
Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын
ТОКТОМУ
24-июль, 2025-жыл. № 53 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылына арка куруу жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Семиз-Көл айылынын айыл башчысы Алымканов Турсунбектин Ак Тилек айылынан Семиз-Көл айылына кетүүчү жолго кире беришине айылга баруучу багыт көрсөтүүгө арка куруу сунушун угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Айылдын кире беришинде айылдын аталышын жана тарыхын даңазалоо, айылдын көркүн жана кооздугун арттыруу максатында, Мырза-Аке, Кара-Шоро авто жолунун жетинчи чакырымындагы Ак-Тилек айылындагы негизги жолдун кесилишинен Семиз-Көл айылына багыт көрсөтүү үчүн арка курулушуна макулдук берилсин.
- Арканын долбоорун, сметалык баасын жана курулуш иштерин жүргүзүү айыл башчысына жана эл өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
- Каржылоо булагы айыл элинин жергиликтүү фондунан каралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков
