Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясынын
ТОКТОМУ
24-январь, 2026-жыл. №75 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2026-жылга пландаштырылган бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана бюджет, экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2026- жылга пландаштырылган бюджетин бекитүү сунуштарынын негизинде Кара-Шоро айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 2026- жылга Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 37546,5 (отуз жети миллион беш жүз кырк алты миң беш жүз ) сомго бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн 2027- 2028- жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2027- жыл үчүн 39887,5 (отуз тогуз миллион сегиз жүз сексен жети миң беш жүз) сом, 2028- жыл үчүн 42447,5 ( кырк эки миллион төрт жүз кырк жети миң беш жүз) сом жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
- 2026- жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенттиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы -айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 (жүз) пайыз өлчөмүндө;
б) сатуулардан түшкөн салык- айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 25 (жыйырма беш) пайыз өлчөмүндө;
в) ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, бирдиктүү салык – айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 (жүз) пайыз өлчөмүндө;
г) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендери (алтын, мунай зат, газ) кошпогондо -кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын бюджетине 50 (элүү) пайыз өлчөмүндө;
д) жер казынасын пайдаланууга укук берүү үчүн жыйым -айыл аймагынын бюджетине 7 (жети) пайыз өлчөмүндө;
е) жергиликтүү маанидеги инфра түзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү кендери иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20 (жыйырма) пайыз өлчөмүндө;
- Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
- Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2024-2026- жылдарга теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын 1 (бир) пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнө 2026-2028- жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) жумшалсын. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 375,5 (үч жүз жетимиш беш миң беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2026-жылдын 1-январына карата 30,0 (отуз миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
- Кара-Шоро айыл аймагы, табигый кырсыктар коркунучу бар жерде табийгат кырсыктардын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
- Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б) үчүн акча каражаты каралсын.
- Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
- Айыл өкмөттүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдин негизинде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
- Айыл аймагында балдар бакчасында тарбияланган балдардын тамак-ашына, балдар бакчасынын коммуналдык кызматтарына (көмүр), курулуштарды ремонттоо жана айыл чарба буюмдарына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.
- Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясынын
ТОКТОМУ
24-январь, 2026-жыл. №76 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн 2025-жылда пайдаланылбай калган бюджетинин калдыгы жөнүндө.
Кара-Шоро айылдык Кеңеши 2025-жылда пайдаланылбай калган калдыкты Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 44-беренесине ылайык 2026-жылда бюджетти бекитүүдө ар бир мектептин көйгөйлүү маселелерине, коммуналдык кызматтарына, отун алууга, региондорду өнүктүрүү фонддору биргелешкен долбоорлорду, социалдык инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорду каржылоону максаттуу пайдалануусун талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Айыл өкмөтүнүн ишинин негизги багыты бюджетти көтөрүү, донор уюмдар, өнүктүрүү фондтору жана инвесторлор менен тыгыз кызматташып, долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы уюштуруу иштеринде болсун.
- Кара-Шоро айыл өкмөтүндө 2025-жылдан пайдаланылбай калган бюджеттен 2782,8 (эки миллион жети жүз сексен эки миң сегиз жүз) сом акча каражаттарын төмөндөгүдөй жумшалуусуна макулдук берилсин.
– Жетим балдар үйүнүн сметалык долбоорун жасатууга эски жылдан карызга – 150000 ( бир жүз элүү миң) сом
-Какыр айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым үчүн – 500 000 ( беш жүз миң) сом
-Какыр айылындагы кичи футбол аянтчасынын айланасын тыныке менен тосууга – 300 000 ( үч жүз миң) сом
– мектептерге спорт шаймандарын алууга – 70 000 (жетимиш миң) сом
– Айзирек-Нуру балдар бакчасынын ремонтуна – 100 000 (бир жүз миң) сом
– Токтосун Ата балдар бакчасына тоңдургуч алууга – 35 000 ( отуз беш миң) сом
– жолдорду сүрүүгө – 100 000 (бир жүз миң) сом
– Толгонай эне балдар бакчасына – 200 000 ( эки жүз миң) сом
– Жаныбек Казы мектебинин дарбазасына- 90 800 ( токсон миң сегиз жүз) сом
– Чалк-Өйдө, Шамал-Терек, Семиз-Көл айылдарына шагылга – 200 000 (эки жүз миң) сом
– Большевик айылына жарыктандырууга – 37 000 ( отуз жети миң) сом
– Какыр айылынын жолун асфальттоого долбоорго өздүк салым – 1 000 000 ( бир миллион) сом.
-Бала бакча бөлүмүнүн ата энелер төлөмү атайын каражаттан 119 986 (бир жүз он тогуз миң тогуз жүз сексен алты) сом 2025-жылдан үнөмдөлгөн калдык акча каражаты бала бакчалардын керектүү буюмдарын сатып алууга жумшалсын.
3. Айылдардын инфраструктурасын жана социалдык маселелерин жакшыртууга карата максаттуу пайдаланылуусуна айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков
Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясынын
ТОКТОМУ
24-январь, 2026-жыл. №77 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата пландалган бюджетин бекитип берүү жөнүндө.
Кара-Шоро айылдык Кенеши “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата малдын санына, жайыт аянтынын арендалары, таза суу, сугат суу төлөмдөрү жана техникалык кызмат көрсөтүү боюнча каражаттарынын негизинде пландаштырылган бюджети боюнча маалыматын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата пландаштырылган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 5831,4 (беш миллион сегиз жүз отуз бир миң төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- 2026-жылдын төлөм тарифтери төмөндөгүчө бекитилсин.
- Жайыт акысы кой- эчкиге 40 (кырк) сом, мал, жылкыга 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө, ички жайытка акысы кой- эчкиге 10 (он) сом, мал, жылкыга 50 (элүү) сом.
- Сугат суу пайдалануу үчүн 1 га айдоо аянтына 1500 (бир миң беш жүз) сом, 1 га шалы айдоо аянтына 2500 (эки миң беш жүз) сом.
- Ичүүчү таза суу бир түтүнгө көчөдөгү крандан пайдалангандар үчүн 150 (бир жүз элүү) сом, короодон пайдалангандарга 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.(Ар бир айга)
- Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалангандар үчүн ар бир сотых жерге 150 (бир жүз элүү) сом өлчөмүндө төлөнсүн.
- Өзгөн токой чарбасы жана “Кара-Шоро Улуттук Паркы” жайыттарына Кара-Шоро айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары келишимдин негизинде чыгып, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жайыттарын келишимсиз кошо пайдалангандыгына байланыштуу жайыт төлөмдөрүнүн 50 пайызы Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясынын
ТОКТОМУ
24-январь, 2026-жыл. №78 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасына жер тилкесин иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кара-Шоро айылдык Кенеши “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д.Эсенкуловтун кайрылуусун карап талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылындагы Мамадан участкасындагы 7га кайрак айдоо жер тилкесин “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасына чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте 5 жылга пайдаланууга макулдук берилсин.
- Айыл өкмөтү менен муниципалдык ишкананын ортосунда ижара келишими түзүлсүн.
- “Тилекматов Токтосун Ата” муниципалдык ишканасына жер тилкесин максаттуу пайдалануу, ижара акысын төлөө милдети жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбачылыгы, айыл чарбасына кирбеген жерлердин пайдаланышы, жакынкы алыскы жайыттар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясынын
ТОКТОМУ
24-январь, 2026-жыл. №79 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждык өсүп жаткандыгын, калктын санынын көбөйүшүн жана балдарды бала бакчага жайгаштыруу зарылдыгын эске алып, Большевик айылындагы С.Эшматов мектебинин эски жер аянтынан жаңы ачылган “Толгонай эне” бала бакчага жер бөлүп берүүгө жана Шамал-Терек айылындагы мечиттин имамынын кайрылуусун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы орто мектебинин эски имараты жайгашкан жалпы 1,0га жер аянтынан жаңы ачылган “Толгонай эне” бала бакчасына 0,22га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Шамал-Терек айылындагы ФАПтын жайгашкан короо жайынан жалпы аянты 0,12га жердин ичине курулган мечитке 0,035га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ажыратылып берилген жер тилкесинин тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Мыйзамдуулук, жаратылышты коргоо, закондуулукту сактоо, адам укугун коргоо жана үй-бүлөөлүк маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясынын
ТОКТОМУ
24-январь, 2026-жыл. №80 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Турак жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкесинин аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн турак жай комиссиясынын кайрылуусунун негизинде турак жай куруу максатында берилүүчү жер тилкесинин өлчөмүн аныктоо маселесин карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Шоро айыл аймагында калктуу конуштан жарандарга турак жай салууга берилүүчү жер тилкесинин өлчөмү 0,08га болуп бекитилсин.
- Айыл аймагындагы жарандардын өзүнүн мыйзамдуу менчик укугундагы мамлекеттик актыдан сырткары көп жылдан бери ашыкча пайдаланып жүргөн жеринен бир уулуна же кызына жер тилке бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
- Андан ашыкча болгон жер тилкеси айыл аймагындагы турак жайга муктаж болгон үй бүлөөлөргө берилүү жагы эске алынсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Мыйзамдуулук, жаратылышты коргоо, закондуулукту сактоо, адам укугун коргоо жана үй-бүлөөлүк маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясынын
ТОКТОМУ
24-январь, 2026-жыл. №81 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Ваучердик негизде бала бакча ачууга макулдук берүү жөнүндө
Айыл аймагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарына болгон муктаждыкты азайтуу, ата-энелердин социалдык муктаждыктарын эске алуу жана Кара-Шоро айылдык кеңешинин депутаты А.Абдукаримованын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Большевик айылынын тургуну Абдукаримова Арууке тарабынан берилген өтүнүч кат канааттандырылып, менчик үй шартында ваучердик негизде бала бакча ачууга жана бала бакчанын аталышы “Кубаныч” мектепке чейинки билим берүү уюму деп аталуусуна макулдук берилсин.
- Бала бакча айыл аймагында жашоо шарты оор, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн ваучер аркылуу каржыланган балдарды кабыл алсын.
- Бала бакчанын санитардык нормаларын, өрт коопсуздугун жана балдардын коопсуздук талаптарын толук аткаруу жагы А.Абдукаримовага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков

Кара- Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясынын
ТОКТОМУ
24-январь, 2026-жыл. №82 Өзгөн району
Ак-Жар айылы
Таштанды таштоочу жай курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши Кара-Шоро айыл аймагынын Большевик айылынын тургундарынын суроо талабын аткаруу максатында, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Большевик айылындагы №177 контурунан таштанды таштоочу жай куруу максатында 1,5га жер аянты бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сатыбалдыевке сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Шоро айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: З. Кадырбеков
