Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын №57 – №74 чейинки токтомдору

 

 

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  IX сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                             14-октябрь, 2025-жыл.                                     № 57                                  Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                   Ак-Жар айылы

 

IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Шоро аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына айылдардан өкүлдөрдү көрсөтүүнү өткөрүү жана уюштуруу жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ 270 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, уюштуруу комитенин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколунун чечими менен бекитилген нускаманы жетекчилике алып, Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Кара-Шоро айыл аймагында жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө маселени угуп, талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Шоро аймактык  жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында Ак-Жар айылындагы С.Султанов атындагы маданият үйүнө саат 10:00гө чакырылсын. 
  2. Кара-Шоро айыл аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жана уюштуруу боюнча төмөнкү курамдагы жумушчу топ бекитилсин:
  • З.Кадырбеков – Кара-Шоро айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төргасы.
  • Б.Паттаева – Кара-Шоро айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы.
  • Маматбек уулу М.- Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн юристи, жумушчу топтун мүчөсү
  • Т.Мадоморов – Ак-Жар айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
  • Т.Алымканов – Семиз-Көл айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
  • Ү.Жөкөев – Какыр айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
  • Р.Джембеков – Большевик айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
  • А.Жүсүпжанов – Шамал-Терек айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү
  • О.Артыков – Чалк-Өйдө  айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү

         3.Кара-Шоро аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына көрсөтүлө турган өкүлдөрдүн жалпы саны 80 өкүлгө бекитилсин.

         4. Кара-Шоро аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги жана аны өткөрүү боюнча жооптуу депутаттар төмөнкү  таблицадагыдай бекитилсин:

 

к/н Өткөрүлүүчү оорду Убактысы Калктын саны Өкүлдүн саны жооптуулар
күнү сааты
1 Ак-Жар а. С.Султанов ат. маданият үйү 22.10.2025 10:00 2223 12 Төрага-

Суюнбоев Эрнис.

 

Катчы-

Жаныбаева Салимбү.-

 

-Кыдыргычева Нурайым.

 

-Жыргалбек уулу Баяс.

2 Большевик а. С.Айдаров ат. маданият үйү 22.10.2025 10:00 3589 22 Төрага-

Ибраимов Уранбек

 

Катчы-

Жумабаев Азамат

 

-Төрөбек уулу Мухаммет

 

-Абдыкаримова Арууке

 

-Борубаева Анара

3 Какыр а. Ж.Жусупакматов ат. мад. үйү 22.10.2025 10:00 1802 10 Төрага-

Жээнбаев Рустамбек

 

Катчы-

Ажиева Гулнура

4 Семиз-Көл а. Ж.Анашов ат.

маданият үйү

22.10.2025 10:00 1181 6 Төрага-

Дүйшенбиева Мейликан

 

Катчы-

Алымканов Алмазбек

 

 

5 Шамал-Терек а.

Р.Коңкошов атындагы орто мектебинин актовый залында.

22.10.2025 10:00 3733  

16

 

 

 

 

 

Төрага-

Кеңешбаев Руслан

Катчы-

 

Маматкулов Садырбек

Нишанова Аселкан

6 Ничке.а.

Э.Атакулов атындагы орто мектеби.

22.10.2025 10:00 6 Төрага-

Акматов Кылычбек

Катчы-

Калыкова Максаткан

7 Чалк-Өйдө а.

Жаныбек Казы атындагы орто мектебинин спорт залы.

22.10.2025 10:00 1476 8 Төрага-

Тойгонбай уулу Дайыр

Катчы-

Самбетова Кайыргүл

8 Өкүлчүлүктүү жыйындын өткөрүлүүчү орду Ак-Жар а. С.Султанов ат. маданият үйү 01.11.2025 10:00 14004 80 Кара-Шоро айылдык кеңешинин төрагасы.

Кара-Шоро айылдык кеңешинин жооптуу катчысы.

 

5.Кара-Шоро аймактык жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жана уюштуруу иш-чараларына материалдык, транспорт жана башка каражаттарына көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “мыйзамдуулук  адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

  Төрага:                                                                                                                     З.Кадырбеков

 

 

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  IX сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                                         14-октябрь, 2025-жыл.                          № 58                                                Өзгөн району

Ак-Жар айылы

 

    Ак-Жар айылындагы Кайназаров жана Бегалы уулу Динислам атындагы ички көчөлөргө асфальт төшөөгө өздүк салымды кароо жөнүндө”

 

 

Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевдин сунушун талкуулап  Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Ак-Жар айылындагы Кайназаров жана Бегалы уулу Динислам атындагы ички көчөлөргө асфальт төшөөгө стим грант проектисине өздүк салым жумшоого макулдук берилсин.

 

 2. Ак-Жар айылындагы Кайназаров жана Бегалы уулу Динислам атындагы ички көчөлөргө асфальт төшөөгө 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымга 2 339 647 (эки миллион үч жүз отуз тогуз миң алты жүз кырк жети миң) сом бекитилсин.

 

3. Өздүк салымга бекитилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 2 339 647 (эки миллион үч жүз отуз тогуз миң алты жүз кырк жети миң) сом  жумшалсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                         З.Кадырбеков 

 

 

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  IX сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                                             14-октябрь, 2025-жыл.                       № 59                                    Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                     Ак-Жар айылы

 

    Какыр айылындагы Ж.Жусупакматов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салымды кароо жөнүндө”

 

             Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевдин сунушун талкуулап Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Какыр айылындагы Ж.Жусупакматов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө стим грант проектисине өздүк салым жумшоого макулдук берилсин.

 

          2. Какыр айылындагы Ж.Жусупакматов атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымга  500 000 (беш жүз миң) сом бекитилсин.

 

           3.Өздүк салымга бекитилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 500 000 (беш жүз                      миң) сом  жумшалсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                    Төрага:                                                                                                         З.Кадырбеков

 

 

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  IX сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                                14-октябрь, 2025-жыл.                                     № 60                                  Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                      Ак-Жар айылы

 

Ак-Жар, Большевик, Какыр айылдарындагы таза суу кампалары жана суу сордуруучу станцияларынын ээлеген жер аянттарынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.

 

           Кара-Шоро айылдык кеңеши “Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д.Эсенкуловдун сунушун угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кара-Шоро айыл аймагына караштуу:
  • Большевик айылындагы таза суу кампасы ээлеген №739 контурдагы 0,34 га таза жайыт жер аянтынын, №773 контурдагы 0,62 га таза жайыт  жер аянтынын, таза суу сордуруучу станциясы ээлеген № 943 контурдагы 0,92 га сугат айдоо  жер аянтынын;
  • Какыр айылындагы таза суу кампасы ээлеген №1126 контурдагы 0,18 га токой жер аянтынын, №1133 контурдагы 0,08 га сугат айдоо жер аянтын, №1135 контурдагы 0,45 га бак жер аянтын, жалпы 2,59 га жер аянтын мамлекеттик катоого алууга макулдук берилсин.
  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Өзгөн” филиалынан жана Өзгөн райодук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан мамлекеттик каттоого алуу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кеңештин  “Айыл чарбачылыгы боюнча”   туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

   Төрага:                                                                                                                      З. Кадырбеков

 

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                                         14-октябрь, 2025-жыл.                         № 61                                      Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                       Ак-Жар айылы

 

    Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 9 айынын жыйынтыгы үнөмдөлгөн акча каражаттары  жөнүндө”

 

         Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык  Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолор жана өзгөртүүлөр төмөндөгүдөй киргизилсин

           -орто мектеп бөлүмүнүн 2224 беренесинен                                             – 396,2 миң сом

           -бала бакча  бөлүмүнүн 2215 беренесинен                                                – 61,6 миң сом

           -айыл чарба бөлүмүнүн 2215 беренесине                                                  -150,0 миң сом

           -бала бакча бөлүмүнүн 2215 беренесинен                                                 -130,0 миң сом

          -турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3112 беренесинен               +524,0 миң сом

          -турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине                 +213,8 миң сом                                            

 

  1. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

        

Төрага:                                                                                                                        З. Кадырбеков

 

 

  Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                                          14-октябрь, 2025-жыл.                          № 62                                  Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                    Ак-Жар айылы

 

    Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кыскартуулар  жөнүндө”

 

       

         Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык  Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше салыгынан план аткарылбагандыктан 1200,0 (бир миллион эки жүз миң) сом жана лицензиядан түшүүчү салыктан 378,7 (үч жүз жетимиш сегиз миң жети жүз) сом бюджеттин киреше жагынан кыскартылсын.

 

          2. Жогорудагы киреше бөлүгүнөн кыскарган 1578,8 (бир миллион беш жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз) сом чыгаша бөлүгүнөн төмөндөгүдөй кыскартылсын.

             -бала бакча бөлүмүнүн 3112 беренесинен                                          -168,7 миң сом

             -маданият бөлүмүнүн 2221 беренесинен                                             -50,0 миң сом

            -айыл чарба бөлүмүнүн 2221 беренесинен                                          -750,0 миң сом

            -бала бакча бөлүмүнүн 2211 беренесинен                                            -70,0 миң сом

           -орто мектеп бөлүмүнүн 2222 беренесинен                                         -113,0 миң сом

           -турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2222 беренесинен         -200,0 миң сом                                    

           -соц коргоо бөлүмүнүн 2721 беренесинен                                            -227,0 миң сом

 

               3.Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

 

              4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                Төрага:                                                                                                           З. Кадырбеков

 

  Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                                       14-октябрь, 2025-жыл                            № 63                                  Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                     Ак-Жар айылы

 

    Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн тогуз айынын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн акча каражаты  жөнүндө”

 

         Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык  Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айынын жыйынтыгы менен айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынан кошумча түшкөн 200,0 (эки жүз миң) сом жана калктуу конуштун жеринин ижара акысынан кошумча 100,0 (жүз миң) сом жалпы 300,0 (үч жүз миң) сомго план алууга макулдук берилсин.

 

  1. Кошумча жеткирилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 300,0 (үч жүз миң) сом М.Кулуев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын сыртын шыбатууга жумшалсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                                                             З. Кадырбеков

 

  Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                               14-октябрь, 2025-жыл.                                     № 64                                  Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                    Ак-Жар айылы

 

Большевик айылынын аталышын “Биримдик” айылы деп өзгөртүү боюнча элдик жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө

 

          Кара-Шоро айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым административдик-аймактык бирдиктеринин аталышын өзгөртүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, айылдын аталышын өзгөртүү боюнча өткөрүлгөн  элдик жыйындын протоколун карап чыгып жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Большевик айылынын аталышын “Биримдик” айылы деп өзгөртүү боюнча 2025-жылдын 23-сентябрындагы элдик жыйындын протоколу бекитилсин.

 

  1. Элдик жыйында сунушталгандай, айылдын учурдагы “Большевик” аталышы “Биримдик” деп өзгөртүлсүн.

 

  1. Бул токтом жана элдик жыйындын протоколу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына бекитип берүү үчүн жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “мыйзамдуулук адам укугу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 Төрага                                                                                                                          З.Кадырбеков

 

  Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                              14-октябрь, 2025-жыл.                                     № 65                                  Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                  Ак-Жар айылы

“Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №16 токтомуна өзгөртүү жана  толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

 

           Кара-Шоро айылдык кеңеши айыл аймактагы муктаждыкты жана зарылчылыкты эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана тиешелүү укуктук актыларга ылайык, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жусупбековдун Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №16 токтомуна өзгөртүү жана  толуктоолорду киргизүү сунушун угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кара-Шоро айылдык кеңешинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №16 токтомунун 1 пунктундагы “Ак-Жар айылынын чыгыш тарабындагы Катыраңкы участкасынын ички жайытындагы №226- контурунан таштанды таштоочу жай куруу максатында 2га жер аянты бөлүнүп берүүлүсүнө макулдук берилсин” деген сүйлөм, “Ак-Жар айылынын чыгыш тарабындагы Катыраңкы участкасынын ички жайытындагы №224- контурунан таштанды таштоочу жай куруу максатында 2га жер аянты бөлүнүп берүүлүсүнө макулдук берилсин” деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзомөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “социалдык маселелер жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                                                                   З. Кадырбеков

 

  Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                              14-октябрь, 2025-жыл.                                     № 66                                  Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                   Ак-Жар айылы

 

Кара-Шоро айыл аймагында жайгашкан ЗАО “Альфа Телеком” жана ЖЧК “Терра Компани” (билайн) мобилдик станциялары курулган жерлерге ижара акысын бекитип берүү жөнүндө.

        Кара-Шоро айыл аймагында жайгашкан ЗАО “Альфа Телеком”жана ЖЧК “Терра Компани” (билайн) мобилдик станциялары орнотулган жер аянттарынын ижара акысын бекитип берүү туралуу айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевдин сунушун угуп, талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ

            1. Кара-Шоро айыл аймагында ЗАО “Альфа Телеком” жана ЖЧК “Терра Компани” мобилдик байланыш станциялары орнотулган жер аянттарынын ижара акысын айына 10 000  ( он миң) сом                                өлчөмүндө бекитилсин.

           2. Ижара акысынын каражаттары айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине түшсүн жана социалдык инфраструктураны жакшыртууга жумшалсын.

           3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “финансы жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Төрага:                                                                                                                        З. Кадырбеков

 

 

  Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                                 14-октябрь, 2025-жыл.                                     № 67                                  Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                      Ак-Жар айылы

Большевик  айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө.

 

          Кара-Шоро айылдык кенеши   Большевик айылынын  тургундарынын 2021-жылы салынып башталган турак жайлары жер мунапысына кирбей калгандыгы боюнча арызын жана элдик жыйындын протоколун карап талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Элдик жыйындын чечими менен 2021-жылы Кадырбеков Бекназар, Суранова Дамира, Азимбай кызы Гүлнара турак жайларынын пайдубалын кургандыктары аныкталды. Ошондуктан комиссиянын кароосуна кайрадан сунушталсын.

 

            2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке милдеттендирилсин.

 

           3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  Төрага:                                                                                                                        З. Кадырбеков

 

 

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  IX сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                                        14-октябрь, 2025-жыл.                          № 68                                  Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                    Ак-Жар айылы

 

    Какыр айылындагы К.Кадыралиев атындагы ички көчөгө асфальт төшөөгө өздүк салымды кароо жөнүндө

 

                                 Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевдин сунушун талкуулап Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Какыр айылындагы К.Кадыралиев атындагы ички көчөгө асфальт төшөөгө стим грант проектисине өздүк салым жумшоого макулдук берилсин.

 

          2. Какыр айылындагы К.Кадыралиев атындагы ички көчөгө асфальт төшөөгө 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымга 1 403 748 (бир миллион төрт жүз үч миң жети жүз кырк сегиз) сом                    бекитилсин.

          3. Өздүк салымга бекитилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине 1 403 748  (бир                              миллион төрт жүз үч миң жети жүз кырк сегиз) сом  жумшалсын.

  1. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                                                            З.Кадырбеков

 

  Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын

 

ТОКТОМУ

                                                                                           14-октябрь, 2025-жыл.                                       № 69                                Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                  Ак-Жар айылы

 

Большевик айылынын тургуну Дүйшеев Калыбайдын  арызын кароо жөнүндө

 

          Кара-Шоро айылдык кеңеши Большевик айылынын тургуну К.Дүйшеевдин жеке турак жай салууга берилген 0,45 га жер тилкесинин 0,06 га аянтына нан жаап сатуу үчүн чакан иш кана куруп калкты тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча сунушун угуп талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы идентификациялык коду 5060110020510 сандуу К.Жуманазаров көчөсүнүн № 51А дарегинде жайгашкан Дүйшеев Калыбайга жеке турак жай салу үчүн берилген 0,45га жер тилкесинин 0,06 га аянтына, чакан иш кана куруу жана жердин багытын калкты тейлөөгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

            2. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү Өзгөн райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

 

            3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                        З.Кадырбеков

 

 

                                                                                                      Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясынын

 

                                                                                                                                                                   ТОКТОМУ

                                                                                          16-декабрь, 2025-жыл.                                      № 70                                 Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                Ак-Жар айылы

 

                                                                                                     Какыр айылынын тургуну М. Акматжановдун арызын кароо жөнүндө

 

             Кара-Шоро айылдык кеңеши Какыр айылынын тургуну Акматжанов Маратка жеке турак жай салууга берилген 0,08 га жер тилкесинин 0,02 га аянтына азык-түлүк сатуучу дүкөн куруп калкты тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча сунушун угуп талкуулап

 

                                                                                                                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

 

             1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылындагы идентификациялык коду 5060110030031 сандуу М.Кадыралиев көчөсүнүн №51 дарегинде жайгашкан Акматжанов Марат Нурпазыловичке                  жеке турак жай салу үчүн берилген 0,08 га жер тилкесинин 0,02 га аянтына, азык-түлүк сатуучу дүкөн куруу жана жердин багытын калкты тейлөөгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

           2. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү Өзгөн райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.

 

          3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                                       З.Кадырбеков

 

 

                                                                                                                Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясынын

 

                                                                                                                                                                       ТОКТОМУ

                                                                                                16-декабрь, 2025-жыл.                                    № 71                                 Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                     Ак-Жар айылы

 

                            Жергиликтүү бюджеттин транспорт жана жер салыктарына коюлган планды кыскартып ордун максаттуу грант менен толуктоо жөнүндө.

           Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы

                                                                                                                                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин айыл чарба жерлеринин мүлк салыгы жана транспорт мүлк салыктарына 2030-жылдын 31-декабрына чейинки бошотуу жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин жер салыгы 583 900 (беш жүз сексен үч миң тогуз жүз) сом жана транспорт каражатынын салыгы 980 200 ( тогуз жүз сексен миң эки жүз) сомду түзгөн. Жалпы 1 564 100 ( бир миллион беш жүз алтымыш төрт миң бир жүз) сом жергиликтүү бюджетинен кыскартылып, орду максаттуу грант менен толукталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                                                                З.Кадырбеков

 

 

 

                                                                                                             Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясынын

 

                                                                                                                                                                  ТОКТОМУ

                                                                                               16-декабрь, 2025-жыл.                                № 72                                Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                 Ак-Жар айылы

 

                                                                                               Ваучерге кабыл алынган балдардын тамак ашына акча каражат бөлүү жөнүндө

          Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомунун негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Шоро айылдык кеңеши

                                                                                                                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

         1. Кара-Шоро айыл аймагында жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук негизде, ваучерге кабыл алынган балдардын тамак-                     ашына бөлүнгөн акча каражаттан, ар бир балага айына 1500 (бир миң беш жүз) сомдон каралып, бөлүнүп берилсин.

         2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.

         3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

       Төрага:                                                                                                                    З. Кадырбеков

 

 

                                                                                                         Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын

 

                                                                                                                                                                      ТОКТОМУ

                                                                                                 30-декабрь, 2025-жыл.                                  №  73                                Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                    Ак-Жар айылы

 

                                                     Аукцион аркылуу берилген жер тилкелеринин баасын төмөндөтүү боюнча жарандардын арыздарын кароо жөнүндө

           Кара-Шоро айыл аймагында 2024-жылы өткөн аукциондон жарандардын утуп алган жерлери боюнча жазган арыздарын карап, талкуулап чыгып Кара-Шоро айылдык кеңеши

                                                                                                                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

          1. Кара-Шоро айыл аймагындагы 2024-жылы аукциондун жыйынтыгы менен жер тилкесин утуп алган, бирок келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөмдү толук жүргүзбөгөн жарандардын жер тилкесин                  мындан кийин пайдалануусу аукциондун өзүнүн жобосуна ылайык каралсын.

          2. Аукциондон утуп алып төлөмдөрүн аткарбаган жарандар иштетип жаткан жеринен баш тартса ошол жерлерди айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор жарандарга берүү жагы                каралсын.

          3. Токтомдун аткарылышы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча жетектөөчү адиси А.Жусупбековго милдеттендирилсин.

          4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы, айыл чарбасына кирбеген жерлердин пайдаланышы, жакынкы алыскы жайыттар боюнча” туруктуу комиссиясына                 жүктөлсүн.

 

                 Төрага:                                                                                                                                       З. Кадырбеков

 

                                                                                                                Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясынын

 

                                                                                                                                                                    ТОКТОМУ

                                                                                                30-декабрь, 2025-жыл.                                 №74                                 Өзгөн району

                                                                                                                                                                                                                Ак-Жар айылы

 

                                                                                                          Милициянын таяныч пунктун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

                 Айыл аймакта коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусун карап чыгып Кара-Шоро айылдык кеңеши

                                                                                                                                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу Кара-Шоро айыл аймагына милиция пунктун куруу үчүн Мырза-Аке- Кара-Шоро авто жолунан Семиз-Көл айылына бурулган жерден болжолдуу аянты 0,02га болгон жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

          2. Берилген жерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

          3. Керектүү иш кагаздарды бүтүрүү, тиешелүү төлөмдөрүн төлөө жагы Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылсын.

          4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы, айыл чарбасына кирбеген жерлердин пайдаланышы, жакынкы алыскы жайыттар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

  Төрага:                                                                                                           З. Кадырбеков

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген