейин |
| Катыранкы | жаз, жай, күз, кыш | 268 | 1 марттан 1 мартка чейин. Жыл бою багылат |
| Таш булак | жаз, күз, жай, кыш | 215 | 1 марттан кайра 1 мартка чейин. |
| Сасык | жаз, жай, күз, кыш | 250 | 1 марттан 1 мартка чейин |
| Кара ой | жаз, жай, күз, кыш | 363 | 1 марттан 1 мартка чейин |
| Көрүндү | Жаз, жай, күз, кыш | 306 | 1 марттан 1 мартка чейин |
| Байбиче | жай | 934 | 1 майдан баштап 10 сентябрга чейин жайылат |
| Кара Шоро | жаз, жай, | 1562 | 1 апрелден 1 сентябрга чейин |
| Шилбилүү | жай | 1275 | 1 майдан сентябрга чейин жайылат |
| Бардыгы: | 14014 |
4.2.3. Жайыттарды башка максаттар үчүн пайдалануу жана башкаруу планы*
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары малды кышында тоюттандыруу үчүн чөп даярдалат. Ошондой эле, картада жер тилкелери башка максаттарга пайдаланылган жерлери да чагылдырылган (картада сөзсүз түрдө көрсөтүү керек). Толук маалымат төмөндө 32-таблицада көрсөтүлгөн.
32-таблица. Жайыттарды башка максаттар үчүн пайдалануу жана башкаруу планы
| №
|
Жайыт участогу | Жайыт участогунун аянты, га | Анын ичинен, жайыттарды башка максаттарда пайдалануу боюнча, га | ||||||||||
| Аңчылык | Аарычылык | Туризм | Жеңил салмактагы байланыш конструкцияларын орнотуу | Тоо кендери | Балыкчылык | Тоют жана отун даярдоо | Кымыз менен дарылоо | Дары чөптөрдү, мөмө-жемиштерди жыйноо |
Эс алуу, көрктөндүрүү |
Баары | |||
| 1 | Байбиче | 934 | 0,25 | 2,5 | 1,3 | 82,0 га Ош пирим лицензия алган.
Кампа үчүн 1,90 га |
0,9 | 0 | 0,50 га | 0 | 3,0 га | 93,35 | |
| 2 | Шамал-Терек | 1446 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 3 | Чалк-Өйдө | 2228 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 4 | Камыр | 1293 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 5 | Чар таш | 1154 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 6 | Кумкайкы | 569 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 7 | Жол чавай | 890 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 8 | Сур таш | 1269 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 9 | Катыранкы | 268 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 10 | Таш булак | 215 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 11 | Сасык | 256 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 12 | Кара ой | 363 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 13 | Көрүндү | 306 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 14 | Кара-Шоро | 1562 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| 15 | Шил Бели | 1275 | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – | – |
| Баары: | 14014 | 0,25 | 2,5 | 1,3 | 0 | 83,90 | 0,9 | 0,50га | 0 | 3,0 га | 93,35 | ||
Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Кыргыз өкмөтүнүн жайыттарды башка максатта колдонуу боюнча №515 токтомуна ылайык Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт аянттарында бир катар ишмердүүлүк жүргүзгөн физикалык жана юридикалык ишкерлер бар.
Байбиче жайлоосунан Ош Пирим көмүр кен казуу ишканасы 82,0 га жер аянтын көмүр казуу үчүн мамлекеттик лицензия алган. Учурда көмүр казуу иштери кызуу жүрүп жатат. Ош Пирим көмүр кендер ишканасы жана башка аймакта көмүр казган ишканалар көмүр топтоо кампалары үчун 1,90 га жайыт жерин башка максатта пайдалануу үчүн келишим түзүшүп иштетип келе жатышат. Булар көмүр кампалары үчүн Жайыт комитетине келишимдин негизинде салыктарды төлөп келишет. Ошондой эле анчылык үчүн 0,25 га, Аарычылык үчүн 2.50 га, Туризм үчүн 1,3 га, балыкчылык үчун 0,9 га, Саамал менен дарылоо үчүн 0,50 га, көрктөндүрүү үчүн 3,0 га баары биригип 93,35 га башка максатта пайдалану үчүн келишим түзүп пайдаланып келишет.
4.3. Айыл чарба жер ресурстарын башкаруу планы.
4.3.1. Жер фондусун жакшыртуу боюнча чаралар
Кыргызстан боюнча айыл чарба жерлери 1994-жылы жер реформасы жүргүзүлгөндөн кийин жүздөгөн майда үлүштөргө бөлүнүп кеткендиктен жерди иреттүү иштетүү планы жолго коюлбай келет. Жер ээлери өздөрү каалагандай иштетип келишет. Ар ким өзү каалаган эгинди эгип келишет. Мамлекеттик жер фондуна калган жерлерди айыл өкмөтү тарабынан конкурстук негизде арендага берип, аренда акысын, жер салыктарын өкмөттүн кирешеси катары пайдаланышат. Ушундай салык жана салык эмес төлөмдөр да өз максатында иштелбей, айыл өкмөттүн зарыл көйгөйлөрү үчүн гана жумшалып келет. Конкурстук негизде берилген жер фондунун аренда салыгын максаттуу иштетип айыл өкмөттүн денгээлинде үрөн чарбаларын уюштуруп же болбосо атайын техникаларды алып өкмөттүн денгээлинде техсервистерди уюштуруп жерди иштетүүнү ырааттуу колго алса жакшы болмок. Ырааттуу иштетилбегендиктен жер асылдуулугун жоготту. Жерди эс алдырып иштетүү дээрлик жоктугунан жер эффективдүү пайда бербей калды.
33-таблица: Жер фондусун жакшыртуу боюнча иш план.
| № | Көйгөйдүн аталышы | Чечүү жолдору | Каржы булактары | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу |
| 1 | Түшүмдүүлүктү арттыруу | Жерди эс алдыруу. (Тондуруу жана күйгүзүү, пар айдоо) | АО, үлүш ээлери, |
Жыл сайын |
АО, Жер адис, үлүш ээлери |
| 2 | Үрөндүн жаңы сортторуна жетишүү | Үрөн чарба уюштуруу. РУАР менен биргеликте иштөө. | АО РУАР | дайыма | АО,
Жер адиси |
| 3 | Таза сапаттуу түшүм алууга жетишүү | Органикалык жер семирткичтерди пайдалануу.
Биогумус өндүрүүнү жайылтуу. |
АО, үлүш ээлери | Жыл сайын | АО |
| 4 | Эгиндерди дарылоо ыкмаларын женилдетүү агро дрон сатып алуу. | Дары чачуучу дрон сатып алуу | АО, Кооперативдик уюмдар. | 2028-2029 | АО, МИ, АК. |
4.3.2. Пайдаланылбаган жана деградацияланган жерлерди пайдалануу планы
Кара-Шоро айыл аймагында айыл чарба жерлеринен пайдаланылбаган жер жок. Бардык категориядагы жерлер пайдаланылат. Бир гана жайыт жерлеринде деградацияга учураган жерлер бар. Бул жогорудагы жайыттарга анализ кылганда да белгиленген андыктан деградацияга учураган жайыт жерлерин пландуу иштетүүнү колго алуу зарыл. Андыктан деградация болгон жайыт жерлерин коомчуулуктун муктаждыктарын аныктоодо Фокус топтор аркылуу алып чыккан көйгөйлөрдү аткарууга алуу керек. Фокус топтор аркылуу жайыттарга бак эгүү, чөп уруктарын себүү, көпүрөлөрдү оңдоо, жолдорду оңдоо ж.б.у.с көптөгөн көйгөйлөр аныкталып чыккан.
4.4. Токой эмес жер ресурстарын башкаруу планы
Өзгөн токой чарбасында токой эмес жер аянттарын иштетүүнү жергиликтүү тургундарга келишимдик негизде ижарага берип келишет. Ижарачы келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарат. Жана белгиленген ижара акыны өз убагында акчалай төгүп беришет. Ал эми ижара берүүчү тарап келишимдеги көрсөтүлгөн өздөрүнө тиешелүү милдеттерди сактайт. Ижара берүүчү ижарага алынган жерди өз максатында иштетүүсүнө көзөмөл жүргүзүп турат.
4.4.1. МТФ жайыт ресурстарын баалоо планы
МТФнун жайыттары негизинен бийик тоолуу аймактарда, деңиз денгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкандыктан табигый баалуу ресурстарга бай. Мында табылгыс дары чөптөр Алтын тамыр, аркар от, кучала ж.б дарылк касиети жогору чөптөр өсөт.
Жайыттарда суунун тартыштыгы жок. Анткени кокту-колоттон куюлуп агып түшкөн булак суулары толук жетиштүү. Ал тургай мөнгүлөр да июль айларынын ортосуна чейин эрибей сакталып турат. Бул климаттын кескин өзгөрүүсүнө туруктуулугун сактап, экосистеманын бир калыпта болуусуна шарт түзөт. Ошону менен бирге биотүрдүүлүктүн бир калыпта өсүүсүнө өбөлгө болот. Секвестрациянын жогорулашын күчөтөт.
Ошондуктан МТФнын жайыт ресурстарын баалоо боюнча курамында токой чарбасы, айыл өкмөт мүчөлөрү, жайыт адиси болуп биргелешкен комиссия түзүп көзөмөлдөп туруу керек.
4.4.2. МТФ жайыттарына мал жаюу графиги
34-таблица
| Жайыт участогу | Пайдалануу мезгили боюнча жайыттын түрү | Аянты, га | Мал жаюу мезгили |
| Чытты | Жайкы жайыт | 2040 | Май, июнь, июль, август |
| Ай тийбес | Жайкы жайыт | 950 | Май, июнь, июль, август |
| Карагат | Жайкы жайыт | 350 | Май, июнь, июль, август |
| Жыргал саз | Жайкы жайыт | 250 | Май, июнь, июль, август |
| Токсон кемпир | Жайкы жайыт | 1500 | Май, июнь, июль, август |
| Зергер | Жайкы жайыт | 1600 | Май, июнь, июль, август |
| Байбиче | Жайкы жайыт | 2500 | Май, июнь, июль, август |
| Чангет
(жазгы жайыт) |
Жазгы жайыт | 450 | Март, апрель |
| Арагөл | Жазгы жайыт | 2345 | Май, июнь, июль, август |
| 11985 |
4.4.3. Токой жерлерин айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдалануунун планы
М.Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасындагы токой эмес жеринде тоют даярдоого ылайыкташкан 200 га чөп чабынды жери бар. Чөп чабынды жерлер адамдарга келишимдин негизинде берилет.
Токой чарбасындагы 13 аары өндүрүүчү орун бар, 398 аары челек бар. 13 аары өндүрүүчүнүн, 10ну токой чарбанын өзүндө, ал эми 3 өндүрүүчү ОКЖА аймагында жайгашкан. Ошондой эле токой чарбанан атайын питомник аянты бар. Ал питомникте түрдүү 430 000 көчөт өндүрүлөт жана токойду жакшыртууга жумшалат.
4.5. Токой ресурстарын башкаруу планы
Токой чарбасынын, токойчулуктардын жылда аткара турган иш пландары бар. Негизинен токойду жакшыртууга багытталган иштер. Токойду сарамжалдуу пайдалануу, өрт коопсуздугунан сактоо, токойду кобойтуу иш чараларын камтыйт.
| 35-таблица Чарбалык иштери | ||||||
| № 1 | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Көлөмү | |||
| 1 | Себүү алдында топуракты кайра иштетүү, айдоо | га | ||||
| Анын ичинде механизациялашкан иштер | га | |||||
| 2 | Токой өстүрүү алдында топуракты иштетүү: МТФ токойлорунда | га | 18 | |||
| Анын ичинде механизациялашкан иштер | га | |||||
| 3 | Анын ичинен плантация түрүндөгү токой өсүмдүктөрүн отургузуу | га | ||||
| 4 | Мамлекеттик токой фондусунун жерлериндеги токой өсүмдүктөрүн, бактарды жана жаңгак плантацияларын багуу. | га | 234 | |||
| Анын ичинде механизациялашкан иштер | га | |||||
| 5 | Механизациялаштырылган багуу зонасында катар аралыктарды кошумча кол менен отоо | |||||
| Анын ичинде токой өсүмдүктөрүнүн плантациялары | га | |||||
| 6 | Мамлекеттик токой фондусунун жерлериндеги өткөн жылдардагы токой өсүмдүктөрүн, бактарды жана жаңгак плантацияларын багуу | га | ||||
| 7 | Бүтүндөй токойдун табигый калыбына келишине көмөктөшүү | га | 100 | |||
| анын ичинде өсүмдүктөрдү сактоо | га | |||||
| 8 | Токой өсүмдүктөрүн кошумча азыктандыруу | га | 100 | |||
| 9 | Келерки жылкыга токой өсүмдүктөрүнүн, чарбалардын, плантацияларын даярдоо | га | ||||
| Анын ичинде механизациялашкан иштер | га | |||||
| 10 | Келерки жылдын токой өсүмдүктөрү үчүн жерди даярдоо | га | 18 | |||
| Анын ичинде механизациялашкан иштер | ||||||
| 11 | Учурдагы жаңгак өсүмдүктөрүн жакшыртуу (жаңгак, мисте, бадам) | га | ||||
| 12 | Кара буулардын чыгышы | га | ||||
| 13 | Тик капталдарды террассалоо иштери | |||||
| 14 | Токой уруктарын даярдоо | кг | 1350 | |||
| 15 | Үрөндөрдү жана отургузуу материалын сатып алуу | кг | 3 | |||
| отургузуу материалы | даана | 8 | ||||
| 16 | Отургузулган материалды өстүрүү | даана | 430 | |||
| Анын ичинде :а) уруктар | 280 | |||||
| б) көчөттөр | даана | 150 | ||||
| анын ичинде кыйыштырылган көчөттөрдү өстүрүү | даана | 5 | ||||
| анын ичинде жабык тамыр системасы менен өстүрүү | даана | 2 | ||||
| 17 | Энелик бактарга камкордук көрүү | га | ||||
| 18 | Токой үрөн плантацияларын камкордук менен түзүү | га | ||||
| 19 | Мурдагы жылдардагы энелик жана токой урук плантацияларын багуу | га | ||||
| 20 | Аймактарды тамырлардан тазалоо | га | ||||
| 21 | Аймактарды тазалоо | га | 0,2 | |||
| 22 | Отургузулган материалды казуу жана сорттоо | миң | 82,2 | |||
| 23 | Токойдун үрөн участокторун отургузуу жана бөлүштүрүү | га | ||||
| 24 | Мурдагы жылдардын үрөөн участкаларына кам көрүү. | га | ||||
| 25 | Токой эгиндерин сугаруу | га | 10 | |||
4.5.1. Токой ресурстарын көбөйтүү боюнча иш-чаралар
Жогорудагы таблицада көрсөтүлгөндөй 2025-жылга 18 га жаны токой аянтын өздөштүрүү пландалган. М.Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасынын атайын көчөттөрдү өстүрүүгө ылайыкташкан чарбасы бар. Мындан тышкары ар бир токойчулуктун да өз алдынча көчөт өстүрүү чарбачылыгы бар. Ар жылы токойду көбөйтүү иштери жүргүзүлөт жана өспөй калгандарынын ордуна толуктоонун үстүндө иштеп келишет.
Мындан тышкары үстүбүздөгү жылга 40,0 га экме токой отургузуу иштерин да аткарышат.
36-таблица Токой чарбанын экме токой отургузуу тууралуу иш чара. 2025-жылга.
| К-р № | Субьектинин аталышы | Экме токой га | Экме токойдун жайгашуу орду |
| 1 | МТФ жерине | 14.0 | Кызыл-Тоо токойчулугу № 2, Доңуз Тоо № 39 |
| 2 | МТФ жерине | 4.0 | Кара-Шоро токойчулугу № 2, Чытты № 49 |
| 3 | Айыл аймактардын жерине | 22,0 | А.и. Шамал-Терек айылына 2,0 га |
| Бардыгы: | 40,0 |
Өзгөн токой чарбасынын 2025-2029-жылдар аралыгында “Кыргыз Республикасынын токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (CS-FOR)» долбоорунун алкагында токой тигүү жумуштарына керектелүүчү көчөттөр менен камсыздоонун болжолдуу планы.
37-таблица
| К-р
№ |
аталыштары | Көлөмү га | Жаңгак | мисте | терек | Аралаш токой | арча | Жалпы |
| 1 | Жалпак-Таш | 150 | 75000 | – | – | – | – | 75000 |
| 2 | Кароол | 100 | – | – | – | 40000 | – | 40000 |
| 3 | Мырза -Аке | 100 | 50000 | – | – | – | – | 50000 |
| 4 | Ийри-Суу | 100 | 25000 | – | – | 20000 | – | 45000 |
| 5 | Кызыл-Октябрь | 110 | – | 75000 | 100000 | 8000 | – | 83000 |
| 6 | Жазы | 100 | – | – | – | 40000 | – | 40000 |
| 7 | Өзгөн токой чарбасы | 80 | – | – | – | – | 150000 | 150000 |
| Бардыгы | 740 | 150000 | 75000 | 100000 | 108000 | 150000 | 483000 |
4.5.2. Токойдун жыгач эмес ресурстарын пайдалануу боюнча иш-чаралар
М.Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасында 25750 га токойлуу жер болуп эсептелет. Анын ичинен токой каптаган аянттары 25000 га. Негизинен жангак токойу басымдуулук кылат. Аралаш токойлорунда алма, өрүк, алча, итмурун, карагат мөмөлүү дарактары бар. Бул көрсөткүч токой чарбасынын негизги маданий ресурстук байлыгы катары жергиликтүү тургундар киреше алуучу токой чарба тармагы болуп эсептелет. Жергиликтүү тургундарга чоң чоң кирешелерди берет. Токой чарбасынын жерлери айылдарга жакын жайгашкандыктан жергиликтүү тургундары токой мөмө жемиштерин терип үй бүлөөлүк кирешелерин толукташат. Шамал-Терек жана Чалк-Өйдө айылдарынын тургундары жангак токойлорун келишимдин негизинде иштетип келишет.
4.5.3. Мамлекеттик токой фондусунун жерлерин дыйканчылык, чөп чабуу жана бал челектерди жайгаштыруу үчүн пайдалануу
М. Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасынын мамлекеттик токой эмес жер фондусу жалпысынан 23532 га. Анын ичинен жайыт жерлери 11985 га түзөт. Бул жайыт жерлерин райондун бардык айыл аймактарынынан жайыт пайдалануучулар пайдаланышат. Кара-Шоро айыл аймагынан да жайыт пайдалануучуларыбыз чыгышат. МТФнын жайытын пайдалануу үчүн М .Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасы менен келишим түзүп, жайыт акыларын төлөп белгиленген календарлык пландын негизинде жайытка чыгышат жана жайыт пайдалануудагы эрежелерди сакташат.
Ошондой эле МТФ токой эмес жеринде тоют даярдоого ылайыкташкан 200 га чөп чабынды жери бар. Токой чарбасындагы 13 аары өндүрүүчү орун, 398 аары челек бар. 13 өндүрүүчү орундун, 10ну токой чарбанын өзүндө, ал эми 3 аары өндүрүүчү орун ОКЖА аймагында жайгашкан.
4.5.4. МТФ жерлерин маданий-ден соолукту чыңдоо максатында пайдалануу планы
МТФнын жерлерин маданий-ден соолукту чындоо максатында пайдаланган жерлер учурда жокко эсе. Бирок, маданий-ден соолукту чындоого ылайыктуу, туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу жерлер бар. Андай жерлер алысыраак, барууга татаал болгондуктан иштетилбей калган.
4.6. Суу ресурстарын пайдалануу планы
4.6.1. Суу ресурстарын сактоо боюнча иш-чаралар
Суу ресурстарын сактоо боюнча иш чарлар каралбаган. Себеби, суу сактоонун зарылдыгы жок. Суу айыл чарбачылыгында да, жайыттарда да жетиштүү.
4.6.2. АА аймагынын суу жетпеген аймактарына суу чыгаруу боюнча иш чаралар
Кара-Шоро айыл аймагында суу жетпеген аянттар жок. Себеби, жогоруда маалыматта айтылгандай 2 чоң сугат суу каналы бар. Бул айыл аймактын бардык сугат айдоо аянтарына, бардык там арка аянттарына толук жетиштүү. Андан сырткары коңшу айыл аймактарга да жеткиликтүүлүгү бар. Айыл аймакта сугат сууну тартыштыгы жок.
4.6.3. Суу коргоо зоналарын түзүү боюнча чаралар
Суу коргоо зоналарын тузуунун зарылдыгы жок. себеби айыл аймактын айдоо аянттары сугат суу менен камсыздоо жетишээрлик.
4.7. Биологиялык ресурстарды башкаруу планы
Биологиялык ресурстарга жаңгак токойлору, мөмө жемиштерди берүүчү карагат, жапайы алма, ит мурун, алча дарактары кирет. Бул дарактардын ичинен жаңгак дарагынын мөмөсүн терүү токой чарбачылыгы аркылуу келишимдик негизде жүргүзүлөт. Жангак мөмөсүн ижарачылар терип базарларга сатышат да ижара акыны акчалай түрдө токой чарбасынын кассасына төгүшөт. Ал эми калган токой мөмө жемиштерин жергиликтүү тургундар өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө карап терип алып пайдаланышат.
4.7.1. Эң маанилүү биотүрдүүлүккө мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарында өсүмдүктөрдүн, чөптөрдүн бардык түрлөрү өсөт. Акыркы жылдары тоют болумдуу чоптун түрлөрү жок болуп баратат. Климаттын кескин өзгөрүүлөрүнөн, жайыттын сыйымдуулугунан ШМБ ашыкча чыгып жаткандыгынан, которуштуруп пайдаланылбагандыктан оттоого ылайыктуу тоют чөптөр өспөй калууда. Жайытарда ар дайым басымдуулук күчөп, урук чачуу мезгилине жеткирбей жеп коюу себебинен жайыттарыбыз начарлоодо. Ошондуктан жайыттарды эс алдырып пайдалануу менен чөптүн уругун себүү иштерин жандандыруу зарыл. Айта кетсек буга чейин Жайыт комитети чөптүн уругун сепкен жайыттар кандай эффект бергендигин мониторинг жүргүзүү керек.
Ошондой эле кымыздык, чүкүрү, ышкын, ж б дарылык касиети бар аш болумдуу чөптүн түрлөрү да жок болду. Жогорудагы дарылык касиети бар аш болумдуу чөптөр мал баспаган бийик аска таштуу беттерде гана калды.
Мындан сырткары дарылык касиети өтө жогору болгон, эл арасында дарылык үчүн кеңири колдонулган дары чөптөрдү, мисалы Элбарчын, Ак кодол, Аркар от, Алтын тамыр, Куч алага окшогон түрдүү-түрдүү дары чөптөр кеңири масштабда өсөт. Бул дары чөптөрдү атайын дары чөптөр менен алектенген аз сандагы элдик дарыгерлер гана жыйнап топтобостон акыркы жылдары массалык түрдө сатып алып жыйнаган бизнесмендер пайда болду. Мындай мыйзамсыз иш аракеттердин кесепетинен кызыл китепке кирген дары чөптөрдүн саны азайып жок болуп кетүү коркунучу жаралды. Касиети күчтүү дары чөптөрдү сактоо үчүн мыйзамдуу иш аракеттерди жүргүзүү зарылчылыгы келип чыкты. Андыктан жыл сайын мониторинг жүргүзүп, көзөмөлгө алуу керек . Фармацептик ишканалары менен экологияга зыян келтирбегендей кылып, дары чөптөрдүн жок болуп кетпөөсүн камсыз кылуу менен мыйзамдын негизинде эки тараптуу келишим түзүп иш алып баруу зарыл.
38-таблица: Өтө сейрек кездешүүчү дары чөпторго Мониторинг жана Баалоо жүргүзү планы
| № | Биотүрдүү чөптөрдүн аталышы | Жайыттын аты | Мониторинг
жана баалоо жүргүзүү мөөнөтү. |
Жооптуулар. |
| 1 | Чайыр | Байбиче (Жаманталдын күнгөй бети) | Жыл сайын.
июнь-август |
МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
| 2 | Сарымсак (сасык матар) | Акташ | Жыл сайын.
июнь-август |
МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
| 3 | Ак кодол | Агатан | Жыл сайын.
июнь-август |
МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
| 4 | Алтын тамыр | Чоң чабай | Жыл сайын.
июнь-август |
МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
| 5 | Аркар от | Кара-Шоро | Жыл сайын.
июнь-август |
МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
| 6 | Куч ала | Кара-Шоро | Жыл сайын.
июнь-август |
МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
| 7 | Элбарчын | Кара-Шоро | Жыл сайын.
июнь-август |
МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
| 8 | Ак сокто | Чалк-Өйдө | Жыл сайын.
май-июль |
МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
| 9 | Кара кыяк | Чалк-Өйдө | Жыл сайын.
май-июль |
МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
| 10 | Жоодар | Катыранкы | Жыл сайын.
май-июль |
МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
| 11 | Кашка беде | Катыранкы | Жыл сайын.
май-июль |
МжБ тобу. Жайыт адиси. ОГУЛ |
4.7.2. Туристтик ишмердүүлүк үчүн аймактарды аныктоо
Кара-Шоро айыл аймагы туризмди өнүктүрүүгө эң ынгайлуу аймак. Ак-Жар, Большевик, Какыр айылдары Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 15-30- чакырымдарында Жазы дарыясын бойлой жайгашкандыктан эс алууга ынгайлашкан кооз жайлары өтө көп кездешет. Жакынкы Катыранкы жайытында да жазгы-жайкы мезгилдерде эс алуучу кооз жайлары бар. Ал эми Шамал-Терек айылындагы Алай-Булак участкасы да эс алуучу жай катары пайдаланууга ылайыктуу кооз жайлардын бири эсептелет.
Алыскы Байбиче жайытында эс алуучу жайлар бар. Бул жерде азыркы учурда котедждер курула баштады. Буга чейин боз үйлөрдо туристерди тосуп ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишкен. Эгер мамлекеттик колдоо болсо ушул Байбиче жайытында эс алуу жайларын ички туристерди гана эмес чет өлкөлүк туристерди да кабыл алып ири туристик базага айландырса болот. Дагы алыскы Кара-Шоро жайытындагы бир катар участокторго эс алуучу жайларды уюштурса болот. Бул жайыттарда дарылык касиети бар “Кара-Шоро дары суусу” деген ат менен бүтүндөй республикага жана коңшу Өзбекстан республикасына белгилүү болгон минералдык дары суулары көп аймакты кошсок болот. Андан ары Кара-Шоро жайлообуздун керемет кооз жайлары аркылуу сапар алып Нарын областынын кооз жайларына бара турган турстик маршрут ачууга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.
Албетте туризмди өнүктүрүүгө өто чоң финасылык каражат керектелет. Бирок, туризм мамлекетибизге, айыл өкмөттүн бюджетине, жергиликтүү тургундарга чоң кирешелерди алып келээри анык. Андыктан жол, көпүрөлөрдү ондоону, жеке ишкерлерге женил конструкцияда котедждерди салууга уруксат берүү, салык жана салык эмес төломдордү женилдетүүнү мамлекет тарабынан колдоого алуу керек.
4.7.3. Кичи корук аянттарын уюштуруу
МТФ жеринде анчылыкты уюштурууга атайын аянтчалар, же биотүрдүү чөптөрдү коруу максатында, же жан-жаныбарларды коргоо максатында кичи корук аянттары уюштурулбайт. Тагыраагы мындай иш чара Өзгөн токой чарбасында жүргүзүлбөйт.
4.8. Мал чарбасын башкаруу план
4.8.1. Малдын асылдуулугун жакшыртуу боюнча иш чаралар
39- таблица:
| № | Көйгөйдүн аталышы | Чечүү жолдору | Каржы булактары | Аткаруу мөөнотү | жооптуу |
| 1 | Сүт багытындагы асыл тукум малды көбөйтүү | сүттү кайра иштетүүчү цех куруу | Донордук уюмдар.
Кредиттик уюмдар |
2026-2028 | АО
АК ветеринар |
| 2 | Эт багытындагы асыл тукум малды өнүктүрүү | Этке болгон муктаждыкты чечүү
Терини иштетүүчү цех куруу |
Донордук уюмдар.
Кредиттик уюмдар |
2026-2029 | АО
АК ветеринар |
| 3 | Жасалма уруктандырууну өнүктүрүү | Жабдууларды сатып алуу | АО
|
2027-2030 | АО
АК ветеринар |
| 4 | Мал жаюу системасын жакшыртуу, көмүртектин секвестрациясын жогорулатуу. | Жайытты которуштуруп пайдалануу учун тосмолорду куруу. Сыйымдуулуктан ашырбоо. Календарлык планды сактоо | АО,
CS-FOR Донордук уюмдар |
2027-2028 | АО
АК ветеринар |
4.8.2. Тоют базасын жакшыртуу боюнча иш чаралар
40-таблица:
| № | Көйгөйдүн аталышы | Чечүү жолдору | Каржы булактары | Аткаруу мөөнөтү | жооптуу |
| 1 | Жайыттардын абалын жакшыртуу, көмүртектин секвестрациясын жогорулатуу | 1 га чөптүн уругун өндүрүү. | CS-FOR
Донордук уюмдар. Кредиттик уюмдар |
2025ж | АО,
АК Жайыт адиси. Жер адис |
| Чөптүн уругун себүү. | Ар жылы | ||||
|
2 |
Тоюттун жетишсиздигин жоюу.
|
Гидропоника өндүрүү ыкмасына өтүү, куруу | Донордук уюмдар.
Кредиттик уюмдар
|
2028-2029 | АО,
АК Жайыт адиси. Жер адис |
| Силос даярдоо бассейн куруу | Донордук уюмдар.
Кредиттик уюмдар Фермердик чарбалар |
2028-2030 | АО,
АК Жайыт адиси. Жер адис |
4.8.3. Эпизоотияга каршы иш чаралар
41-таблица
| № | Жаныбарлардын түрү жана иш-чаралардын аталышы | Мезгилдүүлүгү | Баары | |||
| I | II | III | IV | |||
| Жылкылар | ||||||
| 1 | Сап-офтальмомаллеинизация | 0 | 0 | 0 | 50 | 50 |
| 2 | Сап оорусун көзөмөлдөө | 0 | 20 | 0 | 20 | 40 |
| 3 | Бруцеллез оорусун көзөмөлдөө | 0 | 20 | 0 | 20 | 40 |
| 4 | Трипанозомозго көзөмөл жүргүзүү | 0 | 20 | 0 | 20 | 40 |
| 5 | Изилдөө жүргүзүү | 5 | 10 | 0 | 0 | 15 |
| 6 | Лептоспирозго көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 7 | АЧЛ көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 8 | АЧЛ эшектерге көзөмөл жүргүзүү
( ЭСР) |
0 | 0 | 0 | 2 | 2 |
| 9 | Жылкы тумоосуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 10 | Вирустук артрит үчүн көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 11 | Ринопневмонияга көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы: | 5 | 70 | 0 | 112 | 187 | |
| Бодо мал | ||||||
| 1 | Бруцеллез оорусуна көзөмөл жүргүзүү | |||||
| Уйлар | 683 | 575 | 120 | 380 | 1758 | |
| Кунажындар (6 айга чейин) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |
| Букалар | 15 | 10 | 10 | 10 | 45 | |
| Жалпы: | 698 | 585 | 130 | 390 | 1803 | |
| 2 | Бруцеллезго сүт шакекчесинин реакциясы | 9 | 10 | 4 | 12 | 35 |
| 3 | Кургак учукту изилдөө | 0 | 400 | 0 | 300 | 700 |
| 4 | Паратуберкулезго көзөмол жүргүзүү | 0 | 8 | 0 | 8 | 16 |
| 5 | Лейкозго көзөмөл жүргүзүү | 30 | 5 | 0 | 0 | 35 |
| 6 | Лептоспирозго изилдөө жүргүзүү | 30 | 5 | 0 | 0 | 35 |
| 7 | Жалпы изилдөө жүргүзүү | 10 | 10 | 0 | 10 | 30 |
| 8 | Шарп оорусуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 10 | 0 | 0 | 10 |
| 9 | Шарп оорусуна изилдөө жүргүзүү
(анын ичинде ылаңдын үлгүсүн алуу ыкмасын колдонуу) |
0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 10 | Шарп оорусуна изилдөө жүргүзүү (SP) | 0 | 10 | 0 | 0 | 10 |
| 11 | Шарп оорусуна изилдөө жургүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 12 | Тери ооруларына изилдөө жүргүзүү | 5 | 0 | 0 | 0 | 5 |
| 13 | Теринин оорусуна изилдөө жүргүзүү (чабыкты тандоо ыкмасын колдонуу) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 14 | Бодо малдын жугуштуу плевропневмониясына көзөмөл жүргүзүү | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
| 15 | Энцефалопатияга изилдөө жүргүзүү | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
| 16 | Блутанг көзөмөл жүргүзүү | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
| 17 | Везикулярдык стоматитке көзөмөл жүргүзүү | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
| Жалпы: | 782 | 1063 | 134 | 720 | 2699 | |
| Майда мал | ||||||
| 1 | Бруцеллез оорусуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 25 | 25 | 50 |
| 2 | Инфекциялык эпидемияга көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 25 | 25 | 50 |
| 3 | Хламидиозго көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 25 | 25 | 50 |
| 4 | Паратуберкулезго көзөмөл жүргүзүү | 0 | 15 | 0 | 0 | 15 |
| 5 | Жалпы изилдөө | 10 | 15 | 0 | 15 | 40 |
| 6 | Кой жана эчкинин чечек оорусуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 10 | 0 | 10 | 20 |
| 7 | Кокус тандап алуу ыкмасын колдонуу менен бруцеллездун алдын алуу программасын иш жүзүндө көзөмөлдөө | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 8 | Кой чумасын көзөмөлдөө | 0 | 10 | 0 | 10 | 20 |
| 9 | Кой чумасын көзөмөлдөө ( тандоо ыкмасы менен көзөмөлдөө) | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 10 | Эчкилерге байкоо жүргүзүү | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
| 11 | Кокустук тандоо ыкмасын колдонуу менен активдүү байкоо жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 12 | NSP көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 13 | Артрит-энцефалит NSP боюнча көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 14 | Шарп оорусуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 10 | 0 | 10 | 20 |
| 15 | Шарп оорусуна изилдөө (үлгүлөрүн алуу ыкмасын колдонуу менен байкоо жүргүзүү) | 0 | 5 | 0 | 0 | 5 |
| Жалпы: | 10 | 70 | 75 | 120 | 275 | |
| Канаттуулар | ||||||
| 1 | Туберкулез оорусуна изилдөө жүргүзүү | 100 | 0 | 0 | 100 | 200 |
| 2 | Жалпы изилдөө жүргүзүү | 15 | 15 | 0 | 15 | 45 |
| 3 | Канаттуулар тумоосуна изилдөө жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 4 | Ньюкасл оорусуна көзөмөл жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 5 | анын ичинен канаттуулардын тумоосуна, жапайы канаттуулардын Ньюкасл оорусуна байкоо жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы: | 115 | 15 | 0 | 115 | 245 | |
| Иттер | ||||||
| 1 | Бруцеллез оорусуна изилдөө жүргүзүү | 0 | 0 | 0 | 5 | 5 |
| 2 | Жалпы изилдөө | 10 | 0 | 10 | 0 | 20 |
| 3 | Эхинококкозго изилдөө жүргүзүү | 7 | 0 | 8 | 0 | 15 |
| Жалпы: | 17 | 0 | 18 | 5 | 40 | |
| Аарылар | ||||||
| 1 | Лабораториялык изилдөө. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2 | Варатоз лабариялык изилдөө. | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы: | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |
| Жалпы изилдөө | 929 | 1218 | 227 | 1072 | 3446 | |
|
Эмдөө |
||||||
| Жылкылар | ||||||
| 1 | Сибирь жарасына каршы эмдөө | 815 | 892 | 0 | 804 | 2511 |
| 2 | Лептоспирозго каршы эмдөө | 0 | 20 | 0 | 0 | 20 |
| 3 | Пастереллезага каршы эмдөө | 0 | 20 | 0 | 0 | 20 |
| 4 | Ринопневмонияга каршы эмдөө | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы: | 815 | 932 | 0 | 804 | 2551 | |
| Бодо мал | ||||||
| 1 | Сибирь жарасына каршы эмдөө | 3228 | 3328 | 0 | 796 | 7352 |
| 2 | Шарп оорусуна каршы (жаз, күз) | 4046 | 3579 | 1970 | 7051 | 16646 |
| 3 | Эмкара 1-2 каршы эмдөө | 0 | 3000 | 0 | 1000 | 4000 |
| 4 | Лептоспирозага каршы эмдөө | 0 | 600 | 0 | 300 | 900 |
| 5 | Пастереллезага каршы эмдөө | 0 | 400 | 0 | 200 | 600 |
| 6 | Бруцеллезго каршы эмдөө | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 7 | Нодулярдык дермотитке каршы эмдөө | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| Жалпы: | 7274 | 10907 | 1970 | 9347 | 29498 | |
| Майда мал | ||||||
| 1 | Сибирь жарасына каршы эмдөө | 10122 | 12227 | 0 | 9054 | 31403 |
| 2 | Койдун чечек оорусуна каршы эмдөө | 0 | 9400 | 0 | 3590 | 12990 |
| 3 | Чумага каршы эмдөө | 0 | 9400 | 0 | 3590 | 12990 |
| 4 | Бруцеллезго каршы эмдөө | 0 | 3507 | 4899 | 1452 | 9858 |
| 5 | Пастереллезага каршы эмдөө | 0 | 1506 | 0 | 1290 | 2796 |
| 6 | Брадзотага каршы эмдөө | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 7 | Лептоспирозага каршы эмдөө | 0 | 600 | 600 | 0 | 1200 |
| Жалпы: | 10122 | 36640 | 5499 | 18976 | 71237 | |
| Канаттуулар | ||||||
| 1 | “Н” чумасына каршы эмдөө | 4350 | 4350 | 4350 | 4350 | 17400 |
| 2 | «Ла-Сота» чумасына каршы эмдөө | 0 | 3500 | 3500 | 0 | 7000 |
| Жалпы: | 4350 | 7850 | 7850 | 4350 | 24400 | |
| Иттер | ||||||
| 1 | Кутурмага каршы эмдөө | 141 | 141 | 141 | 141 | 564 |
| Жалпы: | 141 | 141 | 141 | 141 | 564 | |
| Жалпы: | 22702 | 56470 | 15460 | 33618 | 128250 | |
| ДЕГЕЛЬМИНТИЗАЦИЯ | ||||||
| Иттер | ||||||
| 1 | Цестодозго каршы дегельминтизация | 564 | 564 | 564 | 564 | 2256 |
| Жалпы дегелминтизация | 564 | 564 | 564 | 564 | 2256 | |
| Жалпы иш чаралар | 24195 | 58252 | 16251 | 35254 | 133952 | |
| анын ичинде диагнозду аныктоо | 929 | 1218 | 227 | 1072 | 3446 | |
| эмдөөлөр | 22702 | 56470 | 15460 | 33618 | 128250 | |
| дегельминтизация | 564 | 564 | 564 | 564 | 2256 | |
| Сибирь жарасынын очокторун санитардык жактан тазалоо | 0 | 9 | 9 | 0 | 18 | |
4.9. Иш -чаралар жана инвестициялар
ОГУЛдун айыл өкмөтү менен биргеликте пландаштырылган негизги иш-чаралары төмөнкү багыттар боюнча болот:
➢ Мал жаюу системасын жакшыртуу
➢ Жайыттардын абалын жакшыртуу
➢ Жайыт инфраструктурасын өнүктүрүү жана реконструкциялоо
➢ Мал чарбасын өнүктүрүү
➢ Малдын ден соолугун жакшыртуу
➢ Климаттын өзгөрүшүнө адаптация
➢ көмүртекти секвестрациялоо
➢ Гендерге басым жасоо менен киреше алып келүүчү иш-чаралар
➢ Потенциалды жогорулатуу
АТРдин негизинде бириктирилген Ак-Жар жана Көлдүк жайыт комитеттеринин бюджетин көрүп турабыз. Мында жайыт пайдалануудан түшкөн кирешелер жалпы бюджеттин 708300 сомун тагыраагы 51,12% түзүүдө. Бул жалпы кирешенин жарымы дегенди билдирет. Жарым кирешеси жайытты башка максатта иштетүүдөн толукталып жатат. Демек жайыттарыбыз көзөмөлсүз пайдаланууда же жайыттарды башкаруу жакшы жолго коюлбаган, же жайыт акы толук жыйналбай жатабы деген пикир жаралат.
Ошондуктан жайыттарды пайдаланууда көзөмөлдү, башкарууну күчөтүү зарыл
42-таблица. Жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражаттардын булактары
| Киреше булактары | Жалпы сумма | |
| Ак-Жар жайыт комитети | ||
| Жайыт пайдалануудан түшкөн кирешелер | 228000 | |
| Жайыттарды башка максаттарга пайдалануудан түшкөн каражатта | 402000 | |
| Тракторду арендеге берүү | 150000 | |
| Мончону иштетүүдөн | 20000 | |
| Бардыгы: | 800 000 | |
| Көлдүк жайыт комитети | ||
| Жайыт пайдалануудан түшкөн кирешелер | 480 300 | |
| Жайыттарды башка максаттарга пайдалануудан түшкөн каражатта | 105 000 | |
| Башка демөөрчүлөр (АО) | 0 | |
| Бардыгы: | 585 300 | |
| Жалпы жыйынтыгы: | 1 385 300 | |
5-БӨЛҮМ. КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ИШ-АРАКЕТТЕРДИН АБАЛЫ ЖАНА ӨНҮГҮҮСҮ*
5.1. Аялдар үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууну эске алуу менен кошумча нарк чынжырларын түзүү потенциалын талдоо
43-таблица. ААнын негизги ресурстары жөнүндө маалымат
| Негизги ресурстар | Учурдагы нарк чынжырлары | Тоскоолдуктар | Өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр |
| Токой ресурстары | Жапайы алма. Ит мурун | Каражат табуу зарыл | Шире суусундуктар чыгаруучу цех куруу |
| Жапайы алма. Ит мурун | Каражат табуу зарыл | Кургатуучу цех куруу | |
| Карагат, Чычырканак, Бүлдүркөн, | Каражат табуу | Кыям жасоочу цех ачуу.
Токой мөмөлөрү көп |
|
| Жангак | Каражаттын жоктугу | Жангакты чагып таңгактоочу цех ачуу, себеби, жангак көп жыйналат. | |
| Суу ресурстары | Балык өстүрүү | Каражат табуу | Балык чарба өндүрүүгө суу жетиштүү. Ынгайлуу орун жайлар да бар. |
| Суу тегирмен | Каражат жактан колдоо | Суу тегирменди иштетүүнү жакшыртуу. | |
| Айыл чарбасы
|
Күрүчтү актоо ишкана бар | Ишкананы өнүктүрүүгө каражат аз. | Күрүчтү таңгактоо, дүйнөлүк рыноко чыгаруу |
| Багбанчылык | Каражаттын жетишсиздиги | Логистикалык борборду реконструкциялоо | |
| Сүттү кайра иштетүү | Финансылык колдоо керек | Сүт багытындагы үй ферма уюштуруу. Сүт азыктарын даярдоо. | |
| Жайыт ресурстары | Бал челек кооператив ишкана бар. | Каражаттын жетишсиздиги | Жогорку сапаттагы бал алынат.
Жерибиз ынгайлуу. Тажрыйбалуу адистер жетиштүү |
| Саамал | Каражаттын жетишсиздиги.
|
-Эс ала турган жайдын бардыгы.
Кымыз менен дарылоо |
|
| Жеңил өнөр жайы | Чеберлер үй шартында гана иштешет | Каражат табуу зарыл | Тигүү цех ачуу. Тикмечи чебер айымдар бар. |
| Тоок ферманы өнүктүрүү | Үй шартында тоок, индюк баккан адамдар бар. | Каражат табуу зарыл | Ар бир үй бүлөөдө тоок кармашат.Тажрый бар кызыгуучулар бар. |
5.2. КНЧти түзүү жана өнүктүрүү стратегиясы *
Бул бөлүмдө аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу үчүн колдо болгон негизги ресурстарга, баалуулуктар тизмегине жана мүмкүнчүлүктөргө жараша айыл аймагынын ЦДС өнүктүрүү жөнүндө көз карашты кыскача баяндоо зарыл (5.1-пункт. планы)
Коомубузда аялдардын орду татыктуу орунда. Себеби аялдар үй бүлөөдө мыкты кожейке, татыктуу тарбиячы, мээримдүү эне, үй бүлөөнүн куту эле болбостон эркектер менен эриш аркак иштешип бардык тармактарда жигердүү эмгектенишип келишет.
Кара-Шоро айыл аймагында аялдар активдүүлүгүн көрсөтүп бала бакчаларда, соода тармактарында, маданият бөлүмдөрүндө, айыл чарба тармактарында, мектептерде, тигүү цехтеринде иштешип үй бүлөөлүк зарылчылыктары, күнүмдүк муктаждыктары үчүн каражат таап жардамдашып келишет. Айыл аймакта кооз жайлар көп, андыктан туризмди өнүктүрүүгө кызыктар болуп келишет. Эс алган туристерди кымыз, жана сүт азыктары менен дарылап кызмат көрсөтүү менен алектенүүгө кызыккандар көп.
Райондун борборундагы тигүү цехтерине барып иштеген аялдар, кыз келиндерге айылдардын денгээлинде жакшынакай тигүү цех куруп айылда эле иштөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырса болот. Мындай мүмкүнчулүк жаралса убакытты үнөмдөп, жолго жумшаган каражаты да өз чөнтөгүндө калмак.
Кара-Шоро айыл аймагы райондук базардан алыс болгондугуна байланыштуу күнүмдүк азык түлүк менен ыкчам камсыз болуу көйгөй жаратат. Ошондуктан ар бир үй бүлөөнүн чакан тоок чарбалары бар. Тоок чарбаны уюштуруу өздөрүнүн үй бүлөөлөрү үчүн оокат болот. Күтүүсүз келген конокторго дасторкон жайууда эт жана жумуртка менен жетишээрлик камсыз болуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу үчүн шарт түзүп алышкан. Тоок чарбасы негизиенен кирешелүү тармактардын бири болгондуктан ири тоок фермаларын уюштурууга кызыктар тараптар көп экендиги Фокус топтор аркылуу муктаждыктарды аныктоодо аныкталды. Тоок фермада иштөөгө негизинен аялдардын мүмкүнчүлүгү жетишет. Иш жеңил. Ошондуктан аялдарды жумуш менен камсыз кылуу үчүн тоок фермаларды уюштуруп, КНЧ чынжырчасына чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар.
Кара-Шоро айыл аймагында багбанчылык өнүккөн аймак. Көпчүлүк тургундар багбанчылык менен алектенишет. Ошондуктан Большевик айылында мөмө жемиштерди сактоочу чакан логистикалык борбор бар. Багбанчылык кылууга климаттын туруктуулугу ынгайлуу шарт жаратат. Ошондуктан багбанчылыктын көп түрүн өнүктүрсө болот. Аялдар үчүн эн жакшы мүмкүнчүлүк жаралмак.
Өндүрүшкө басым жасап, сүт багытындагы порода уйларды алып сутту кайра иштетүүчү ишкана, тоок ферма, аарычылыкты өнүктүрсөк деген жөндөмдүү аялдардын бар экендиги фокус топторду өткөрүдө байкалды. Демек буларга жогорудагы ишканалдарды уюштуруп колдоо көрсөтүү зарыл. Ошону менен бирге аярлуу катмардагы жана аз камсыз болгон жалгыз бой энелерди да жумуш орду менен камсыз кылып жашоо мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу зарыл. Айыл аймакта экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген ишканалар түзүлсө, коомчулуктун жашоо шарты женилдейт, иш орун көбөйүп жумушсуздуктун көрсөткүчү төмөндөйт. Айыл өкмөттүн бюджетине салыктар түшүп, кирешелер жогорулайт.
5.3. Каржылоо жана колдоо
Эгерде сиз кошумча наркты баалоо боюнча потенциалдуу долбоорлорду аныктаган болсоңуз, анда төмөнкү таблицаны толтуруу керек.
44-таблица. Каржылоо булактары жана колдоо механизмдери (мисал катары)
| Баяндоо | Долбоордун болжолдуу баасы | Каржылоо булагы | Мамлекеттик колдоо механизмдери | Көйгөйлөр/ Чектөөлөр |
| Айыл аймакта жапайы алма, маданий алма бактары көп. Мөмө көп түйгөн жылдары терилбей тебелендиде калат. Мөмө жемиштерден табигый азыктарды сок, кыямдарды жасап ишкерликти өнүктүрүү жана калкты таза мөмө азыктары менен камсыздоо. | Айыл өкмөттөн колдоо. Донордук уюмдар. Женилдетилген кредит. | Кайра иштетүүчү цехтерди коолдоо.
Салык иштерин жөнөкөйлөтүү. |
Ишкердүүлүк жүргүзүүгү тоскоолдук жок | |
| Бак өстүрүү үчүн айыл аймактын климаттык шарты өтө ынгайлуу. Түшүмдүүлүк жогору болот. Суу ресурстары жетиштүү. Кара топурактуу. | Донордук уюмдар. Женилдетилген кредит. | Айыл өкмөт тарабынан ынгайсыз жерлерди берүү | Ишкердүүлүк жүргүзүүгө тоскоолдук жок | |
| Туризмди өнүктүрүү айыл аймакта эн ыңгайлуу. Шарт ылайыктуу, кооз жайлардын көптүгү. Аба ырайынын ынгайлуулугу. | Донордук уюмдар. Женилдетилген кредит. Ж.б | Эс алууга ынгайлуу кооз жайлар бар. Документтерди тактап арендага берүү . | Ишкердүүлүк жүргүзүүгө тоскоолдук жок | |
| Аарычылыкты өнүктүрүп таза бал өндүрүү. Бул адамзатынын ден соолугуна дарылык касиети бар таттуу азык. Ошондуктан Кыргызстанга гана эмес дүйнө базарларына сатууга чыгаруу. Таза балга талап өтө жогору. | Бал чарба кооперативдери, АО Жеке ишкерлер. | Бал челек коюлуучу орун жайларды тактоо. АО менен келишимдерди түзүү | Ишкердүүлүк жүргүзүүгө тоскоолдук жок | |
| Сүт азыктарын өндүрүү үчүн сүт багытындагы асыл тукум малдарга жетишүү. Азыркы учурда жергиликтүү породаларды саабай торпогу менен жайытка кошуп кое берүүнүн себебинен сүт азыктары жасалбай калды. Ошондуктан сүттүү асыл тукум малдарыды алуу зарылдыгы бар. | Айыл өкмөттөн колдоо. Донордук уюмдар. Женилдетилген кредит. Ж.б. | Асыл тукум породалар жөнүндө маалымат таркатуу. Жасалма уруктандырууну өнүктүрүү. | Ишкердүүлүк жүргүзүүгө тоскоолдук жок | |
| Тоок ферма ачып иштетүү аял затынын колунан келе турган иш. Иши өтө деле оор эмес, жеңил иш катары эсептелет. Эгер оор иш болсо эркек адамды иштеттип, женил жумуштарды аялдар аткарса болот. Негизинен көзөмөлдөп, жем берип , денсоолугуна байкоо жүргүзүп туруу иштери аялдардын колунун келет. Ошондуктан айылдык аялдар тоок ферма ачып иштетүүгө кызыктар. Өтө кирешелүү тармак катары да кызыгышат. Жумурткага талап чоң. | Инвестиция тартуу. Женилдетилген төмөн пайыздуу кредитерден пайдалануу ж.б. | АО тарабынан Тоок ферма курула турган жерлерди документештирүүгө жардам берүү. | Кичи чакан ишканаларды ачууга чектөөлөр жок. Мыйзамдарда колдоо жагы каралган
|
Жогорудагы таблица CS-FOR долбоорунун алкагында Фокус топтор аркылуу айылдардын, коомчулуктун муктаждыктарын аныктоодо экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүүгө кызыккан топтор аркылуу КНЧ түзүү максатында аныкталып чыккан муктаждыктар. Албетте Фокус топтордо аялдардын катышуусу 30 % тен кем эмес болду. Жогорудагы көрсөтүлгөн суунуштарды КНЧ түзүгө багыт катары гана кабыл алалы. Себеби, бул муктаждыктарды ишке ашыруу али алдыда. Ал үчүн ОГУЛдар тарабынан аныкталууга, тандалууга тийиш. Андан кийин тандалган көйгөйлөргө, ПСД, ж.б. тийиштүү докумнеттерди толуктоо, каржылоо булактары аныкталышы керек. Негизинен бул муктаждыктар коомчулукта бар экендиги жана аны комплекстүү планга киргизүү, аны ишке ашыруу келечекте айыл аймактын өнүгүүсүнө чон таасир этээри анык.
6-БӨЛҮМ. ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУДАГЫ ГЕНДЕРДИК АСПЕКТИ
6.1. Гендердик теңчилик жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу
Жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу планын түзүү үчүн гендердик-сезимтал форматта маалыматтарды талдоо жүргүзүү зарыл-башкача айтканда, ресурстарга жетүүдө жана контролдоодо, экономикалык ишмердүүлүктө жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу методдорунда аялдар менен эркектердин тажрыйбасын талдоо. Ошондой эле, улуу муундун тажрыйбасын эске алуу, жаштарды даярдоо жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана аялдар жетектеген үй-бүлөлөр сыяктуу аялуу топторду колдоо маанилүү. Ошентип, бардык топтордун, анын ичинде аялдардын пикирин жана муктаждыктарын эске алуу, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруунун комплекстүү планын даярдоонун маанилүү элементи болуп саналат.
Тээ эзелтен эле ата бабаларыбыз аялдарга аяр мамиле, түшүнүү менен мамиле кылып келишет. Негизи аял затынын орду, тең укуктуулугу КРнын мыйзамдарында да тең укуктуулукту сактап келет . Аялдарга болгон мамиле үй бүлөдө да, мыйзамдарда да тең укуктуулук менен бекитилген. Кара-Шоро айыл аймагында аялдардын орду өзгөчө. Себеби, айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлеринин курамында 27,3% аялдар түзөт. Мектепте аял мугалимдер 88,2%, Бала бакчада жана саламаттыкты сактоо тармагында 100% аялдар экендиги талашсыз. Айыл өкмөттүн структурасында да Аялдар комитети түзүлүшү бар. Ошондой эле айыл өкмөттүн Шайыр апалар тобу да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, райондук жана областык денгээлде маданий иш чараларга катышып келишет.
CS-FOR долбоорунун алкагында да өткорүлгөн жыйындарда, ФТтордо, ОГУЛ курмында, жумушчу топто да 30%тен кем эмес аял заты катышты жана айылдын муктаждыктарын аныктоодо көптөгөн көйгөйлөрдү которуп чыккандардын арасында да аял затынын орду жогору.
45-таблица: Кара-Шоро айыл аймагындагы аялдардын коомчуулуктагы орду.
| № | аталыштары | Жалпы саны | Аялдар | % | Эскертүү |
| Айыл өкмөт аппарат курамы | 11 | 3 | 27,3 | ||
| Аялдар комитети | 12 | 12 | 100 | ||
| Айылдык кеңеш | 21 | 9 | 42,9 | ||
| Шайыр апалар | 20 | 20 | 100 | ||
| Мектеп | 178 | 157 | 88,2 | Билим берүү мекемелеринде гендердик тең салмактуулукту эркектерге колдонуу зарылдыгы пайда болду. Ошондуктан эркек мугалимдерди ишке тартуу зарыл. Балдарды патриоттуулука тарбиялоодо эркек мугалимдердин санынын аздыгы гендердик тең салмактуулуктун жоктугуна ачыктайт. Бул балдарды мамлекеттибизди берилип сүйүүгө, ар намыстуулук менен мекенди коргоого багытталган тарбиянын алсырашын белгилейт.
Балдарды тарбиялоодо эркек мугалимдердин орду өзгөчө экендиги талашсыз. |
|
| ФАПтар | 14 | 14 | 100 | ||
| Айылдагы ОГУЛдар | 44 | 17 | 38,6 | ||
| АА ОГУЛ | 12 | 4 | 33,3 | ||
| Жумушчу топ | 7 | 2 | 28,5 |
6.2. Гендердик бөлүштүрүлгөн маалыматтарды чогултуу
Жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруунун гендердик-сезимтал планын түзүүнүн алкагында талдоо жүргүзүү үчүн эркектер менен аялдардын тажрыйбасындагы жана муктаждыктарындагы көйгөйлөрдү жана айырмачылыктарды аныктоо үчүн эркектер жана аялдар боюнча бөлүнгөн маалыматтарды (гендердик-бөлүнгөн же гендердик-дезагрегацияланган маалыматтар) чогултуу жана пайдалануу зарыл.
Жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруунун натыйжалуулугуна жетишүүдө албетте аялдардын орду зор. Айыл чарба жумуштарында талыкпай эмгектенип келишет. Эгин талааларында чабыктан баштап түшүм жыйноого чейинки жумуштарды негизинен аялдар, жаш балдар аткарышат. Жергиликтүү тургундар арасында клубника, малина, помидор бадыран мөмө жемиштерин эгүүнү жылдан жылга көп өндүрө башташты. Эгүү, чабуу, терип жыйноо, сатуу иштеринде дээрлик бардык иштер аялдарсыз бүтпөйт. Күнүмдүк оокат үчүн салат, шире суусундуктарын (сок, компот) кыямдарды жасоодогу түйшүктүү иштерди аялдар гана аткараары баарыбызга маалым.
Аялдар үйдөгү жумуштарды гана аткарбастан дыйканчылык талааларда да, жайлоого чыгып сүт азыктарын камдоодо да, мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө, эркектер менен эриш аркак болуп биргеликте түйшүк тартаары баарыбызга маалым.
Айылдагы коомдук иштерде да жөн турбастан тамак жасап баруу милдети аялдардын мойнунда. Деги эле көпчүлүк идеалар аялдардан чыгат. Айылдагы жыйындар аялдарсыз өтпөйт. Эркектерге караганда аялдар көп катышат. CS-FOR долбоорунун алкагында өткөрүлгөн соц мобилизациялык жумуштарда да аялдардын катышуусу басымдуу болду. Айылдардын муктаждыктарын алып чыгууда да фокус топтордо аялдар активдуу катышты. Көйгөйдү аныктоодо климатка сезгич көйгөйлөрдү тандоодо, экономикалык багыттагы КНЧ тутумундагы ишканалар тууралуу кызыгуулар да, сунуштар да аялдардын активдүү катышуусу менен аныкталды.
Мектепке ата эенелер чогулушу 95% аялдардын катышуусунда болот. Демек үй бүлөөдө балдарды тарбиялоодо, окутууда, оокаттандыруу, кийинтүү, ж.б. маселелеринде аялдардын эмгеги чоң.
Ошондуктан азыркы учурдагы аялдардын коомчуулуктагы орду эркектерден кем калышпайт.
46-таблица. Жаратылыш ресурстарын башкаруунун гендердик аспектисинин жыйынды таблицасы
| Багыттар | Жыйналган маалыматтар | Эркектер менен аялдардын тажрыйбасындагы аныкталган айырмачылыктар | Аялдар үчүн аныкталган тоскоолдуктар |
| Жаратылыш ресурстарына жетүү | Колдо бар табигый жаратылыш сырьелорун кайра иштетүүгө аялдардын ынтызарлыгы ФТ өткөрүүдө байкалды | Эркектер албетте жаратылыш ресурстарына ээлик кылууга умтулат. М: жайытты, жаңгак токойун арендага алышка.
-Аялдар жаратылыш мөмө жемиштерин терип жыйноо, мөмө жемиштерди кайра иштетүү кыям, сок жасоо менен алектенишет. Кайра иштетүүчу ишканаларды тузүү идеяларын ойлошот. |
Балдарга кам көрүү жана үй тиргилиги менен алектенүүдөн убакыт чектелип калат. |
| Чечим кабыл алууга катышуу | Катышууга толук укуктары бар. Өздөрү да чечим кабыл алууга кызыгышат.
Класстык чогулушта, элдик жыйындарга катышууда байкалат. |
-Эркектер басым жасашы мүмкүн.
Айыл үчүн аракеттенген ынтызарлыгы күчтүү аялдар көп айылдын, мектеп жыйындарында аялдар көп катышат. Өздөрүнүн ойлорун толук жеткизе алышат. |
Эч кандай тоскоолдук жок. Мыйзам жол берет, бирок ыйман жол бербей калган учурлар болот. М: менталитетке карап аксакалдардын, эркектердин алдында тартынып калышат. |
| Иш менен камсыз болуу деңгээли жана экономикалык ишмердүүлүк
түн түрлөрү |
Уюшумдуу, аракетчил келишкендигин жашообузда көрүп келебиз. | Эркектер үй бүлөөлүк дараметти көтөрүү аракетинде көбүрөөк аракет жасашат. М: дыйканчылык, мал чарбачылыгы.
Аялдар көбүрөөк соода тармактарында иштөөгө багыт алышат |
Күнүмдүк үй оокаттары, балдарга социалдык камкордук көрүү жактары тоскоол болот. |
| Билим берүү жана финансылык ресурстарга жетүү | Билимге умтулгандык мүнөз аялдарда көп. | Аракетчил, атандашчыл болушат. Иштин аягына чыга билишет. Өтө тырышчаак болушат. | Бирок, үй бүлөө күтүү, аны сактоо алдынкы орунда турат |
6.3. Жаратылыш ресурстарын башкаруунун гендердик планын иштеп чыгуу
Бул пунктта максаттар жана милдеттер белгиленет жана жаратылыш ресурстарын гендердик-сезимтал башкаруунун планы келтирилет, ал төмөнкү таблица түрүндө таризделет
47-таблица. Жаратылыш ресурстарын башкаруунун гендердик планын иштеп чыгуу
| Аныкталган көйгөйлөр
(багыттар боюнча) |
Иш-чаралар | Күтүлгөн жыйынтыктар | Индикатор
лор |
Ишке ашыруу мөөнөтү | |
| Жаратылыш ресурстарына жетүү | |||||
| Жаратылыш ресурстарын башкарууда аялдардын дараметин жогорулатуу | Ар кандай коомдук, маданий, социалдык иш чараларга жана долбордун алкагында окууларга катыштыруу. | Сабаттуулук дарамети жогорулайт. Жаратылыш ресурстарын башкарууга мүмкүнчүлүк жаралат. | 30% дан кем эмес аялдардын катышуусу байкалат. | 2025-2030 | |
|
Чечим кабыл алууга катышуу |
|||||
| Чечим кабыл алууда аялдардын жөндөмүн арттыруу
|
Элдик жыйындарда, фокустук топторду өткөрүүдө ж.б. | -Гендердик баланс сакталат.
-Аялдардын сунуштары кабыл алынат. |
Аялдардын көйгөйлөрү ишке ашат.
+30% |
2025-2030 |
|
| Иш менен камсыз болуу деңгээли жана экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү | |||||
| Экономикалык ишмердүүлүк жаатында аялдардын иш менен камсыз болуу денгээлинин төмөндүгү. | Киреше алып келүүчү бизнес долбоорлорду жазуу үчүн окуу-тренингдерди өткөрүү. | Экономикалык ишмердүүлук жүргузүүдө сабаттуулука жетишет. Натыйжада бизнес долбоорлорду жазууну өздөштүрүшөт. | Экономика лык ишмердүү
лүк менен алектенген аялдардын саны өсөт. Үй бүлөөлүк кирешелери артат. |
2025-2030 | |
| Билим берүү жана финансылык ресурстарга жетүү | |||||
| Финансылык ресурстарга жетүүдө аялдардын билим денгээлин жогорулатуу жана демилгелерин колдоо. | Финансылык сабатсыздыкты жоюу максатында окуу тренингдерди өткөрүү | Финасылык сабаттуулука ээ болот. Экономикалык ишмердүүлук жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү артат, жаралат. | Ишмердүү лүк менен алектенген аялдардын саны көбөйөт. | 2025-2030 | |
7-БӨЛҮМ. КОМПЛЕКСТҮҮ БАШКАРУУНУН ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ
Жылдык план – токой пайдалануучулардын жана жайыт пайдалануучулардын сунуштарын жана арыздарын эске алуу менен түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын токой жана жер мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Жылдык план – таблицалар, максаттуу программалар, иш-чаралардын пландары, карталар, календардык графиктер ж. б. түрүндө иштелип чыгат.
Жылдык план – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилгенден кийин аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Жылдык пландын мазмуну
Жылдык план камтылууга тийиш:
48-таблица Жылдык пландын мазмуну
| № | Иш чара | Аткаруу мөөнөтүү | Индикатор | Жооптуулар |
| 1 | Мал жаюу системасын жакшыртуу | 2025-2030 | Календарлык пландагы көрсөткүчтөрдүн аткарылышы | АО, Жайыт адиси, жайыт пайдалануучулар, |
| 2 | Жайыттардын абалын жакшыртуу | 2025-2030 | Жайыттардын деградациясын алдын алуу | АО, Жайыт адиси, жайыт пайдалануучулар |
| 3 | Жайыттардын социалдык инфрастуруктураларын оңдоо | 2025-2027 | Оңдолгон көпүрөлөр, оңдолгон жолдор, | АО, Жайыт адиси, жайыт пайдалануучулар |
| 4 | Мал чарбасын өнүктүрүү | 2026-2029 | Асыл тукум мал чарбачылыгы | Фермерлер, ветеринарлар |
| 5 | Малдардын ден-соолугун жакшыртуу
|
2025-2029 | Ветеринардык эмдөөнүн көрсөткүчтөрү. | АА, фермерлер,
ветеринарлар |
| 6 | Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу КНЧ тутумун өнүктүрүү | 2025-2030 | Ишканалардын сандык көрсөткүчү | АО, МИ, Жайыт адиси |
| 7 | Гендерге басым жасоо менен киреше алып келүүчү иш аракеттер
|
2025-2030 | Жумушчу орун түзүлгөн ( сары май, курут, сүттү) кайра иштөөтүүчү ишканалардын саны | Аялдар, айыл өкмөтү |
| 8 | Билим денгээлин жогорлатуу (финансылык, экономикалык, ишмердүүлүк) окууларга катышуу | дайыма | Туура пайдаланылган жайыттар, асыл тукум малдар | Фермерлер, ветеринарлар, донордук уюмдар, айыл өкмөтү |
- Жайыттарды башкаруу маселелери боюнча айыл өкмөтүнүн жана ОГУЛдун ишинин оперативдик графиги
49-таблица. Операциялык иш тартиби
| № | Иш-чаралар | Айлар | Жооптуу | |||||||||||
| I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | |||
| 1 | АА малды эсепке алуу | Х | ОГУЛ, МИ, А/О | |||||||||||
| 2 | ПКУПРУИК планын иштеп чыгуу | Х | Х | Х | ОГУЛ, МИ, жумушчу топ | |||||||||
| 3 | ПКУПРУИК планын АКте бекитүү | Х | ОГУЛ, Жумушчу топ | |||||||||||
| 4 | Жайыт пайдалануучуулар
дын жылдык чогулушу |
Х | ОГУЛ, МИ | |||||||||||
| 5 | Малды графиктин мөөнөтүндө жайытка чыгарууну көзөмөлдөө | Х | Х | Х | ОГУЛ, МИ | |||||||||
| 6 | Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү, жайыт билеттерин берүү, төлөмдөрдү жыйноо | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | ОГУЛ, МИ, | ||
| 7 | Жайыттарга мониторинг жүргүзүү жана коомчулука маалымат берүү | Х | Х | Х | Х | Х | ОГУЛ, МИ, | |||||||
| 8 | Жайыт питомниктерин уюштуруу, көзөмөлдөө | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | ОГУЛ, МИ Жер адиси | ||
- Мал жаюунун календардык планы жана графиги
Ар кайсы участоктордо мал жаюунун тартибин, жайыттын болжолдуу мөөнөттөрүн жана мезгилин көрсөткөн жайыт графиги. Мал жаюунун графиги, Кыргызгидрометтин аба ырайынын болжолдоосун эске алуу менен түзүлөт жана сакталат(айлык болжолдоо, 3 күндүк болжолдоо жана катуу шамал жөнүндө эскертүү). Иш процессинде ай сайынкы божомол 3 күнгө болжолдоо жана жайыттарда бороон-чапкын тууралуу эскертүүлөр менен жаңыланат. Мал жаюу графиги мал жаюу схемасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
50-таблица. Мал жаюу графиги
| Жайыт участогу | Аянты | Малчы | Жайыт ка чык кан мал дар | Оптималдуу сыйым дуулук |
| Шамал Терек (Алай Булак, Ой жангак, Чукума, Алтын башат, Карга жайлоо, Бел, Туйгун терек ) | 1446 | Кадыров Б., Карабеков У., Бекешов Арчабек.
баары 5 адам |
1500 | 1438 |
| Чалк Өйдө (Жалгыз тал, Секелек, Кең төр) | 2228 | Закирбаев Э., Эрмеков Гулжигит, Толомушов А. | 3500 | 2148 |
| Камыр (Көбөргөн, Тегерек, Тогуз Булак, Көк мойнок, Көл, Байчечекей) | 1293 | Карабеков У., Эрмекбаев Г,Закирбаев Э., баары 8 малчы олтурат | 1090 | 781 |
| Чар-Таш (Минме) | 1154 | Закирбаев, Эрмекбаев | 800 | 631 |
| Кумайкы (Жүрөк таш, токсон кемпир) | 569 | Темирбаев А., Бопоев А. баары 12 малчы | 500 | 302 |
| Жол Чавай (Балоон короо,Чоң чабай, ) | 890 | Ыкышев Т, Бекешов А, Бекешов Женишбеков | 1200 | 494 |
| Сур Таш | 1261 | Токсонбаев У., Жайнаков Э., Карабашев Ж. баары 8 малчы | 1500 | 772 |
| Катыранкы (Мамадан булак, Чалка, Таш тумшук, Токтосун колот, Жуманазар колот, Камбар булак, Ысмайыл дөбө, Үч жар, | 268 | Дүмүров П,Балтабай улу Нубек. Расулберди Т.
баары 6 адам багат |
400 | 404 |
| Таш Булак (Сары күнгөй, Кен колот, Долоно бел) | 215 | Кайназаров А. Апиев Капар баары 5 малчы олтурат | 500 | 334 |
| Сасык (Арпалуу) | 250 | Дүмүров П, Балтабай улу Нубек, Расулберди Т.
баары 6 адам багат |
650 | 409 |
| Кара-Ой (Акташ, Айры белес, Кереге таш, Өмүрзак, Чечен сарай, Кызыл, Тоок кана, Тамчы булак) | 363 | Апытаев Э, Карабашов Ж.
8 адам жайят |
715 | 547 |
| Көрүү | 306 | Темиров Э.
Маданбеков О. баары 3 |
650 | 511 |
| Байбиче (Акташ, Көк моюн, Күнгөй, Жаман тал) | 934 | Максудов Э.
баары 6 малчы бар |
700 | 369 |
| Кара-Шоро (Жолду кара, Теке уюк, Чоң агатан, Тар чабай, Чоң Кулубек, Кичи Кулубек, Кен туз, Чоң таш, Кичи агатан, Коңур дөбө, Кичи көк жар, Чон көк жар, Мазар, Сары коо, Беделбай, Эчки тал) | 1562 | Алишеров Н.
баары 10 малчы |
1150 | 762 |
| Шил-Бели (Акташ, Көк торпок, Мазар) | 1275 | Турдумамбетов С.
баары 6 малчы жаят |
1700 | 614 |
| 14014 | 16555 | 10516 |
- Малдын ден соолугун коргоо боюнча жылдын планы
51-таблица. Ветеринардык диагностикалык изилдөөлөр
| № | Ветеринардык иш-чаралардын аталышы | Изил дөөгө тийиш болгон малдын саны | Изил дөө мөөнө тү | Жы лына жал пы изилдөө | Изилдөө мез гили | Эскертүү |
| Ири мүйүздүү мал, баары 1900 баш | ||||||
|
1 |
Бруцеллезго, лейкозго жана лептоспирозго текшерүү үчүн кандын үлгүлөрүн алуу |
1060 |
Жылына 2 жолу | 2120 | жаз
-күз |
Изилдөө: асыл тукум букалар, саан уйлар жана торпоктор. |
| 2 | Аллергиялык ыкма менен туберкулинизацияны жүргүзүү (интрадермалдык тест). | 1060 | Жылына 2 жолу | 2120 | жаз
-күз |
Саан уйларды изилдөө. Мындан тышкары, сатылуучу малдарды сатуу алдында текшерүү керек. |
- Жайыттарды баалоо жана мониторинг планы
Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттарыын мониторинг жана баалоо жүргүзүү жумуштары Айыл өкмөт башчысынын буйругу менен “Жайыттарды мониторинг жана баалоо” комиссиясы түзүлөт. Комиссияга айыл өкмөттүн тийиштүү адистери, муниципалдык адис, ОГУЛ мүчөлөрүнөн, жайыт пайдалануучулардан өкүлдөр кирет. Төзөлгөн коммиссия жайыттарды жаз жана жай мезгилдеринде мониторинг жасап турушат.“Жайыттарды мониторинг жана баалоо” комиссиясы айыл өкмөткө, муниципалдык ишканага маалымат берип турушат. Ал эми берилген маалыматтардын негизинде жайыт адиси тийиштүү документтерди аткарууга алат жана айыл өкмөт башчысына билдирет. Айыл өкмөт башчысы жылдык чогулушта жергиликтүү тургундарга отчет берет жана зарылчылыка карап иш чаралар кабыл алынат. Жайыттарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы айыл аймактын тургундарына, жайыт пайдалануучуларга жайылтылып турат.
52-таблица. Жайыттарды баалоо жана мониторинг планы.
| Иш-чаралар | Ыкма | Мөөнөтү | Жооптуу | Жыйынтыгы |
| Шамал Терек (Алай Булак, Ой жангак, Чукума, Алтын башат, Карга жайлоо, Бел, Туйгун терек ) | -Өлчөө таякчасы.
-Сүрөткө тартуу |
жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Чалк Өйдө (Жалгыз тал, Секелек, Кен төр) | жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
||
| Камыр (Көбүргөн, Тегерек, Тогуз Булак, Көк мойнок, Көл, Байчечекей) | Сүрөткө тартуу | жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Чар-Таш (Минме) | Сүрөткө тартуу | жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Кумайкы (Жүрок таш, Токсон кемпир) | Өлчөө таякчасы | жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Жол Чавай (Балоон короо,Чон чабай, ) | Өлчөө таякчасы
Сүрөткө тартуу |
жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Сур Таш | визуалдык | жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Катыранкы (Мамадан булак, Чалка, Таш тумшук, Токтосун колот, Жуманазар колот, Камбар булак, Ысмайыл дөбө, Үч жар, | Өлчөө
таякчасы. Сүрөткө тартуу |
жаз-жай-куз. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Таш Булак(Сары күнгөй, Кен колот, Долоно бел) | Сүрөткө тартуу | жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Сасык (Арпалуу) | визуалдык | жаз-жай | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Кара-Ой(Акташ, Айры белес, Кереге таш Өмүрзак, Чечен сарай, Кызыл, Тоок кана, Тамчы булак) | Сүрөткө тартуу
визуалдык |
жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Көрүү | Сүрөткө
тартуу |
жаз-жай-күз | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Байбиче (Акташ, Көк моюн, Күнгөй, Жаман тал) |
Өлчөө таякчасы |
жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Кара-Шоро (Жолду кара, Теке уюк, Чон агатан, Тар чабай, Чон кулубек, Кичи кулубек, Кең туз, Чон таш, Кичи агатан, Конур дөбө, Кичи көк жар, Чон көк жар, Мазар, Сары коо, Беделбай, Эчки тал) | Өлчөө
таякчасы Сүрөт тартуу |
жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
| Шил-Бели (Акташ, Көк торпок, Мазар) | Өлчөө таякчасы | жаз-жай. | МиБ тобу
ОГУЛ МИ |
Жайыттарды жакшыртуу иш чаралары пландаштырылат |
Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу муктаждыктарын ишке ашыруунун Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн перспективалык планы.
53-таблица
| Артыкчылыктуу муктаждыктар | Иш чаралар | Мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжа | |||
| Большевик айылындагы күрүч тангактоочу ишкананын ишин жандандырып, Какыр күрүчүн экспортко чыгарууга шарт түзүү | Жеке ишкерлердин каражаты менен жаны күрүч тангактоочу станок сатып алуу | 2025-2026-ж.ж. | Какыр күрүчүн экспорттоого жол ачылат. Жыл ичинде 300 тонна күрүч экспортко чыгат. | |||
| Айылдардагы эскилиги жеткен жыгач электр мамычаларын жаңы бетон мамычаларга алмаштыруу | Жергиликтүү бюджет эсебинен 65 даана бетон мамычаларды сатып алуу | 2025-ж. | Электр энергиясы менен камсыз кылуу жакшырат | |||
| Шамал-Терек айылынын Алай-Булак көчөсүнө 100дүк трансформатор сатып алуу | Долбоор жазып өнүктүрүү фонддоруна сунуштоо | 2025-ж.
|
Сапаттуу электр тогу менен камсыздалат | |||
| Ак-Жар айылындагы №22 М.Кулуев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын чатырын жана эшик, айнектерин алмаштыруу | Дем берүүчү грантка долбоорун сунуштоо |
2025-2026-ж.ж. |
Билим берүүгө шарт түзүлөт | |||
| Семиз-Көл айылындагы Н.Кайназаров мектебине кошумча окуу класс, актовый зал, китепкана, ашкана куруу | Долбоорун бүтүрүп, ыкчам иш
алып баруу |
2025-2026-ж.ж. | Билим берүүгө жакшы шарт түзүлөт | |||
| Какыр айылына типтүү жаны мектеп куруу | Мамлекет тарабынан курулат. Тиешелүү документ иштерин өз мөөнөтүндө даярдоо | 2026-2027-ж.ж. | Билим берүүгө шарт түзүлөт | |||
| С.Эшматов атындагы орто мектепке кошумча имарат (кароолкана, актовый зал, эмгек кана) | Долбоордук сметасын иштеп чыгуу | 2026-2027-ж.ж.
|
Билим берүүгө шарт түзүлөт | |||
| Жаныбек Казы орто мектебине ажаткана куруу | Долбоордук сметасын иштеп чыгуу |
2025-ж. |
Санитардык абал жакшырат | |||
| Ак-Жар айылынын А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басуу | Дем берүүчү грантка сунуштоо | 2025-2026-ж.ж. | А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | |||
| Какыр айылындагы Э.Жуманалиев көчөсүнө 999 метр аралыкка асфальт басуу | Ош өнүктүрүү фондуна сунуштоо |
2027-2028-ж.ж. |
Инфраструктура жакшырат | |||
| Чалк-Өйдө айылынын Чалк-Өйдө көчөсүнө 700 метр аралыкка асфальт басуу | Дем берүүчү грантка сунуштоо | 2027-2028-ж.ж. | Инфраструктура жакшырат | |||
| Ички чарбалык жолдорго шагыл төшөө | Бюджеттен акча каржатын кароо |
2026-2030-ж.ж. |
Жол каттам жакшырып, элге шарт түзүлөт | |||
| Семиз-Көл айылынын ички көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу | Тендердин негизинде түнкү жарыктардын запастык бөлүктөрү алынат |
2025-2026-ж.ж.
|
Жол коопсуздугу жакшырат | |||
| Шамал-Терек айылындагы ФАПтын чатырын кышка жылуулоого | Бюджеттен акча каражатын кароо |
2025-2026-ж.ж. |
Саламаттыкты сактоо жакшырат, ФАПтын чатыры жылууланат | |||
| Большевик айылына Биогумус жана Еврозабор чыгаруучу иш кана ачуу | 20 жумуш орун пайда болот | 2025-2026-ж.ж. | Жумуш орун пайда болот, бюджетке киреше болот | |||
| Ак-Жар айылына кичи футбол аянтчасын куруу | Футбол аянтча курулат. | 2026-2028-ж.ж. | Жаштардын таалим, тарбиясы өсөт | |||
| Шамал-Терек айылынын Көлдүк дарыясына 100 метр дамба куруу | Дамба курулат. | 2025-ж. | 25 Турак үй суу ташкынынан корголот | |||
|
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө тиешелүү бюджеттик инвестициялар аркылуу ишке ашыруу планы |
||||||
| 54 таблица | ||||||
| Инвестициялык артыкчылыктар | Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр | Бааланган наркы (миң сом) | |||
| Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк | Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен калкты таза суу менен камсыздоо программасына кирген Шамал-Терек, Чалк-Өйдө айылынын жашоочуларын 100 % таза суу менен камсыз кылуу | 2025-2026 жылдар аралыгында ишке ашырылат. Шамал-Терек жана Чалк-Өйдө айылдарынын тургундары таза суу менен толук камсыз болот. | Пилоттук болуп кирген. Бирок сметасы даярдала элек. | |||
| Семиз-Көл айылынын элин таза суу менен камсыздоо | Учурда долбоору даярдалып жатат. 2025-2026-жылдар аралыгында таза суу көйгөйү чечилет | 46 000 000 | ||||
| Таштанды таштоочу жай куруу | Ак-Жар айылынын Катыранкы участкасына 2 га жер аянтка таштанды таштоочу жай куруу | 2025-2027-жылдар аралыгында таштанды таштоочу жай курулат | 2 000 000 | |||
| Ички жолдордун абалын жакшыртуу, асфальттоо | Ак-Жар айылынын А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басуу | А.Турдумамбетов көчөсүнө 730 метр аралыкка асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 5 289 500 | |||
| Какыр айылындагы Э.Жуманалиев көчөсүнө 999 метр аралыкка асфальт басуу | Асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 7 981 500 | ||||
| Чалк-Өйдө айылынын Чалк-Өйдө көчөсүнө 700 метр аралыкка асфальт басуу | Асфальт басылат. Жолу чаныбай, жаан-чачын учурунда ылай болбойт | 7 066 600 | ||||
| Көчөлөрдү жарыктандыруу | Семиз-Көл айылынын Таш-Булак участкасындагы түнкү жарыктарды электр тармактар ишканасынан уруксат кагаздарын алып, ишке берүү | Жол коопсуздугу жакшырат | 300 000 | |||
| Семиз-Көл айылынын Орто маала участкасындагы жарактан чыккан түнкү жарыктарды алмаштыруу | Жол коопсуздугу жакшырат | 600 000 | ||||
| Шамал-Терек айылынын Алай-Булак, Жалгыз-Жангак көчөлөрүнө түнкү жарыктарды орнотуу | Жол коопсуздугу жакшырат. 2 км ички көчө жарыктандырылат | 800 000 | ||||
5 жылдык инвестициялык планы
Төмөндөгү 5 жылдык инвестициялык план ОГУЛдун отурумунда тандалып алынды. Фокустук топтор аркылуу аныкталган муктаждыктардын жалпы саны 84 көйгөй болгон ар бир фокустук топ жайыттарды жакшыртуу үчүн 2 ден көйгөй, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча 2 ден көйгөй тандашып 6 айылдан жалпы 84 артыкчылыктуу көйгөйдү тандап чыгышкан. Ошол тандалган 84 көйгөйдөн ОГУЛдун отуруму долбоордун алкагында 15 көйгөйдү тандап алышты. Албетте бул 15 көйгөйдүн бардыгы аткарууга алынбастыгын, акча каражатынын жетишсиздигин эске алышты. Бирок, кичи долбоордук сунуштарды жазууда обьект катары жайыт участокторун тийиштүү субьектердин, мисалы: ӨКМ, Кыргыз гипрозем ишканалары уруксат берген аныктмалардын негизинде ишке ашырыла тургандыгын, эгерде уруксат берген аныктама болбогон участкалар өзүнөн өзү четке кагылаарын эске алуу менен 15 көйгөйдү перспективалык планга киргизилди.
55-таблица. ОГУЛдун отурумунда кабыл алынган инвестициялык план
| № | Кичи долбоорлордун аталышы | Жайгашкан жери | Мөөнөтү (башта лышы, аягы) | Сумма, сом | Каржы булагы, сом | ||
| АА | CS-FOR
|
башка демөөрчүлөр | |||||
| 1 | Чөп үрөнүн алуу үчүн жер аянтын даярдоо | АА |
2025 |
270.0 | 0 | 270000 | 0 |
| 2 | Кызыл участкасына бак эгүү. | Больше вик айылы |
2025-2026 |
700000 | 100000 | 500000 | 100000 |
| 3 | Катыранкы участкасына бак эгүү | Ак-Жар айылы |
2025-2026 |
700000 | 100000 | 500000 | 100000 |
| 4 | Алай-Булак участкасындагы бакты калыбына келтирүү | Шамал-Терек айылы |
2025-2026 |
700000 | 100000 | 500000 | 100000 |
| 5 | Карой, Акташ участкаларына бак эгүү | Семиз-Көл |
2025-2026 |
700000 | 100000 | 500000 | 100000 |
| 6 | Таш-Колот участкасына бак эгүү | Какыр |
2025-2026 |
700000 | 100000 | 500000 | 100000 |
| 7 | Ветсервис куруу | АА | 2026-2028 | 3600000 | 100000 | 3500000 | 0 |
| 8 | Жакынкы жайытка суу чыгаруу | Чалк-Өйдө |
2027 |
300000 | 300000 | 0 | 0 |
| 9 | Асыл тукум мал чарбасын уюштуруу(3 жасалма уруктандыруу жер) | АА |
2027-2028 |
900000 | 0 | 900000 | 0 |
| 10 | Н.Кайназаров мектебинин багын калыбына келтирүү | Семиз-Көл айылы |
2028-2029 |
100000 | 100000 | ||
| 11 | Кагын участкасына бак эгүү | 2028-2029 | 700000 | 100000 | 500000 | 100000 | |
| 12 | Большевик айылындагы ички жайыттарга чөп уругун себүү | Больше вик айылы |
2028 |
100000 | 100000 | 0 | 0 |
| 13 | Катыранкы жайытына өтүүчү көпүрөнү оңдоо | Ак-Жар айылы |
2029 |
50000 | 200000 | 300000 | 0 |
| 14 | Алай-Булак жайытына суу чыгаруу | Шамал-Терек айылы |
2029 |
300000 | 300000 | 0 | 0 |
| 15 | Токсон кемпир жайыт жолун ондоо | Чалк-Өйдө |
2030 |
200000 | 200000 | 0 | 0 |
Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү аныктоо
Кара-Шоро айыл аймагынын Муниципалык ишканасынын жайыт адиси иштеп чыккан бюджети айыл өкмөтүнүн кароосунан өкөрүлүп, айылдык кеңеште бекитүүсүнө жиберилет. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы карап чыгып айылдык кеңештин сессиясына бекитүү үчүн алып чыгат жана талкуудан кийин айылдык кенештин сессиясы бекитет. Ошондой эле айылдык кенештин сессиясы жайыт пайдалануу акысын да бекитип берет.
Айыл аймактын ШМБ үчүн өзүнчө, ал эми башка айыл аймактан келген ШМБ үчүн башка акы төлөмүн бекитип беришет.
55-таблица ШМБна бекитилген жайыт акы.
| № | Аталыштары
|
Жергиликтүү тургундардын ШМБ үчүн төлөнүүчү жайыт акы | Башка аймактан келген ШМБ үчүн төлөнүүчү жайыт акы | Эскертүү | ||
| саны | наркы | саны | наркы | |||
| 1 | Кара мал | 1 | 150 | 1 | 300 | |
| 2 | Жылкы | 1 | 150 | 1 | 300 | |
| 3 | Кой-эчки | 1 | 30 | 1 | 60 | |
| 4 | Топоз | |||||
Жайыттарды пайдалануу режими жана бузуулар үчүн жоопкерчилик
Жылдык план – айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин бардык жайыт пайдалануучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Жайыт пайдалануучулар жайыттарды жаюунун жана пайдалануунун белгиленген режимин бузгандыгы үчүн укуктук жол-жоболорго ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Тиешелүү айылдык аймактын чегинде зарыл болгон жол-жоболорду ишке ашырууга негиз түзүү максатында жайыттарды пайдалануунун режими айылдык кеңештин сессиясында бекитилет.
Жайыттарды пайдалуунун ички эрежелери:
- Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын так аткарууга алуу.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу” жөнүндөгү Жобону ишке ашырууну так аткаруу.
- Келишимде көрсөтүлгөн милдеттерди, анын ичинде акы төлөөнү белгиленген убакыттан кечиктирбей төлөө.
- Айылдык кеңештин укуктук ченемдик актыларын так аткарууга алууну.
- Жайыт пайдалануучулардын милдеттүү түрдө жайыт билетин жана маршруттук кагазын алуу.
- Көрсөтүлгөн жайытка отурукташуу үчүн белгиленген календардык күндөн кечикпестен жана мөөнөтү бүткөндө өз убагында көчүп кетүү милдетин так аткаруу.
- Ветеринардан бардык эмдөөлөр жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымкатты жайыт адисине милдеттүү түрдө көргөзүү.
- Жайытты туура пайдаланууну, экологиялык эрежелерди так сактоону.
Эскертүү: Жайыт пайдалануучу жогоруда көрсөтүлгөн эрежелерди аткарууга жана сактоого милдеттүү.
Бузуулар үчүн жоопкерчилик
- Жайыт пайдалануучуга жайыттар жөнүндөгү мыйзамды, жоболорду, укуктук-ченемдик актыларды, келишимдеги милдеттерди аткарбагандыгы же бузгандыгы үчун санкциялар белгиленет.
- Жайыт пайдалануучу айып төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
- Айлана чөйрөнү коргоо багытындагы талаптар аткарылбаган учурда административдик кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.
Корутунду:
“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы” (CS-FOR) долбоорунун алкагында Кара-Шоро айылдык аймагында социалдык мобилизациялоо иштеринин натыйжасында 2025-2030-жылдарда орто мөөнөттүү “Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планы” иштелип чыкты. Бул комплекстүү планда өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталып жакынкы 5 жылда аткарыла турган иш чаралар пландаштырылды. Бул иш чарада айылдын муктаждыктарын аныктоодогу элибиздин өз алдынча чечим кабыл алуусу болуп саналат. Кийинки убактарда элибиздин өз көйгөйлөрүн аныктап жана аларды чечүүдө жөндөмдүүлүгү өстү десек жаңылышпайбыз. Элибиздин потенциалын ар тараптан көтөрүүдө чет элдик инвесторлордун айыл аймака көрсөтүп жаткан жардамдары чоң.
Кара-Шоро айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн, “Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук” планын иштеп чыгууда ачык айкындуулука, айыл аймактын денгээлиндеги бардык жаратылыш ресурстарын ачык чагылдырууга жана аны пайдалануудагы мүмкүнчүлүктөрдү толук камтууга, климаттын өзгөрүү шарттарында туруктуулука, аны басандатууда көмүртектин сиңирилишин жогорулатууга болгон муктаждыктарды алып чыгууда жетишээрлик көңүл бурулду.
Иштелип чыккан “Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук планын” 5 жылдык орто мөөнөттө камтылган иш чараларды орундатуу менен Кара-Шоро айыл аймагынын өнүгүүсүн камсыз кылат.
Кара-Шоро ОГУЛунун
жумушчу тобу
Тиркеме
Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча иш чаралар
| № | Иш чара | Ыкма | Мөөнөтү | Жооп
туу лар |
Иш чаранын аткарылышы | Индика
торлор |
| Даярдоо этабы | ||||||
| 1 | ПКУПРУИКти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү | талкуулар/
сунуштар |
1 күн | Айыл өкмөтү | АӨ башчысынын тескемеси | ПКУПРУИКти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун тизмеси |
| 2 | Жооптуу адамдарды окутуу, кеңеш берүү | Окутуу, кеңеш берүү | 2-3 күн | Айыл өкмөтү
CS-FOR |
Отчет | Тренинг
кеңеш берүү |
| 3 | Расмий статистика
лык маалымат тарды жыйноо |
Документ
терди изилдөө |
7 күн | АӨ жумуш
чу тобу |
АА стат бөлүмүнүн маалыматы | Стат маалымат
тар ЖК,ТЧ ж.б. маалымат тар |
| 4 | Факттарга негизделген ишенимдүү маалымат
тарды чогултуу |
Сурамжы
лоо Жолугушуу лар Сүйлөшүү лөр |
7 күн | АӨ жумуш
чу тобу |
Чабандардан, аксакалдар
дан, малчылардан токойчулар дан ж.б. маалыматтар |
Маалыматтар |
| 5 | Жайыт аянттарынын жана жерлеринин колдо болгон карталарын изилдөө | Документ
терди, карталарды ж.б. изилдөө |
2-3 күн | АӨ жумуш
чу тобу |
Отчет | Карталар, маалыматтар, аналитика |
| Иштеп чыгуу этабы | ||||||
| 6 | ПКУПРУИ
Ктин төмөнкү бөлүмдөрүн иштеп чыгуу: 1-бөлүм. Жалпы маалымат 2-бөлүм. Токой чарабанын жана айыл аймагынын жаратылыш ресурстары 3-бөлүм. малдын саны жана алардын жайыт тоютуна болгон керектөөсү 4-бөлүм. жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, аларды жакшыртуу жана калыбына келтирүү боюнча 5 жылга чейинки мезгилге адаптациялык иш-чаралардын орто мөнөттүү планы 5-бөлүм. киреше алып келүүчү иш-аракеттердин абалы жана өнүгүүсү 6-бөлүм. жаратылыш ресурстарын башкаруудагы гендердик аспекти Жылдык иш планды иштеп чыгуу |
Жумушчу топто иштөө | 7-21 күн | АӨ жумуш
чу тобу |
Даярдалган ПКУПРУИК,
Жылдык план |
Даярдалган ПКУПРУИК,
Жылдык план |
| Макулдашуу баскычы | ||||||
| 7 | ПКПРУИКтин жумушчу вариантын ОГУЛ отурумунда талкуулоо жана бекитүү | отурум, сунуштар, пикирлер | 1 күн | Айыл өкмөтү | ОГУЛдун отурумунун протоколу. Сын пикирлер жана сунуштар | Талкуунун протоколу. Документ жактырылды.
Бардык сунуштар эске алынды. |
| 8 | ПКУПРУИКти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (РУАР) кароого жөнөтүү | 7 күн | Айыл өкмөтү,
РУАР |
Сын-пикирлер жана сунуштар эске алынган документ | Документ жактырылды.
Бардык сунуштар эске алынды. |
|
| 9 | РМА башчысына ПКУПРУИКти иштеп чыгуунун жүрүшү тууралуу маалымат берүү жана РУАР менен макулдашуу | 2 күн | Айыл өкмөтү | РМА башчысына кат | РМАга жөнөтүлгөн кат | |
| Бекитүү баскычы | ||||||
| 10 | ПКУПРУИКтин финалдык вариантын жергиликтүү кеңештин сессиясына бекитүүгө жөнөтүү. | Айыл өкмөтү | АК токтому | Бекитилген ПКУПРУИК | ||

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
7-февраль, 2025-жыл. № 26 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Большевик айылына муниципалдык бала бакча ачуу жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл аймагынын Большевик айылдагы 2025-жылдын 6-февралындагы элдик жыйындын суроо талабына ылайык, аталган айылдагы “С.Эшматов” орто мектебинин бош калган эски имаратын ишке киргизүү үчүн, муниципалдык балдар бакчасын ачуу боюнча өкмөт башчы Р.Сатыбалдыевтин сунушун угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айыл аймагынын Большевик айылындагы “С.Эшматов” орто мектебинин бош калган эски имаратына, аталган айылдагы 2025-жылдын 6-февралындагы элдик жыйындын суроо талабын эске алуу менен өкмөт башчы Р.Сатыбалдыевтин сунушунун негизинде муниципалдык балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
- Муниципалдык балдар бакчасынын аты “Толгонай эне” болуп аталуусу боюнча, Большевик айылдагы 2025-жылдын 6-февралындагы элдик жыйындын протоколу бекитилсин.
- Бала бакча ачуу боюнча уюштуруу иштерин алып барууга, Калыкова Жанаргүл Акимжанованынын талапкерлиги өкмөт башчы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.
- Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Кара-Шоро айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырамын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
7-февраль, 2025-жыл. № 27 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
“Балдар бакчасынын атайын каражатына кошумча план алуу жөнүндө”
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн атайын каражатка ата-энелер төлөмүнөн түшкөн 1572,0 (бир миллион беш жүз жетимиш эки миң) сомго план алууга макулдук берилсин.
- Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бала бакча бөлүмүнүн 2218 беренесине 1572,0 (бир миллион беш жүз жетимиш эки миң) сом жумшалсын.
- Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
7-февраль, 2025-жыл. № 28 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Айыл чарба жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин инвентаризациялоо жөнүндө.
Кара-Шоро айылдык кеңеши айыл чарба жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин инвентаризациялоо боюнча өкмөт башчы Р.Сатыбалдыевтин сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл чарба жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин инвентаризациялоо боюнча өкмөт башчы Р.Сатыбалдыевтин сунушуна макулдук берилсин.
- “Айыл чабачылыгы боюнча” туруктуу комиссия, инвентаризациялоо боюнча жумушчу топко жакындан көмөк көрсөтүүсү милдеттендирилсин..
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырамын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
7-февраль, 2025-жыл. № 29 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Ак-Жар жана Большевик айылдарындагы тыт бактардын келишим мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин Ак-Жар жана Большевик айылдарындагы тыт бактардын ижара мөөнөтүн узартуу боюнча сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Шоро айыл аймагындагы Ак-Жар жана Большевик айылдарындагы тыт бактарынын ижарага алган келишим мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, 2024-жылда келишимдин негизинде иштетип келген ээлерине, кайрадан 5 жылдык мөөнөткө келишим түзүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
7-февраль, 2025-жыл. № 30 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Семиз-Көл айылынын тургуну Алымканов Алмазбектин арызын кароо жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл аймагына караштуу Семиз-Көл айылынын тургуну Алымканов Алмазбектин Семиз-Көл айылынын Таш-Булак конушундагы бош жаткан эски көчкүнүн жеринен, 0,30 га жер аятына балык чарба уюштуруу боюнча арызын карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Алымканов Алмазбектин Семиз-Көл айылынын Таш-Булак конушундагы көчкүнүн жеринен 0,30 га жер аятына, балык чарба уюштуруу арызы канааттандырылсын.
- Алымканов Алмазбекке Семиз-Көл айылынын Таш-Булак конушундагы көчкүнүн бош жаткан жеринен 0,30 га жер аятына балык чарба уюштурууга, мыйзам чегинде тактап кыска мөөнөттүү келишим түзүү жагы, өкмөт башчы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
7-февраль, 2025-жыл. № 31 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл аймагынын айыл чарба багытындагы Ак-Жар айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жеринен турак жай курууга жер аянтын которууга (трансформацияга) макулдук берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Ак-Жар айылындагы жашоочуларынын суроо талаптарынын негизинде, калктуу конуштарды кеңейтүү максатында, турак жай куруу үчүн жаш үй-бүлөлөргө жер участогун берүү боюнча Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын калктуу конуштарын кеңейтүү, жаш үй-бүлөлөрдү жер участкасы менен камсыз кылуу максатында, турак жай куруу үчүн Мамадан булак участкасынан айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак жеринен 4 га жер аянтын калктуу конуштардын жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
- Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынан транформацияга сунушталган жерлердин чөйрө сызыктарын аныктап берүү жагы Кыргызгипрозем мамлекеттик ишканасынан суралсын.
- Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынан транформацияга сунушталган жерлердин башкы планын түзүп, техникалык негиздемесин даярдап берүү жагы Өзгөн райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан суралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков
